Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Дагестанда "Свобода" радиосунун кабарчысы беш суткага камалды


Юлия Вишневецкая
Юлия Вишневецкая

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Юлия Вишневецкаяны Дагестанда сот беш суткага камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Аида Касимова билдирди.

Вишневецкая 26-сентябрда Махачкала шаарында мобилизацияга каршы митингди чагылдырып жүргөндө ондогон адам менен кошо кармалган. Сот аны уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн күнөөлүү деп тапты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай журналистти токтоосуз бошотууга чакырды.

"Юлия болгону чындыкты орус элине жеткирүү менен өз ишин аткарып жаткан. Ал токтоосуз бошотулушу керек",- деди Флай.

Вишневецкаядан тышкары ошол эле митингде Идрис Юсупов жана Сергей Айнбиндер аттуу эки журналист камалып, 17 сааттан кийин бошотулган. Юсупов полицияда уруксатсыз митингге катышкан деген негизде жүздөй адам кармалып турганын айткан.

26-сентябрда Махачкалада Орусияда жарыяланган мобилизацияга каршы жүздөгөн адам, негизинен аялдар митингге чыккан.

Украинага кол салгандан кийин жоготууну толтуруу максатында жарыяланган мобилизация орус жарандарын жапырт сыртка качууга мажбур кылды. Ушул тапта Казакстандын, Грузиянын жана Армениянын чек арасында узун кезек пайда болду.

Орусиянын ондогон шаарларында каршылык акцияларына чыккан үч миңдей киши кармалды.

XS
SM
MD
LG