Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

ЕБ "Түндүк агым" газ куурундагы жарылууну кокустук эмес деп эсептейт


Деңизге газ чыгып жаткан жер. Дания. 27-сентябрь, 2022-жыл.
Деңизге газ чыгып жаткан жер. Дания. 27-сентябрь, 2022-жыл.

Евробиримдиктин эсебинде, "Түндүк агым" куурларынан газдын сыртка атылышы кокустук эмес, "атайылап жасалган иш" болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель билдирди.

"Евробиримдик "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларында болгон аварияга терең тынчсызданууда. Андан улам Балтика деңизине газ чыгып кеткен. Бул кокустук эмес жана баарыбызга тиешелүү окуя", - деди Боррель.

Андан мурда Швеция менен Даниянын сейсмологдору газ атылган жерлерде жардыруу катталганын маалымдашкан. Мындан улам швед полициясы иликтөө ишин баштады. Окуя Европа ансыз да энергетикалык кризиске кептелип жаткан маалга туш келди.

26-сентябрдын кечинде "Түндүк агым-2" жана "Түндүк агым-1" газ куурларында авария болгону аныкталган. Көп өтпөй Борнхольм аралынын жанында үч куурдан тең Балтика деңизине газ куюлганы маалым болгон.

Украинанын президентинин кеңешчиси Михайло Подоляк газ куурларындагы аварияны "Москва уюштурган террордук акт" деп атады. Анын Твиттерге жазган билдирүүсүнө ылайык, Орусия муну менен "Европадагы экономикалык кырдаалга дагы бүлүк салгысы келет".

Даниянын өкмөтү билдиргендей, газ дагы бир жумадай сууга атылышы мүмкүн. Газ куурдун курулушуна Европа менен бирге миллиарддаган долларларды сарптаган Орусия окуя боюнча тынчсызданып жатканын билдирди. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 27-сентябрда билдиргендей, муну атайын кимдир бирөө уюштурушу мүмкүн.

Москва Европага "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу көгүлтүр от экспорттоону кыскартып, кийин такыр токтотуп салган. "Түндүк агым-2" куурунун курулушу жакында эле аяктаганы менен Германия бул түтүк аркылуу газ импорттоо планын токтотуп койгон. Толук кандуу иштебесе дагы эки куурда тең газ бар болчу.

Газ куурларын иштеткен Nord Stream AG компаниясы 27-сентябрда билдиргендей, система кайра качан калыбына келери белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG