Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Москва: кыргыз элчилиги полициянын мигранттарга опузасын териштирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында жолдо полициянын мигранттарга жасаган мамилесине байланыштуу окуяны териштирип жатат.

Элчилик тараткан маалыматта "Москванын райондорунун биринде жол-кайгуул кызматынын өкүлү чет өлкөлүк жаранга адепсиз сөздөрдү айтып, анын аскер комиссариатына барышын талап кылган окуянын чоо-жайы такталып, ага кабылган мигрантардын тек-жайын аныктоо жүрүп жатат. Кыргыз жарандарынын бул окуяга кабылганы ырасталса, элчилик алардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого байланыштуу тиешелүү чараларды көрөт", -деп жазылган.

Мунун алдында социалдык тармактарда жолдо полициянын мигранттарга орой сөздөрдү айтып, кемсинтип, аларды аскер комиссариатына барышын, коргошун талап кылып жатканы тартылган видео тараган. Анда бул окуяга кабылган мигранттар кыргыз жараны экени тууралуу маалымат чыккан.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизация кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда Орусияда убактылуу иштеп же окуп жүргөн кыргыз жарандары мобилизацияга тартылбай турганы, ал эми орус жарандыгы барлар аскерге чакырылары айтылган.


Орус жарандыгы барлар арасынан биринчи кезекте аскерге запастагылар жана буга чейин аталган өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөр, тийиштүү адистикке жана тажрыйбага ээ адамдар мобилизация болору белгиленген.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандыктар Орусиянын гана жараны болуп эсептелерин 23-сентябрда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирген. Элчилик кабарлагандай, Кыргызстандын Орусия менен кош жарандыкты таануу жөнүндө келишимдери же макулдашуулары жок.

21-сентябрда орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды этият болууга чакырган жана эгер согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин, чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышса жоопко тартыла турганын эскерткен.

Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 500 миңден ашууну орус жарандыгын алганы Жогорку Кеңештеги жыйындардын биринде айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG