Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

ЖК чек арага байланыштуу кайрылуу кабыл алат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 29-сентябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууга байланыштуу кайрылуу кабыл алат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Шаршембидеги сессияда Баткенге барып келген депутаттардын маалыматы жабык каралган.

Бул жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутаты Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин айыптады. Ал буга байланыштуу төрагага кайрылып, анын аракетине укуктук баа берилиши керектигин айтты.

Парламент 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну жабык караган. Айрым ишенимдүү булактардын билдиришинче, анда Ташиев чек арадан улам сын айткандарды Баткенге барууга чакырып, депутаттарга курал дагы тараткан. Ал жыйында кайым айтышуу да орун алган. Спикер Талант Мамытов ошол жерден кызматын убактылуу өткөрүп берерин билдирген жана төрага баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен.

Парламенттин басма сөз кызматы Мамытов кызматына ушул аптадан тарта кайра кайтканын билдирген.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG