Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Евробиримдик Болот Темировду актаган сот чечимин кубаттады


Европа Биримдигинин желеги.
Европа Биримдигинин желеги.

Европа Биримдиги кыргызстандык иликтөөчү журналист Болот Темировго коюлган айыптоолордон актаган соттун чечимин кубаттады.

"Биз Кыргызстандын өкмөтүн адам укуктары жаатындагы улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, тиешелүү даттануу процессинде акыйкат соттук териштирүүнү камсыз кылууга чакырабыз", - деп айтылат Евробиримдиктин 29-сентябрда тараткан билдирүүсүндө.

Евробиримдик журналисттердин сөз эркиндигин жана жеке коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.

Мурдараак Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчилиги да журналистке карата чыккан сот чечимин кубаттаган.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзат жана паспорт иши боюнча актаган. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген жок.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңгизат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголгон. Тергөөнүн материалдарында журналисттин аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган. Журналист өзү бул иштерди анын ишмердигине тоскоолдук кылуу катары баалаган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров Ютубка жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. Анын ишин кароо уланып жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG