Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

УКМК Алтынбек Сулаймановдун кармалганын четке какты


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Алтынбек Сулаймановдун кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Мунун алдында социалдык тармактарда анын камалганы тууралуу маалыматтар чыккан. Айрым басма сөз каражаттары Сулайманов бир суткадан бери УКМКда сурак берип жатканын жазышкан.

Сулаймановдун айрым партиялаштары, санаалаштары аны менен байланыша албай жатканын билдиришүүдө.

Алтынбек Сулайманов 27-сентябрда кызматтан кеткенин жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкенин билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сулаймановдун реформа тууралуу дооматына аймактык реформа бир заматта эле боло калбай турганын, бир жылдан бери долбоору даярдалып жатканын айтып, жооп кайтарган.

49 жаштагы Сулайманов бул кызматка быйыл 24-февралда дайындалган.

Ал саясатка келгенге чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке барган. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясын, 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Соңку жылдары ал шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкарууну бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG