Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

ЖКда министр Бейшеналиев кармалганынан улам маселе көтөрүлдү


Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу маселе көтөрүлдү. "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев министрдин пара менен кармалды делген видеосу музыка менен шөкөттөлүп, коомчулукка таратылганын сынга алды жана буга байланыштуу өкмөткө кайрылды.

"Кыргыз коомчулугунда чоң, резонанстуу иш болду. Мен Министрлер кабинетине кайрылайын деп жатам. Эгер кайсы бир министр пара талап кылып, акча алган болсо ал жазасын алышы керек. Бирок видеого тартып, музыка коштоп, бизнесмендерди, министрлерди кармаганды качан токтотобуз? Билим берүү министри пара менен кармалган күндө дагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик идеология болушу керек да. Бүгүн эртең менен миниистрдин колун кайрып кармап кеткенин көргөн миңдеген мугалимдин маанайы түштү. Пара алган, акча алган күндө дагы, аны чакырып туруп, аны видеого тартып, музыка коштоп шоу кылып чыгарбай эле "ката кетирдиң, жумушуңдан кет" десе болот эле да. Ошол мугалимдер шалдайып отуруп калды, алар азыр кантип барып балдарга акыл үйрөтөт?",-деди депутат.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Эмил Токтошев дагы министр кармалган окуя дыкат иликтениши керектигин айтып, төрагага кайрылды. Спикер Талант Мамытов прокуратурага протоколдук тапшырма берилерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалган жагдай тууралуу кабардар экенин анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын белгиледи.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 28-сентябрда кечинде Бейшеналиев пара алуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анда "чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатканы",- жазылган.

ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалымат кийинчерек берилерин белгиленген.

Бейшеналиев жана анын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Бейшеналиев бул кызматка ушул жылдын февраль айында кайрадан дайындалган. Ага чейин, 2021-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Бейшеналиев экинчи ирээт министр болуп турганда билим берүү тармагында реформа жүргүзүүнү убада кылган. Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директорун алмаштыруу, жогорку окуу жайларды бириктирүү сыяктуу процесстер башталган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Бейшеналиев тараптан комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG