Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Акыйкатчы институту абакта журналистке күч колдонулганын ырастады


Камакта жаткан журналист, Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар бар экенин Акыйкатчы институту тастыктады. Тажибек кызы абак кызматкерлеринин орой мамилесине жана алардын кол көтөргөнүнө даттанган.

Камактагылардын дагы бири Каныкей Аранова да Акыйкатчынын атына арыз жазды. Атайын прокуратура окуяны каттап, текшерүү иштери башталды.

Буга чейин Жазаларды аткаруу кызматы Махабат Тажибек кызынын сабалганы тууралуу маалыматты четке каккан. Январь айында камакка алынган 11 журналисттин үчөө мартта үй камагына чыккан.

"Тажибек кызына күч колдонулган"

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 6-апрель күнү Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, ал жердегилерди кармоо шарты менен таанышкан. Институттун кызматкерлери тергөө абагына барган учурда ал жакта Атайын прокуратуранын жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү да болгон.

Алар тергөө абагында сабалганы айтылып жаткан журналист - Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен жолугушуп, анын камералаштары Н.Кудайбергенова, К.Аранова, абактын жетекчилери менен сүйлөшкөнүн Акыйкатчы институтунун адиси Эмил Жандаев "Азаттыкка" маалымдады.

Өз арызында Махабат Тажибек кызы абак кызматкерлери орой мамиле жасап, кол көтөргөнүн жазган. Жандаевдин айтымында, чырга 4-апрелде Тажибек кызы менен бир камерада отурган Кудайбергенованы башка камерага которуу аракети себеп болгон:

"5-апрелде абак кызматкерлери кайра келип, Кудайбергенованы башка камерага күчтөп котором деген. Аны жанындагы Аранова жана Тажибек кызы коргогон, натыйжада чыр чыккан. Тажибек кызы негизсиз күч колдонду деп түшүнүк кат берди. Биздин кызматкерлер тышкы кароо жүргүзгөн. Анда Махабат Тажибек кызынын эки колунда, сол жаагында, сол колтугунда көгала тактар бар экени аныкталды. Бул Тажибек кызына карата күч колдонулганын далилдейт. Бирок анын себептерин, кызматкерлердин аракетин тергөө аныктайт", - деди Жандаев.

Тажибек кызынын денесиндеги тактарды сүрөт, видеого тартууга абак кызматкерлери уруксат берген эмес, буга байланыштуу акт түзүлгөн. Акыйкатчы институтунан барган кызматкерлер менен жолугушууда журналист Махабат Тажибек кызы жана Каныкей Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып Акыйкатчынын атына арыз жазган. Мунун алдында Тажибек кызы ушундай эле арызды Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигине да жазганы белгилүү болгон.

Кыйноолорду алдын алуу борбору да жабыркаганын айткандардан үч арыз кабыл алган. Атайын прокуратуранын кызматкерлери бул маалыматтарды каттап, текшерүү башталганын кабарлады.

Акыйкатчы тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоону жана аларга күч колдонуунун негиздүүлүгүн тыкыр иликтөөгө чакырды.

Махабат Тажибек кызы - Temirov Live каналынын мурдагы жетекчиси, Орусияга күчтөп чыгарылган Болот Темировдун жубайы.

Темиров жубайы 20-мартта да прокуратурага арыз жазып, тергөө абагынын кызматкерлеринин бири анын аброюна шек келтирчү сөздөрдү айтып кыйкырганын жана басым жасаганын айтканын билдирди. Бул боюнча прокуратура текшерүү жүргүзгөн.

"Журналисттин көгала тактарын сүрөт, видеого тартууга уруксат берген эмес"

Журналисттин адвокаты Улан Сейитбеков 6-апрелде анын абалын көрүп чыкканын, Акыйкатчы институтуна көгала тактарды сүрөткө тартууга уруксат берилбегенинен улам тиешелүү органдарга арыз даярдап жатканын айтты.

Улан Сейитбеков
Улан Сейитбеков

"Дем алыш болуп калгандыктан Тажибек кызынын жаагы, колдорундагы көгаланы карата элекпиз, абалы орто. Бирок буга чейин да камакта отургандардын арасынан уюшкан кылмыштуу топтордун идеологиясын ага таңуулоо боюнча аракеттер көрүлүп, басым болгон. Биз бул боюнча прокуратурага кайрылып, текшерүүнүн жыйынтыгында биздин арызда көрсөткөндөрүбүз тастыкталбаганын билдирген. Буга чейин да 20-мартта жабык жайдын кызматкеринин орой мамилесинен улам Тажибек кызы арызданган. Бирок камакта "Алдамчылык" беренеси менен отургандардын бири аны коркутуп, кысым көрсөткөн. Бул боюнча да мен прокуратурага арыз жазгандан кийин, андай басым токтогон".

Адвокат Улан Сейитбеков 6-апрелде Акыйкатчы институтунун адистерине журналисттин денесиндеги тактарды сүрөткө тарттырбай коюу менен абак кызматкерлери мыйзам бузду деп эсептейт:

"Мыйзамды одоно түрдө бузуу болду. Маселен, мен жактоочу катары кирип жатканда чөнтөк телефонумду өткөрүп берем, бизде жаракаттарды сүрөт же видеого тартып алуу укугубуз жок. Бирок Кыйноолорду алдын алуу борбору менен Акыйкатчы институтуна мындай укуктар берилген, алардын мыйзамда каралган мандаты бар. Ал мандатка ылайык алар күнү-түнү бардык жабык жайларга кирип сүрөт, видео тарта алат. Андан сырткары Стамбул протоколунун негизинде жаракаттарын каттап алганга укуктуу. Мекеменин кызматкерлери буга жол берген эмес. Ошондуктан биз эми арыз даярдап атабыз".

"Жабык жайлардагы кыйноолордун баары ачыкка чыкпайт"

Жабык жайларда басым-кысымга, ур-токмокко кабылгандардын көбү окуяны ачык айтып чыкпайт деген оюн Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди:

Бакыт Рысбеков
Бакыт Рысбеков

"Маселени комплекстүү караш керек. Мисалы, Кыргызстанда бир топ мыйзамдар өзгөрүп кетти. Ошол өзгөртүүлөр киргизилип аткан кезде кандайдыр бир фактор түзүлүп калган болушу мүмкүн. Ошондуктан кызматкерлер өз ишине жоопкерчиликсиз карап, кызматтык эрежелерди одоно бузса да жазасын албай калып жатканы чоң маселе. Ачыгын айтканда, жабык жайларда болуп аткан окуялардын бардыгы эле сыртка чыга бербейт. Жабык жайлардын жетекчилери гана мекемеде болуп аткан кыймыл-аракеттин бардыгын билет. Бирок алар канчалык деңгээлде муну жогору тургандарга айтып жатат? Маселе ошондо. Тийиштүү жана мыйзамдуу чараларды канчалык деңгээлде көрүп атканын биз билбейбиз. Бирок кандай болгон күндө да Махабат Тажибек кызы кабылган окуя сыяктуу фактыларга өкмөт реакция жасап, кандайдыр бир чечкиндүү чараларга барышы керек".

"Мыйзам үстөмдүгү керек"

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев мыйзамдарда жабык жайларда отургандардын укугун коргоо каралганын айтты:

"Эгерде кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз иш-

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

аракеттер жасалган болсо, аларга карата иш козголуп, чара көрүлүшү керек. Ал эми журналисттер менен чогуу отургандарга карата мыйзамсыз иштер жүргөн болсо, жабык жайларда тартипти көзөмөлдөп тургандарга чара көрүлүшү керек. Айрым учурда камакта отургандар өздөрү чагым кылып же өз ара пикир келишпестик болгондон кийин кызматкерлерге жоопкерчиликти оодарып коюшу да мүмкүн. Кыргызстанда мыйзамдар ушул күнгө чейин толукталып, өзгөртүү киргизилип келген. Анда жакшы жоболор бар. Ошондуктан мыйзам үстөмдүгүн камсыздап, окуянын чоо-жайын аныктап чыкса болот".

"Иликтөөлөр үчүн жасалган басым"

Temirov Live каналынын мурдагы жетекчиси Болот Темиров бул окуяларда акыркы эки журналисттик иликтөө менен байланыштырды:

Болот Темиров
Болот Темиров

"Биз азыр окуяны талдап жатабыз. Биздин божомол боюнча бул - бийликтин бизден өч алуусу. Анткени 2-3 күн мурда президент Жапаровдун үй-бүлөсүнүн Миланга сапары жана ал жердеги эс алуусу жөнүндө иликтөө болгон. Андан кийин 5-мартта Камчыбек Ташиевдин коррупциядан түшкөн 100 млрд сом тууралуу айткандарын фактчек кылып чыккам. Анда мамлекеттин эсебине 551 миң сом гана түшкөнүн таап чыккам. Демек, жемкорлуктан түштү деген каражат өлкө казынасына түшпөйт. Мына ушул үчүн Тажибек кызына басым болуп атышы ыктымал. Бул биз үчүн өтө жаман көрүнүш. Кандай болгон күндө да биз иликтөөлөрүбүздү токтотпойбуз. Азыр биз Тажибек кызынын ден соолугу канчалык деңгээлде жабыр тартканын даана билбейбиз. Сүрөт жана видеого тарттырбаганына караганда, көгаласы көп, ал кыйналып жаткандай. 11 журналист камакка алынгандан бери алардын жакындары кезиге албай, сүйлөшө албай келет ушул күнгө чейин. Бир гана адвокат аркылуу сүйлөшүүлөр болууда".

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалган.

Мартта үч кызматкер ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Махабат Тажибек кызы баштаган сегиз кызматкердин камактагы мөөнөтү 13-майга чейин узартылган.

Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:07 0:00


ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG