Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

CPJ бийликти 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды


Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков. 9-апрель, 2024-жыл.
Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков. 9-апрель, 2024-жыл.

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Кыргызстанда камакта жаткан журналисттердин дагы төртөөнүн үй камагына чыгарылышы тууралуу билдирүү жасап, кыргыз бийлигин 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды.

Журналисттерди коргоо комитети бийлик тергөө абагындагы дагы төрт журналистти бошотуп, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштешине мүмкүнчүлүк бериши керек экенин билдирди.

“Temirov Live менен байланышы бар дагы төрт журналисттин бошотулушу - туура кадам. Бирок Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерин одоно бузууну улантууда”, - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.

9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ошентип, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камакка алынган 11 журналисттин төртөө – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта калды.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин Temirov Live редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG