Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Украина Орусиянын авиаборборуна жана ракеталык кемесине чабуул койгонун тастыктады


Андрей Юсов.
Андрей Юсов.

Украина Орусиянын авиациялык борборуна жана аскердик кемесине чабуул жасаганын тастыктады. Бүгүн 9-апрелде Орусиянын Воронеж облусунун түштүк-батышында жайгашкан авиациялык окуу борбору учкучсуз учактар менен бутага алынганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов билдирди.

"Толук маалыматты ачыктай албайбыз, бирок баштапкы кабарлар боюнча, ишкананын негизги өндүрүш имараты талкаланды", - деди Юсов.

Орусиялык айрым Telegram каналдар, мисалы, Baza, Украина менен чек арадан 255 чакырым аралыкта жайгашкан Борисоглебск шаарындагы авиациялык борбордун аймагына дрон чабуулу жасалганын, аларды ок атуучу курал менен атып түшүрүүгө аракет кылышканын, бирок учкучсуз учактардын экөө бутага жеткенин жазышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Белгород облусунда эки жана Воронеж облусунда да эки дронду атып түшүргөнүн маалымдаган, бирок авиаборбор тууралуу эч кандай билдирүү жасаган эмес.

Украинанын аскердик чалгын мекемеси Балтика деңизиндеги Калининград аймагында атайын операция жүргүзүп, орусиялык аскердик кемени талкалаганы да маалымдалды.

X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жарыяланган видеодон «Серпухов» ракеталык корветинин ичи өрттөнүп, бардык байланыш каражаттары жана автоматикасы жарактан чыгып жатканын көрүүгө болот.

«Буян-М» сериясындагы «Серпухов» кемеси пайдаланууга 2015-жылы берилген.

Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салгандан бери куралдын дээрлик бардык түрүнөн аткылап, адамдарын өлтүрүп, шаар-кыштактарын талкалап келе жатат. Былтыртан тартып Орусиянын өзүнүн аймактары түрдүү чабуулга көп кабыла баштады. Орус Коргоо министрлиги бул үчүн Киевди айыптап жатат, украин бийлиги дээрлик комментарий бербейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG