Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

9-апрель: Абактан чыккан журналисттер, “мекенчилдердин” иши, Казакстандагы сел


Президент Садыр Жапаров, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана “бейбаштыкка” шек саналып кармалгандар.
Президент Садыр Жапаров, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана “бейбаштыкка” шек саналып кармалгандар.

9-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Төрт журналист үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камалган 11 журналисттин төртөө – Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева тергөө абагында калды. Буга чейин Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Сапарбек Акунбеков бошотулган. Ички иштер министрлиги аларды 16-январда кармаган. Журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет.

Олжобай Шакирдин соту 18-апрелде уланат

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча да сот отуруму болду. Соттук жараянда мамлекеттик лингвистикалык эксперт Жийде Семенова суралганын адвокат Акмат Алагушев билдирди. Кийинки отурум 18-апрелге белгиленди жана анда дагы бир мамлекеттик эксперт, политолог Жанышбек уулу Азамат көрсөтмө берет. Шакир “өзүнүн онлайн митинг өткөрүү ниети мамлекетке, коомго зыян келтире турган идея болбогонун” ал “агрессиянын жактоочусу эмес” экенин билдирди. Былтыр 23-августтан бери тергөө абагында отурган Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылууда.

Президент “мекенчилдердин” иши тууралуу комментарий берди

Президент Садыр Жапаров Бишкекте “бейбаштыкка” шек саналып кармалган адамдар тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берди. Ал шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандар ким болсо да жоопко тартыларын, “мекенчилмин” деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айтты. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев кармалгандардын бири Азамат Марипов “үйлөнөм” деп 13 миң доллар алганын айтты. Бийликти колдогон билдирүүлөрү менен белгилүү Азамат Марипов “Каныбек Туманбаев ага "чагымчыл иштерди" кылып жатканын билдирген.

Төрөттөн дагы бир келин каза болду

Ош шаарында дагы бир келин төрөттөн каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди. Анын сөзүнө караганда, келин 25-мартта оор абалда Ош шаардык перинаталдык борборуна түшүп, 3-апрелде өзүнө келбей каза тапкан. Маркумдун жүрөгү ооруп жүргөнү аныкталган. Дарыгер кызынын абалы жакшырып келатканын кабарлады. Ачык булактардагы маалымат боюнча быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда алтынчы эне төрөттөн ажал тапты.

Газа: ХАМАС Израилдин сунушу каралып жатканын билдирди

ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу Израил ортомчулар аркылуу айттырып жиберген сунуш анын бир дагы талабына жооп бербей турганын билдирди. ХАМАСтын билдирүүсүндө сунуш «келишкис» деп сыпатталып, бирок аны карап чыгып, жообу ортомчулар аркылуу берилери маалымдалды. 7-апрелде Каирдеги сүйлөшүүлөргө Израилдин, ХАМАСтын өкүлдөрү катарлык, египеттик жана америкалык ортомчулар катышкан. Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, Газада согуш ачкан. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. Согушкерлер 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен. БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы анклавда 32 миңден ашуун кишинин каны төгүлгөнүн өткөн аптада билдирди.

Украинада ракета чабуулунан кеминде беш адам курман болду, ондогон киши жараат алды

Украинанын Куралдуу күчтөрү 20 учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Shahed согуштук дрондору Николаев, Одесса, Херсон, Днепропетров, Полтава, Винница жана Львов облустарын көздөй учурулган. Ал эми дүйшөмбү күнкү ракеталык чабуулдан Полтава облусунда бир кишинин өмүрү кыйылганын, жараат алгандар 12 киши, алардын экөө балдар экенин, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. 8-апрелде Орусиянын ракеталык чабуулуна Запорожье облусунда төрт киши каза болду, сегиз киши жараат алды, 14 имарат, анын ичинен оорукана жана маданий мекеме кыйрады.

Түркия Израилге айрым товарлардын экспортун чектейт

Түркиянын Соода министрлиги билдиргендей, 54 түрдүү категориядагы продукцияга, анын ичинде: темир, мрамор, болот, цемент, алюминий, жер семирткич, курулуш материалдары, авиациялык күйүүчү май жана башка товарларга чектөө коюлат. Чечим 10-апрелден баштап күчүнө кирет. Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац шейшембиде Анкара Тель-Авив менен болгон соода келишимдерин бир тараптуу бузганын белгилеп, Эрдоган ХАМАС радикал тобуна колдоо көрсөтүү үчүн Түркиянын экономикалык кызыкчылыктарын курмандыкка чалганын билдирди.

ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева менен жолугушту

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) расмий сайтына жарыялангандай, Отунбаева Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу жана аймакка жардам берүү иштери тууралуу айтып берген. Ал эми Тасмагамбетов ЖККУга мүчө өлкөлөр Ооганстандын көз карандысыз, согуштан, баңгизаттан алыс мамлекет болушун каалай турганын билдирген. 2021-жылы 15-августта “Талибан” кыймылы Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен. Кыргызстан “Талибан” өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

Казакстанда сел күйдүргүгө чалдыккан малдын сөөгү көмүлгөн жайларды да каптады

Казакстанда сел күйдүргүдөн жана башка ылаңдан кырылган мал көмүлгөн атайын жайларды да каптап жатканы тууралуу маалыматты өлкөнүн Айыл чарба министрлиги тастыктады. Министрликтин расмий өкүлү Олжас Тлебалдин аталган аймактарда эпизотикалык абал туруктуу экенин билдирди. Ал жалпысынан 1013 баш малдын сөөгү көмүлгөнүн айтты. Анын айтымында, күйдүргүдөн өлгөн мал өрттөлүп, күлү бетондолгон атайын саркофагга салынып, дезинфекциялоочу каражаттар кошулуп, герметикалык ыкма менен көмүлөт. Быйыл сел каптай баштагандан бери Казакстанда көптөгөн айылдарда өзгөчө кырдаал жарыяланды, калкы башка жактарга убактылуу көчүрүлдү.


"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG