Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Садыр Жапаров кармалган “мекенчилдер” боюнча комментарий берди


Садыр Жапаров планшети менен. Февраль, 2024-жыл
Садыр Жапаров планшети менен. Февраль, 2024-жыл

Президент Садыр Жапаров Бишкекте “бейбаштыкка” шек саналып кармалган адамдар тууралуу 9-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди. Ал шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандар ким болсо да жоопко тартыларын, “мекенчилмин” деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айтты.

“Кийинки убакта мен “мекенчилмин” деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн CМС билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: “Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө” деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин: “Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап” деп”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы эч кимдин атын ачык атаган эмес. Журналист “Бул кармоо менен жакында эле алар ооз ачарга барып анан жашыруун камера, тыңшоочу аппаратура таап алышы менен байланышы барбы? Ал жерге камера орнотуп жаткандардын беттери көрүнүп калган тасма тарап “бийлик атайын камера коюп, мекенчилдерге каршы иштеп атат” деп чыгышты. Андагылардын бири Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экени айтылууда?” деген суроо берген.

Садыр Жапаров бул окуяга бийликтин тиешеси жок экенин, ал териштирилерин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, 7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, 6-апрелде тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында арыздануучyнун башы жабыркап, мээси чайкалып, астыңкы эрини жырылып кеткени аныкталган.

Бул боюнча кылмышка шек саналып, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция берген инициалдардын ичинен М.А. Азамат Мариповдун, И.И. Илимбек Исраиловдун аты-жөнүнө туура келет. Марипов буга чейин “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып видео кайрылуу кылган.

Азамат Марипов Фейсбуктун активдүү колдонуучусу жана социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG