Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Кыргызстанда төрөттөн дагы бир келин каза болду


Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 3-апрелде 30 жаштагы дагы бир келин төрөттөн каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын сөзүнө караганда, келин 25-мартта оор абалда Ош шаардык перинаталдык борборуна түшүп, 3-апрелде өзүнө келбей каза тапкан.

“Келиндин жүрөк оорусу да бар экен. Ичиндеги балага 33 жума болуптур. Түйүлдүктөгү баланы аман алып калыш үчүн кесарево кылышып, 2 килограмм 350 грамм салмактагы кыз төрөлдү. Дарыгерлер бардык күчүн жумшаганына карабай, келин 25-марттан 3-апрелге чейин реанимацияда жатып каза болду. 6-апрелде ымыркайдын абалы жакшырды. Салмагы чоңоюп жатат”, - деди ал.

23-мартта Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы келин төрөттөн көз жумган. Анын өлүмү боюнча иликтөө башталган.

Ачык булактардагы маалымат боюнча, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда алтынча эне төрөттөн ажал тапты. Саламаттык сактоо министрлиги алардын так саны биринчи кварталдын жыйынтыгы менен белгилүү болорун кабарлады. Былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG