Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Төрөттөн каза болгон келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө


Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23-мартта каза болгон 18 жаштагы келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук төрөт боюнча координатор Анара Айткулуева билдирди.

Анын сөзүнө караганда, келиндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн атайын экспертизалар дайындалып, Бишкекке жөнөтүлдү.

"Келин Каракол шаардык төрөтканасына 23-мартта Түп районунан саат 16:32 чамасында "Тез жардам" менен эс-учун жоготкон абалда келди. Сүйлөй албай койду. Кесарево жолу менен төрөттүк. Ичиндеги балага 31 жума болуптур, жети айга да жеткен эмес. Ымыркай 1 килограмм 800 грамм салмак менен төрөлдү. Келиндин дене табы жогору эле, мээсине кан куюлгандай белгилери болду. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, Бишкекке жөнөтүлдү. Жыйынтыгы чыкканда гана эмнеден улам каза болгонун айта алабыз. Ымыркай балдардын жандандыруучу бөлүмүндө, атайын дем алдыруучу аппаратта жаткан. 4-апрелде ал да чарчап калды, абалы оор болчу", - деди Айткулуева.

18 жаштагы келиндин төрөттөн каза болгону тууралуу анын туугандары соцтармак аркылуу айтып чыгып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылуу жасашкан. Алар келиндин өлүмүнө дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болгонун айтышууда. Келиндин күйөөсү Арген Дүйшөбеков дарыгерлердин үстүнөн милицияга кайрыларын "Азаттыкка" билдирди:

"Талды-Суу айылынын ооруканасына барсак, жабык болгондуктан, Түптүн ооруканасына бардык. Ал жактан эки сааттай кармалып, анализдерди алышты. Бир маалда диклофенак сайышты, анан таблетка беришти. Диклофенак сайганда эле жубайым өзүн жоготту. Басып кирген болчу, ал жактан коляска менен алып чыгып, Караколдун төрөт үйүнө алып жөнөштү. Ал жердеги догдурлар диклофенак сайганды укканда "булар жиндиби, боюнда бар аялга эмнеге саят?" деп ызы-чуу түшүп калышты. Кечинде операция кылышты, ошону менен ойгонгон жок. Негизи жубайым кош бойлуу кезинде айылдагы ФАПта каттоого алынган. Баары жакшы деп айтышчу. Үйдө дагы жакшы жүрчү, бир дагы жолу ооруганын айткан эмес. Баш-аягымды жыйнап алып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылам".

Түп районунун жалпы дарыгерлер борборунун дарыгери Канат Муканбетов келин кош бойлуулугу 18 жума болгондо каттоого турганын, 23-мартта башы ооруп, дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылганын "Азаттыкка" айтты.

Маркум келин Караколдогу Тыныстанов университетинде 2-курста окуп жаткан. Жакындарынын айтуусунда, былтыр күзүндө, 18 жашка толгондо турмушка чыккан.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда бешинчи эне төрөттөн ажал таап отурат. 14 бала энесиз калды. Былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон.(AsK/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG