Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Бейбаштыкка айыпталган алты киши эки айга камалды


Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Руслан Самудин уулу, Илимбек Истамов (Исраилов), Мирлан Стамов, Нурак Акимов
Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Руслан Самудин уулу, Илимбек Истамов (Исраилов), Мирлан Стамов, Нурак Акимов

Бишкекте бейбаштыкка шектелип кармалган алты жарандын бөгөт чарасы 9-апрелде Ленин райондук сотунда каралды. Шектүүлөр Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимов эки айга камалды.

Сот шектүүлөрдүн баарын Бишкектин Тергөө абагында (СИЗО-1) 8-июнга чейин кармоого чечим чыгарды.

Алты кишиге тең Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренелери менен айып коюлуп, "кылмыш адамдар тобу менен жасалган" деп айыпталып жатканын "Азаттыкка" алардын адвокаты Памир Суранбаев билдирди.

Бишкек шаардык милициясы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, 7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, 6-апрелде тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында арыздануучyнун башы жабыркап, мээси чайкалып, астыңкы эрини жырылып кеткени аныкталган.

Бул боюнча кылмышка шек саналып, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция берген инициалдардын ичинен М.А. Азамат Мариповдун, И.И. Илимбек Исраиловдун аты-жөнүнө туура келет. Марипов буга чейин “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып, видео кайрылуу жасаган.

9-апрелде Туманбаев мындай айыптоого жооп берип, Марипов андан үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн 13 миң доллар сураганын, ага өз жанынан акча бергенин айткан. Кийин “дагы эле шантаж кыла баштаганда президент Садыр Жапаровго айтып, жолугушканын” билдирген. Президент сураганда Марипов 13 миң долларды “жумушсуз отурган агасы Кудрет Тайчабаровдун, карындашы Адинай Марипованын карызын жапканга жумшаганын айтканын” белгилеген.

6-апрелде Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде жансакчысы аралашкан окуя тууралуу да суроого жооп берип, ал чын эле анын жансакчысы экенин, бирок ал жерде башка иштер менен жүргөнүн кошумчалады.

Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт.

Кудрет Тайчабаров - ушул тапта Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси. Азамат Марипов - анын иниси. Адинай Марипова - Азамат Мариповдун карындашы. Ал буга чейин президент Жапаровдун коомдук башталыштагы жардамчысы болгон.

Садыр Жапаров бул окуя боюнча 9-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берип, шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандар ким болсо да жоопко тартыларын, “мекенчилмин” деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG