Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Сел каптаган Орск шаарынын тургундары талап-тоноо болуп жатканын айтышты


Орск шаары.
Орск шаары.

Орусиянын Оренбург облусунун полициясы жергиликтүү тургундарды суу ташкындан жабыркаган адамдарга жардам үчүн деген шылтоо менен акча чогулткан шылуундар пайда болгонун эскертти. Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Алексей Овсянников 9-апрелдеги кайрылуусунда алдамчылар интернетке жабыркаган адамдардыкы деп эсеп номурларын жарыялап, акча которууну суранып жатышканын, андыктан этият болуу жана расмий булактарга гана ишенүү керектигин айтты.

Оренбург облусунун Орск шаарынын тургундары суу каптаган аймактарда талап-тоноо болуп жатканын, мунун айынан алар үй-мүлкүн таштап, коопсуз жактарга кетип кала албай турганын айтып чыгышкан.

Шаар мэри Василий Козупица суу кирген жерлерде кайгуул күзөтчүлөрү эки эсе көбөйтүлөрүн билдирген. Аталган аймактарды кайтаруу үчүн 900 полиция кызматкери тартылганын полиция мекемеси кабарлаган.

9-апрелде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин Оренбург облусунун суу каптаган аймактарына барбай турганын айтты. "Путин ал жакка өзү барбаса да дайым ушул темада болууда. Ал күнү бою ушул маселе менен алектенүүдө", - деди ал журналисттерге.

Өткөн аптанын соңунан бери Оренбург облусун мурда болуп көрбөгөндөй сел каптап жатат. Жекшемби күнү өкмөттүк комиссия аймактагы абалды федералдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал деп баалады. Облустун инфраструктурасына тийген залаканын жалпы суммасы баштапкы эсеп боюнча 21 миллиард рубль деп бааланууда. Суу 77 калктуу пунктта 10 миңден ашуун үйдү, 18 миңдей короо жайды каптады.

Эң көп зыян тарткан шаар Орск болууда. 5-апрелдин кечинде ал жерде Урал суусу дамбаны бузуп, жээктеги райондорду каптаган, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган. Эртеси күнү дагы бир дамба бузулган.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков Орск шаарына учуп барып, кырдаалды "курч" деп мүнөздөгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG