Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:22

Папан суу сактагычына 20-25 МВттык чакан ГЭС курулат


Чакан ГЭСти куруу боюнча макулдашууга кол коюу иш-чарасы.
Чакан ГЭСти куруу боюнча макулдашууга кол коюу иш-чарасы.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВттык чакан гидроэлектростанция куруларын билдирди.

ГЭСти куруу боюнча “Чакан ГЭС” компаниясынын директору Нурлан Садыков менен “Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому” ишканасынын башчысы Цзян Лицзи макулдашууга кол койду.

Маалыматка ылайык, инвестициялык долбоордун суммасы 27 миллион долларды түзөт. Энергетика министрлиги “Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому” ГЭСти курууда Кыргызстандын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алганын кошумчалады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG