Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

ТИМ Москвада кармалган Токобаевдин иши тууралуу маалымат берди


Нурмухаммед Токобаев.
Нурмухаммед Токобаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада маңзат сатууга шек саналып кармалган Кыргызстандын жараны Нурмухаммед Токобаевдин иши тууралуу комментарий берди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 2-апрелде “баңги затын мыйзамсыз жасоого же сатууга” шек саналып камакка алынган. ТИМ Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ага укуктук жардам берүү маселесин караштырып жатканын, “Орусиянын укук коргоо органдары Нурмухаммед Токобаевди Украинадагы согушка барууга мажбурлаганы” тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди.

20 жаштагы Нурмухаммед Токобаевдин апасы Гүлсанам Зулпукарова “Азаттыкка” кайрылып, уулу Москвада маңзат сатууга шек саналып кармалганын, 2-апрелде атасына чалып укук коргоо кызматкерлери “Украинага барасың деп” айтышканын билдирген. Ал уулу күнөөсүз экенин айтып, кыргыз бийлигинен жардам сураган.

Нурмухаммед Токобаев - Ош шаарынын тургуну. Өткөн жылы ноябрь айында Москвага иштегени кеткен. Башында курулуш тармагында иштеп, соңку бир ай ичинде кошумча курьерлик ишке да аралашып, тамак-аш, ар кандай аманат бумдарды айтылган даректерге ташып жүргөн.

Орусияда абакка кесилген Кыргызстандын жарандарынын көбү баңгизатка байланыштуу айыпталгандар. Расмий маалыматка ылайык, бул өлкөдө мыйзамсыз маңзат ташууга байланыштуу 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген.

Буга чейин Орусияда түрмөдө жаткан кыргызстандыктар Украинадагы согушка азгырылып барган окуялар болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG