Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

"Украинадагы согушка барасың дептир". Орусияда кармалган жигиттин жакындары бийликке кайрылды


Гүлсанам Зулпукарова
Гүлсанам Зулпукарова

20 жаштагы Нурмухаммед Токобаев маңзат сатууга шек саналып, 1-апрелде Москвада кармалды. Ал курулуш жана жеткирүү кызматында иштеп жүргөн. Жакындарына  “Украинага барасың деп жатат” деп телефондон айтууга үлгүргөн. Ата-энеси уулуна тагылган айыпты четке кагып, кыргыз бийлигине жардам сурап кайрылды.

"Үйгө кайтарда кармалып калды"

Нурмухаммед Токобаев - Ош шаарынын тургуну. Өткөн жылы ноябрь айында Москвага акча тапканы кеткен. Башында курулуш тармагында иштеп, соңку бир ай ичинде кошумча курьерлик ишке да аралашып, тамак-аш, ар кандай аманат бумдарды айтылган даректерге ташып жүргөн.

Апасы Гүлсанам Зулпукарова Кыргызстанга кайтам деп камынып жаткан уулу 2-апрелде байланышка чыгып, маңзат менен кармалганын билдиргенде нес болуп калганын айтат:

"2-апрель күнү кечинде кызым атасына чалды. “Ата, азыр бейтааныш номурдан чалат, алыңыз” деп кызым ыйлап алыптыр. Чалды. Күйөөм алды. Балам ыйлап алыптыр. “Ата, мен ушинтип маңзат менен кармалып калдым” деп. Атасы «эмне деп жатышат?» деп сурады. “9 жылдан 15 жылга же болбосо 6 айдан кийин Украинага согушка кетесиң деп жатат” дегенде колунан телефонду алып койду. Болду, бүттү. Ошону менен байланыш үзүлдү. Кызым чалып, эмне далилдериңер бар деп сураса, «видео, эч нерсе жок, бирок бала мойнуна алды, кол коюп берип койду" дешиптир".

Гүлсанам Зулпукарова уулу менен
Гүлсанам Зулпукарова уулу менен

Гүлсанам Зулпукарова уулу менен Москвада чогуу иштеп жүргөн бөлөсү дагы полицияга кармалганын, акча берип кутулуп чыккан соң, үйүнө келе бергенин айтат. Бул окуядан кийин уулу дагы чочулап, мекенине кайтууну чечкен. Бирок билет алып келгиче Орусияда полициянын колуна түшүп калган.

«Бөлөсү бир ай мурда жумушка баратканда кармалыптыр. Эки сутка жок болуп кетип, кайра келген экен. Ал «Баңгизат боюнча айып коюуга аракет кылып, урду. Мойнума албай койгондо 100 миң сурашты, болгону 15 миң рубль бар десем, ошону алып коё беришти» деп, Кыргызстанга келе берген. Менин балам да келе берейин деп, бирок айлыгын күтүп калды. Себеби бөлөсүнүн окуясын укканда коркуп калдык. Акчасын алса эле 13-апрелге билет аларын айтып, 31-мартта сүйлөшкөн элек. Уулум «кыжаалат болбоңуз, барып калам. Апа, манты жасап турасызбы» деген эле. Эртеси күнү эле телефону өчүп калды. Кийин кызым айтты, экөө телефондон сүйлөшүп жатканда ары жакта ызы-чуу болуп, полиция келип калып, "анан чалам" деген бойдон телефону өчүп калыптыр", - дейт Зулпукарова.

"Айыпты мойнуңа аласың же Украинага согушка барасың!"

Нурмухаммеддин ата-энеси мындай кабардан кийин айласы куруп, кыргыз бийлигине кайрылып, жардам сурап жатат. Алар уулун жалган жалаага кабылды деп эсептешет:

"Баламды токойдо кармадык деп маалымат таратышыптыр. Футболкачан бала токойдо кантип жүрөт эле. Курулушта иштеп жаткан жеринен эле кармап кетишкен. Балам ичпейт, чекпейт. Андай жолго барышы мүмкүн да эмес. Үйгө кайтам деген киши кантип ошондой жолго барсын? Алты айдан бери акча деле сала алган жок. Үч ай сайын документин жасайт, тамак-ашынан акча артпады, айлыгын иштеген жери берсе берет, бербесе жок. Кыйналып эле келаткан. “Апа, Орусия мага жаккан жок. Мен кетишим керек” деген. Эртең-бүрсүгүнү келип калат деп күтүп жатканбыз. Украинага адам чогултуп, ошол жакка жибериш керек болуп жатат. Себеби, менин балам сөөк-саактуу бала да. Ошого окшогон балдар керек болуп атса керек деп турам. Мен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевге кайрылам, сиздерден суранам, балама жардам бериңиздер. Балам бөөдө жерден бирөөнүн элинде, бирөөнүн жеринде калып кетпесин. Жалган жалаа менен жаманатты болуп кетпесин. Балама жалаа жаап, согушка айдап жибере турган болсо, андан айрылып калуудан корком. Бардыгын ошентип «же мойнуңа аласың же Украинага согушка барасың» деп жатыптыр. Уккандан бери уйку көрө элекмин. Нес болуп, колу-бутум иштебей калды. Жарыкты көрбөй, караңгылыкта гана жашап жатам. Оор абалга түшүп калдык".

Нурмухаммед Токобаев
Нурмухаммед Токобаев

Гүлсанам Зулпукарованын айтымында, ал буга чейин улуттук кол өнөрчүлүк менен алектенип, уулу менен чогуу Казакстанда иштеп, боз үй, камчы сатып иштеп жүргөн. Былтыр үй-бүлөлүк шарттан улам өзү соодага чыга албай калып, уулу Орусияга жумуш издеп кеткен.

ТИМдин билдирүүсү

Нурмухаммед Токобаевдин кармалышына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиядагы элчилиги 4-апрелде маалымат таратты. Анда министрлик анын ата-энеси менен байланышканы белгиленген.

"Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигине Орусиянын укук коргоо органдарынан Н.Тга карата билдирүү келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу, учурда анын кармалышынын бардык жагдайлары такталууда", - деп элчилик Токобаевдин жактоочусу менен байланышта экенин билдирген.

Маалымат орус тараптан түшкөн учурда анын "укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар көрүлөт" деп билдирген. Андан бери эч кандай комментарий бериле элек.

Курьерлерди баңгизат менен кылмышка түрткөн учурлар

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, алардын басымдуу бөлүгү (1167) Орусияда экенин билдирген.

Орусияда абакка кесилгендердин көбү - баңгизатка байланыштуу айыпталгандар. Расмий маалыматка ылайык, бул өлкөдө мыйзамсыз маңзат ташууга байланыштуу 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргызстандык жаран абакка кесилген.

ТИМдин өкүлдөрүнүн маалымдашынча, былтыр орус абактарынан 73 кыргызстандык мекенине экстрадицияланган жана дагы 40ка чукулу которулуу алдында турат.

Орусияда курьер болуп иштеп жүрүп маңзат менен кармалып калган кыргызстандык мигранттар соңку жылдары көбөйгөнү, бир үй-бүлөдөн бир нече адам кесилип кеткен учурлар бар экени буга чейин парламентте да айтылган. Маңзат менен абакка кесилип, кийин “Вагнерге” азгырылып, Украинадагы согушта ажал тапкандар да болгон.

Мигранттар өздөрү дагы соңку учурда курьерлерди баңгизат менен кылмышка түрткөн учурлар көп болуп жатканын айтып беришкен.

Быйыл 22-мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборундагы кандуу кол салууда 140тан ашык кишинин өмүрү кыйылып, 500дөн ашууну жабыркагандан кийин борбор азиялыктарга карата кысым-басым, текшерүүлөр күч алган.
Кандуу окуяга шек саналып ондон ашык борбор азиялыктар, негизинен Тажикстандын жарандары кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG