"Азаттык" радиосунун "Мигрант медиа" долбоорунун Оштогу кабарчысы
Орус баш калаасында жана Москва облусунда жашаган кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай, кезекте туруп, убара тартууда. Алар кыргыз өкмөтүнө кайрылып, балдарын онлайн окутууну суранып жатышат. "Мигрант медиа" балдарын окута албай жаткандарды кепке тартты.
Жекшембиде Оштогу борбордук базардан сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды. Ал - 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран. Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып жерге берилген.
14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, ал агызып кеткен баланын сөөгү табылды. Дагы төрт киши изделип жатат. Ошто Ак-Буура дарыясы ташып, базарды каптады, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. "Азаттык" базарга барып, ал жердеги абал менен таанышты.
20 жаштагы Нурмухаммед Токобаев маңзат сатууга шек саналып, 1-апрелде Москвада кармалды. Ал курулуш жана жеткирүү кызматында иштеп жүргөн. Жакындарына “Украинага барасың деп жатат” деп телефондон айтууга үлгүргөн. Ата-энеси уулуна тагылган айыпты четке кагып, кыргыз бийлигине жардам сурап кайрылды.