Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Украина: Орусиянын чабуулдарынан үйлөр жана энергетика объектилери талкаланды


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украина Орусия учурган 17 согуштук дрондун 14үн атып түшүрүүгө үлгүргөнүн бүгүн 10-апрелде украин аскерлери билдиришти. Бутага Одесса жана Николаев облустары алынганы, Одессада канаттуу эки ракета да жок кылынганы кабарланды.

Одесса облусунун губерантору Олег Кипердин айтымында, орусиялык учкучсуз учактар жана баллистикалык ракеталар энергетикалык инфраструктура объектилерин бутага алды. Эки киши жараат алганы, учак сыныгы түшкөн жерлерде маанилүү транспорттук жана логистикалык инфраструктура кыйраганы маалымдалды.

Донецк облусунун Константиновка шаарында Орусиянын чабуулунан эки кабат үй талкаланганын, куткаруучулар бир аял жана бир баланын сөөгүн уранды астынан алып чыгышканы кабарланды.

Өткөн түнү «Укрэнерго» ишканасынын подстанцияларынын биринин иши да орус аскерлеринин чабуулунан кийин үзгүлтүккө учурап, Николаев жана Херсон облустарынын айрым аймактары электр жарыгысыз калганы, шейшемби күнү гана калыбына келтирилгени маалым болду.

Financial Times басылмасы 9-апрелде жазгандай, Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине каршы чабуулдар тактикасын өзгөртүп, Киевге караганда азыраак корголгон аймактардагы электр станцияларын талкалоо үчүн жогорку тактыктагы ракеталарын колдоно баштадаы. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG