Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Армения КМШ тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышпайт


Арарат Мирзоян.
Арарат Мирзоян.

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) башкы дипломаттарынын 12-апрелде өтө турган жыйынына катышпайт. Бул тууралуу министрликтин өкүлүнүн маалыматына таянып бүгүн 10-апрелде «Азаттык» радиосунун армян кызматы билдирди.

Министрлердин жыйыны 12-апрелде Беларустун борбору Минск шаарында өтөт. Армениянын өкүлүнүн ага катышпай турган чечими бир нече күн мурда премьер-министр Никол Пашинян Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу өткөргөндөн кийин кабыл алынып отурат. Бул жолугушууда Армениянын Орусиядан абдан көз каранды экономикасынын туруктуулугун бекемдөө маселеси талкууланган. Брюсселде өткөн бул сүйлөшүүлөрдөн улам Орусия «Батыш Арменияны Түштүк Кавказдан бөлүүгө аракет кылууда» деп айыптап чыккан.

КМШ 1991-жылы мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) ордуна түзүлгөн, Москва үстөмдүк кылуучу бирикме. Орусиянын агрессиясына кабылган Грузия жана Украина КМШ курамынан чыгып кетишкен. Уюмдагы мүчөлүгүн токтоткон Молдова да быйыл жыл аягына чейин андан чыгарын жарыялаган.

Армения көп жылдар бою Орусиянын жакын союздашы болуп келген. Соңку айларда ал КМШдан алыстай баштады. Талдоочулар буга армян бийлиги Тоолуу Карабак маселесинде Москвадан колдоо көрбөй калганы себеп экенин айтып келишет.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алган. Ошондон кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG