Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

МАГАТЭ Запорожье АЭСинде өзөктүк авария коркунучу жогорулаганын эскертти


Запорожье атомдук электр станциясы. Архивдик сүрөт.
Запорожье атомдук электр станциясы. Архивдик сүрөт.

Украинанын Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) жасалган дрон чабуулдары өзөктүк авария коркунучун жогорулатканын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси билдирди. 15-апрелде ал БУУнун Коопсуздук кеңешин коркунуч деңгээлин төмөндөтүү үчүн бардык аракетти көрүүгө чакырды.

«Биз өзөктүк аварияга алып келүүчү кооптуу чекке жакындап баратабыз. Өзүбүздү өзүбүз жоошутуп, эртеңки күндү тобокелдикке салбашыбыз керек», — деди Гросси.

7-апрелден бери аталган станция бир нече жолу дрон чабуулуна кабылды. Бул учүн Украинаны да, Орусияны да айыптап жатышат.

АЭСте иштеп жаткан эл аралык адистер тобу соңку сокку энергоблоктордун биринин реактор жайгашкан имаратынын коргоо катмарына тийгенин билдиришти.

Чабуулдар радиологиялык кырсыкка алып келген жок, бирок, Гроссинин айтымында, ядролук коопсуздукка ансыз да коркунуч жаралган АЭСте кооптонууну жаратууда.

МАГАТЭ Запорожьедеги атомдук электр станциясынын аймагындагы атышуу ядролук кырсыкка алып келиши ыктымал деген кооптонуусун буга чейин да билдирген жана объектини тейлеген кызматкерлер мурда 12 миң болсо, кийин 2-3 миңи гана калганы кооптуу кыскартуу экенин быйыл февраль айында белгилеген.

Аталган станцияны Орусия басып алып, анда иштеген украин адистеринин баарын чыгарып жиберген, МАГАТЭнин инспекцияларына да чектөө койгон окуялар катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG