Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Чогуу жашаган аялдын өлүмүнө шек саналган киши Ысык-Көлдөн кармалды


Шектүү. 15-апрель, 2024-жыл.
Шектүү. 15-апрель, 2024-жыл.

Сокулук районундагы дачалардын биринде чогуу жашап жаткан 48 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналган жаран Ысык-Көлдөн кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 2-мартта "Электромеханик" дачаларындагы үйдөн киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылган.

Кылмышка аны менен чогуу жашап жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон 48 жаштагы адам шек саналып, издөөгө алынган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Сот аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу сырттан чечим чыгарган.

15-апрелде шектүү Ысык-Көлдөн кармалган.

Апрель айынын башында Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну аны менен чогуу жашаган 34 жаштагы аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалган. 4-апрелде Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун 2023-жылдагы баяндамасында Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG