Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Кендирли мунай-газдуу төрт президентти тосуп алды


Түркмөн президенти Г.Бердымухамедов, казак президенти Нурсултан Назарбаев, азери президенти Илхам Алиев жана орус президенти Дмитрий Медведев Ак-Тоо шаарына чогулушту. 2009-жылдын 11-сентябры.
Түркмөн президенти Г.Бердымухамедов, казак президенти Нурсултан Назарбаев, азери президенти Илхам Алиев жана орус президенти Дмитрий Медведев Ак-Тоо шаарына чогулушту. 2009-жылдын 11-сентябры.

Азербайжан, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары ишембиде Казакстандын түштүк-батышындагы Ак-Тоо шаарына жакын жерде бейрасмий саммитке чогулуп, өз ара кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Каспий деңизинин батыш, түндүк жана чыгыш жакасын ээлеген бул төрт пост-советтик жумурияттын мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусу Ак-Тоо (Ақтау) шаарына жакын Кендирли деген чакан курорт жайда улантылды.

Саммитте карала турган орчун маселелер алдын-ала көрсөтүлгөн эмес. Азырынча бул жыйында олуттуу бир натыйжага жетишилгендиги тууралуу деле эч кабар түшкөн жок.

Түркмөнстандын басма сөз каражаттары ишембиде (12-сентябрда) жарыялаган президент Гурбангулы Бердымухамедовдун билдирүүсүнө караганда, бул өлкө газды экспорттоо жолдорун улам жаңы багытта издөөгө ынтызар.

Кытайга кетчү түркмөн газ кууру үстүбүздөгү жылдын соңунда ишке киргизилүүгө тийиш. Бул куур Кытайга жылына 40 миллиард куб метр көлөмүндөгү газды экспорттоо кубатына жетиши болжолдонгон.

Түркмөн президентинин билдирүүсүндө Ооганстан аркылуу Пакистан менен Индияга чейин жетчү дагы бир газ кууру тууралуу сөз кылынат. Бул куур жылына 27-33 миллиард куб метр газды түштүк багытында өткөрөөрү болжолдонгон.

Андан тышкары, расмий Ашгабат Батыш Европага да Түштүк Кавказ жана Түркия аркылуу жылына 31 миллиард куб метр көлөмүндө газ сатуу ниетин билдирген. Бул – айтылуу “Набукко” (Nabucco) долбоорунун бир бөлүгү.

Негедир Бердымухамедовдун ишембидеги билдирүүсүндө Орусия тарапка кетчү газ кууру тууралуу сөз айтылган эмес. Быйыл апрелде түркмөн-орус газ кууру жарылып, бул үчүн расмий Ашгабат орусиялык тарапты айыптаган.

Ак-Тоонун жанындагы бейрасмий жолугушуудан соң, орус президенти Дмитрий Медведев Ашгабатка келмекчи. Бул жерде орус жана түркмөн президенттери эки тараптуу кызматташтык тууралуу бетме-бет талкуулоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болоору шексиз.

Айтмакчы, бүгүн (12-сентябрда) Түркмөнстан “Мунай, газ, электр өндүрүү жана геология тармагынын кызматкерлеринин күнүн” белгилөөдө.

Кендирли курорт жайындагы бейрасмий саммитке Каспийдин түштүк жээгиндеги мамлекет - Ирандын президенти чакырылган эмес. Буга расмий Тегеран өз өкүнүчүн билдирген.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев болсо Ак-Тоодогу бейрасмий саммитте Каспий деңизинин укуктук маселелери тууралуу эч сөз козголбой тургандыгын, бул маселе Ирандын катышуусу менен өткөрүлө турган Бакы саммитинде талкууланаары күтүлөөрүн жума күнү (11-сентябрда) билдирген.

Болочокто азери борбор шаары Бакыда кезектеги Каспий саммити өткөрүлөөрү мурдатан маалымдалган менен, анын качан болоору азырынча ачыктала элек.

XS
SM
MD
LG