Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Кытайлык диссидент "Интернет ыңкылабына" ишенет


Женевадагы саммиттин катышуучулары адам укугунун абалына арналган видеотасманы көрүшүүдө. Швейцария. 8-март, 2010
Женевадагы саммиттин катышуучулары адам укугунун абалына арналган видеотасманы көрүшүүдө. Швейцария. 8-март, 2010

8-март күнү Женевада “Адам укугу, толеранттуулук жана демократия” деп аталган эки күндүк жыйын ачылды

Бейөкмөттүк укук коргоочу уюмдардын эл аралык коалициясы уюштурган бул жыйынга 67 өлкөдөн диссиденттер, адам укугун коргоочулар, дипломаттар катышууда. 800дөй өкүлдүн арасында Түндүк Корея, Ооганстан жана Кытайлык диссиденттер менен адам укугун коргоочулар да бар. Алар дүйнөдөгү эң жаман адам укугун бузуулар жөнүндө кеп кылышат.
Ооган аялдар 8-март майрамында. Гелманд провинциясы. Лашкар Гах шаары. 2010


БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин "айыбы" сындалды

“Адам укугу, толеранттуулук жана демократия” деп аталган жыйын Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңешинин кезектеги сессиясына удаа өтүүдө. Бул жыйынга кытайлык уйгурлардын сүргүндөгү лидери Рабия Кадыр, Ооганстандын аялдар маселеси боюнча мурдакы министри Масуда Жалал катышууда. Уюштуруучулардын айтышынча, алар БУУнун кеңешинде бакубат өлкөлөрдүн кысымы астында талкуунбай калган маселелерге көңүл бурушат.

Масуда Жалал өз сөзүндө ооган аялдардын абалына кеңири токтолмок болууда.

-Мектептер жана көчө-жолдор кооптуу болгондуктан аялдарга билим алуу чоң кыйынчылыктарды туудурууда. Кыздардын бетине кислота чачкан же коркуткан учурлар арбын. Ата-энелер үчүн кыздарын мектепке жөнөтпөй койгонго жетерлик жүйө бар. Мектептер да үйдөн алыс. Ажаатканалар жокко эсе. Аял мугалимдер жетишпейт. Ал аз келгенсип, үй-бүлөлөр аялдардын билимин баалашпайт.

Түштүк кореялык адам укугун коргоочу Сеулдагы демонстрацияда Түндүк Кореядагы ачкачылыкты ашкерлеген фотосүрөттөрдү кармап турат. 30-декабарь 2009
Масуда Жалал 2004-жылкы президенттик шайлоодо Хамид Карзайга атаандаш болгон.

Янг Жаңлы: Кытайда "Интернет ыңкылабы болот"

Жыйында Кытайдагы адам укугунун, анын ичинде тибеттиктердин абалы жана Интернетти цензуралоо да талкууланат. Кытайлык адам укугун коргоочу Янг Жаңлынын сөзүнчө, бийлик канчалык жан талашса да Интернетти жана “бир миллиард элдин эркин” контролдой албайт:

-Жакында чепдубал калбырга айланып, аны жөлөгөнгө болбой калат. Өкмөт Интернетти контролго алмайын бир миллиард Кытай жаранынын эркин контролдой албайт. 1 миллиард кытай өзүнүн кул эмес экенин түшүнүп, башкаруучу төбөлдөрдү оодарып түшчү күн да келет. Бул “жашыл” же “баркыт ыңкылап” болбойт. Бул балким “Интернет ыңкылабы” деп аталат.

Янг Жаңлы 1989-жылы Бээжиндин Тянанмен аянтында нааразылык акциясынын катышуучусу жана мурдакы абийир туткуну.

Эки күндүк жыйында былтыр июнда Иранда болгон шайлоодон кийинки толкундоолор маалында чекесине ок жеп өлгөн Неда Ага Солтандын сүйгөнү Каспиян Макэн да сөз сүйлөйт. Макэн бир нече күн абакта отуруп чыккандан кийин Ирандан кетүүгө аргасыз болгон.

Женевадагы саммиттин уюштуруучулары БУУнун Адам укугу боюнча кеңешин Кытай, Иран, Израил, Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдөгү адам укугун тепсөөлөрдү талкуулагандан качып, “өз вазийпасын аткарган жок” деп сындашты. “Кеңештин блокторго биригип добуш берүү эрежесинин кесепетинен катуу саясатташып кетүүсү зомбулукка жана адам укугун бузууларга алып барды”, деп айтылат бейөкмөттүк уюмдар коалиция Женевадагы жыйын алдында жасаган билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG