Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Газ куурун ачуу үчүн Борбор Азияны кыдырууга аттанган Кытай президенти Ху Цзинтао үч күндүк сапарын бүгүн (12-декабрда) Казакстандан баштады. Андан соң Түркмөнстанга барат. Ал жерде дүйшөмбү күнү Түркмөнстан – Кытай газ куурунун бет ачар салтанаты өтмөкчү.

Узундугу 1833 чакырым келген куур Түркмөнстандан башталып, андан соң Өзбекстан жана Казакстан аймагы аркылуу өтүп, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна чейин жетет.

Куур толук кубаттуулукта иштеген шартта жылына 40 миллиард кубометр газ өткөрө алат.

Бүгүн (12-декабрда) Астанада "КазМунайГаз" мамлекеттик компаниясынын башкеңсесинде президенттер Нурсултан Назарбаев жана Ху Цзинтаонун катышуусу менен ушул куурдун казак бөлүгүнүн ачылыш салтанаты болду.

Ал эми Түркмөнстандагы дүйшөмбү күнү (14-декабрда) болчу салтанатка кытай лидеринен тышкары казак, өзбек президенттери да барары күтүлүүдө.

Куур - Орусиянын отун-кубат жаатындагы таасирин азайтуу амалыбы?

Түрмөнстан – Кытай кууру Орусиянын Борбор Азия газын тышкы базарга алып чыгуудагы ролун басаңдатуучу долбоор катары каралууда.

Орусия Түркмөнстандан жылына 50 миллиард кубометр газ сатып алып келген. Бирок быйыл апрелде газ куурунда болгон жарылууда, буга кошумча эки өлкөнүн баа боюнча талаш-тартышынан улам түркмөн газынын Орусияны көздөй агымы убактылуу токтоп калды.

Эки тарап сооданын жаңы шарттарын алигиче макулдаша элек. Мындан улам, адистердин эсебине караганда, Түркмөнстандын албай калган акчасы айына 1 миллиард долларга барат.

Кытайдын насыялык көмөгү

Бирок расмий Ашгабат чыгымынын бир бөлүгүн Кытайдын насыясы менен толтурчудай.

Кытай тарап дүйнөдөгү эң ири газ кору деп эсептелген Түркмөнстандын түштүк-чыгышындагы Мары облусунун аймагында жайгашкан Түштүк Йолотан (Жолатан) кенин өздөштүрүүсү үчүн 3 миллиард доллар насыя берүүдө.

Кытай насыя тартуулоо, отун-кубат (энергия) менен байланышкан долбоорлорго миллиарддаган доллар инвестиция салуу менен жалпы эле Борбордук Азия аймагындагы таасирин күчөтүүнү көздөп жатат.

Айтмакчы, Кыргызстан да Түркмөн-Кытай куурун өз аймагы аркылуу өткөрүүгө ынтызардыгын билдирген, бирок Бишкектин сунушу өткөн эмес. Ал эми Кытайдан Борбордук Азияга Кыргызстан аркылуу темир жол куруу ниети дагы эле күчүндө кала берүүдө.

Набукко долбоору да теребелде көрүнүп турат

Түркмөнстандын газын Орусиянын аймагысыз алып кетүүгө Евробиримдик да кызыкдар.

Биримдик учурда Набукко деп аталган долбоорду ишке ашырууга аракеттенүүдө. Ал - Борбор Азия менен Каспийдин газын Түркия аркылуу Европага жеткирүүнү караган куур.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG