Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

АКШ-Кытай алакалары мурдагыдан такыр өзгөрдү


Обама Кытайга сапарына канааттанбады окшойт
Обама Кытайга сапарына канааттанбады окшойт

Барак Обама Кытайга сапарын жыйынтыктады. Американын негизги маалымат каражаттары бул сүйлөшүүлөр эки тараптын мамилелери канчалык өзгөргөнүн көрсөттү дешет.

Америкадагы "The New York Times" гезити Обаманын бүгүн жыйынтыкталган Кытайга сапары тууралуу жазып: “АКШ менен Кытайдын буга чейинки мамилеси түп-тамырынан өзгөрдү” деди. Басылма бул жолку жолугушууну “күчтөн тайган жана эми күчкө толо баштаган эки башка дөөнүн беттешүүсү” катары сыпаттады. Бул ирет америкалык тарап сүйлөшүүлөрдө мурдагыдай үстөмдүгүн көрсөтө албагандай.

Бул өңдүү өзгөрүүгө башкы себеп – Америка алгачкы ирет тарыхта Кытайдын алдында карызга батып турат. Бейжин – азыр Американын башкы кредитору. АКШнын триллион доллардан ашуун өкмөттүк баалуу кагаздары Кытайга таандык.

Ахыбал азыр, буга чейинки жылдарга салыштырмалуу, бир топ эле өзгөрдү. "Washington Post" гезити шаршембидеги санында жазгандай, мындан 10 жыл эле мурдараак, Билл Клинтон АКШнын президенти болуп турган кезде, Вашингтон Кытайдан эмес, Испаниядан карызды көбүрөөк алчу, соода сатыгынын көлөмү да, Кытайга караганда, Мексика менен эки эсеге жогору эле. Ушундан уламбы, Клинтон кытайлык тарапты катуураак сындай алчу. Обама болсо бул ирет көбүрөөк жарашууга чакыргандай таризде сүйлөдү. Анын үстүнө эки тараптын тең кызыкчылыгы бар бир топ маанилүү суроолордо эч кандай ийгиликке жетише албады.

Бир эле мисал – акча. АКШ Кытайды жергиликтүү продукциянын тезирээк сатылышына мүмкүндүк түзүү үчүн юаньдын сатып алуу курсун атайылап төмөн кармайт деп көптөн бери эле арызданып келет.

Бейжин болсо Вашингтонду атайылап доллардын баалуулугун төмөндөтүү менен Кытайдын долларга эсептелген далай байлыгынын баркын кетирүүдө, деп айыптайт.

Бул ирет президент Ху Цзинтао да, премьер-министр Вен Цзибао да юаньдын деңгээли тууралуу кепилдик беришкен жок. Андыктан 17-ноябрдагы маалымат-жыйынында Барак Обамага кытайлык лидерлердин буга чейин берген убадаларына гана шилтеме жасагандан башка арга калбады.

“Кытай тарап буга чейинки билдирүүлөрүндө базарга негизделген алмашуу курсуна өтүү боюнча милдеттенмелерин бул ирет да эскертип өттүм, - деди америкалык президент. - Мен биздин талкууларда да экономиканын принциптерине негизделген ал аракеттин аткарылышы жалпы эле глобалдык экономикадагы кайра бутка турууга өзгөчө салым болмок экенин баса белгиледим”.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселеде да АКШ эч кандай утушка ээ болбогон өңдүү. Мисалы, биргелешкен маалымат жыйынында Ху Цзинтао Тегеранга каршы Кытай жаңы бир санкцияларды киргизээрин деле кыйыткан жок. Болгону өзөктүк маселелердеги талаш-тартыштар “сүйлөшүү” менен гана чечилиши зарыл экенин белгиледи.

Бирок Түндүк Кореянын өзөктүк программасы, климаттын өзгөрүшү өңдүү маселелерде Обама Кытайды көп нерсеге көндүрө алган өңдүү. Обама Кытайдан Түштүк Кореяга учуп кетти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG