Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Студенттик күндүн тарыхы кандай болгон?


Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел 70 жыл мурдагы окуялардын курмандыктарын эскерүү аземине катышты. 17-ноябрь, 2009-ж.
Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел 70 жыл мурдагы окуялардын курмандыктарын эскерүү аземине катышты. 17-ноябрь, 2009-ж.

Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехиянын бобору Прагада Студенттердин дүйнөлүк конгессинде бекитилген. Албетте студенттик күн жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын майрамы. Бирок анын тарыхы, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехословакияда башталган трагедиялуу окуяга байланыштуу.

Канга жуурулган демонстрация

1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда улутчул фашисттер тарабынан оккупацияланган студенттер жана окутуучулар өлкөнүн түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан. Анын өлүмү көптөгөн студенттерди кайрадан каршылык акциясына чыгууга мажбур кылган.
Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет.


17-ноябрда жүздөгөн демонстранттар камалып, Чехословакиянын Студенттер кеңешинин тогуз активисти эч кандай соту жок атылган. Гитлердин буйругу менен согуш бүткөнчө чех окуу жайларынын бардыгы жабылган жана мүлкү конфискацияланган. 1989-жылы кайрадан студентердин демонстрациясы уланган.

“Тарых унутпайт. Тарыхта калат”

Тарыхтагы бул окуя Кыргызстандын жогорку окуу жайларында да окутулат. Тарых мугалимдери буларга токтолду:

Медер: - 1989-жылы Чехиядагы аянтта көптөгөн студенттер демократияны талап кылган митингге чыгышкан. Анда студенттер менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, көптөгөн студенттер каза болгон. Чехияда бул мамлекеттик майрам катары белгиленет. Ошондон улам дүйнөдө бул күн - Эл аралык студенттер күнү катары кабыл алынган. Ошол себептүү бизде деле мааниси чоң деп ойлойм.

Сыймык: - Бизде негизинен бардык тарыхка тиешелүү болгон төңкөрүш, революциялар тарых сабагынан окутулат. Бирок студенттик күндүн келип чыгышы айтылбайт. Окуу процесси учурунда айтылса керек, бирок мен ал боюнча адистиктен өткөн эмесмин.

Оппозициянын басымы жана массалык демонстрациялардын натыйжасында Чехословакиянын
17-ноябрда жүздөгөн демонстранттар камалып, Чехословакиянын Студенттер кеңешинин тогуз активисти атылган.
Коммунисттик партиясы бийликтен кеткен. Чехословакия болсо алгач Чехия жана Словакия Федералдык Республикасы деп, 1993-жылдан тартып эки башка көз карандысыз өлкө катары болгон.

Чехияда 17-ноябрь - Эл аралык студент күнү, эркиндик жана демократия үчүн күрөш күнү катары белгиленип келет. Словакияда бул күн тоталитаризм менен күрөшүү күнү катары майрамдалат.

26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан эле.
Бишкекте окуган студенттер бул майрамдын тарыхын билишеби?


Бакыт: - Майрамдардын бардыгы эле бизге башка чет өлкөлөрдөн келет. Бул да ошондой эле болгон. Кыргызстанда студенттер күнү деле белгиленгенине аз эле убакыт болду. Кээде бул күндү майрам катары эсептебей да кетем. Бизге улам эле жаңы майрамдын кошула бергени кереги жок деп ойлойм.

Нургүл: - Билбейт экенмин. Тарыхын билүүгө кызыгып, чоң курстардан сурайын дегенбиз. Бирок алар менен да жакшы тааныша элекпиз.

Канат: - Бул негизинен студенттердин өздөрүнүн укугун коргоо үчүн келип чыкса керек. Бирок так билбейт экенмин.

Мирбек: - Тарых факультетинде окуп жаткан студент катары бул окуяны тарых менен байланыштырып карасак анда биз майрамдап, белгилешибиз керек. Бул майрамдын чыгышы Чехияда жаштардын, студенттердин революциясынан кийин пайда болгон деп эсептелинет да. Ошондуктан студенттер майрамдаса болот деп ойлойм.

Айзат: - Бул эл аралык студенттер күнү экенин билем. Бирок эмнеге студенттер күнү ушул датага туш келгенин билгим келет. Бирок бизге айтып, келип чыккан тарыхын түшүндүрүп, маалымат бере турган адамдарды таба алган жокпуз.

"Жибек ыңкылабына" – 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00
XS
SM
MD
LG