Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

ВИЧ/СПИД боюнча Оштогу жагдай кандай?


Ошто ВИЧ/СПИД илдети тууралуу соңку жагдайлар боюнча аймактагы “Рейнбоу Инфо-борбор” коомдук корунун өкүлү Султан Мамытов “Азаттыкка” маек курду.

- Бул илдетке байланыштуу Оштогу соңку кырдаал тууралуу маалымат бере аласызбы?

- Азыр Ош облусунда бул илдетке кабылган миңден ашуун адам катталды. Булардын 60-70 пайызы ийне аркылуу баңгизаттарын колдонуучулардын арасында катталгандар. Ош облусу эң алдыңкы облустардын бири ВИЧ инфекция тараган боюнча. Бирок азыркы учурда Чүй облусу алдыга чыкты. Азыр дарыгерлер айтып аткандай, жыныстык жол менен жуктургандар да көбөйүп баштады.

- Мындан эки жыл мурун Ноокатта балдарга дарыгерлердин айынан СПИД илдети жуккан көрүнүш болбоду беле. Бул балдардын абалы кандай болуп атат, маалыматтарга караганда элден бөлүнүп, жерилип аткан учурлар айтылып атат?

- Азыр биз ошондой 50 үй-бүлө менен кабарлашып турабыз. Ар бир айда азык-түлүк, самын-сумун сыяктуу нерселер менен жардам беребиз. Ошондой эле Кара-Суу, Ноокат райондорунда эки өз ара жардам берүү топтору түзүлгөн. Анан биздин байкообуз боюнча, азырынча аябай эле дискриминация көрүнүштөрү анча деле жайыла элек. Биз күтүп жатабыз, ал балдар чоңойгондо, мектепке барып баштаганда кандайдыр бир ошондой проблемалар башталышы мүмкүн деп. Ошон үчүн азыр ата-энелер менен иштеп жатабыз. Балдар чоңоюп калса, балдар менен иштей турган иш-чараларды даярдап жатабыз.

- Сиз айтып кеттиңиз, 50 үй-бүлө деп, ошондо канча балага жуккан соңку маалыматтар боюнча?

- Акыркы маалымат боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттары айтып өткөндөй, 173 ВИЧ инфекцияланган бала катталган Кыргызстанда. Биздин СПИД борбордун маалыматы боюнча, 125ке жакын бала медициналык мекемелерде медициналык манипуляциялар аркылуу ВИЧ инфекция жуктуруп алса керек. Ноокат районунда 123 балага жуккан деген акыркы маалымат алганбыз.

- Ошол балдарга төлөнүп берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүп берүү тууралуу да маалыматтар айтылды эле, бул жаатта иштер болуп атабы?

- Биздин уюм тарабынан жумушчу топ түзүлгөн. Ага облустук бийликтен, дарыгерлерден, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр кирген. ВИЧ инфекцияланган адамдардын укуктарын коргоочу бир клиниканын юристи да кошулган. Ошол топ тарабынан ВИЧ инфекцияланган адамдарга байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалган. Биз ошол жөлөк пулду көбөйтүүгө өзгөртүү киргизебиз деп жатканда ал президент тарабынан 2 миң сомго чейин көтөрүлдү деген маалыматты көрдүк. Ошондо да биз азыр баланы карап жаткан энеге жөлөк пул төлөнсүн, ошондой эле эмгек стажы катары эсептелинсин деген мыйзам долбоорун сунуштайлы деп жатабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG