Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Алмаз Ташиевди милицияга ажал айдап бардыбы?


Маркум журналисттин жакындары Ноокат РИИБинин жетекчилигин кызматтан кетирүүнү талап кылууда.
Маркум журналисттин жакындары Ноокат РИИБинин жетекчилигин кызматтан кетирүүнү талап кылууда.

Киши колдуу көз жумган журналист Алмаз Ташиевдин сөөгү 13-июлда туулуп-өскөн Ноокаттагы Жар-Коргон айылына коюлду. Маркумдун жакындары жана окуянын күбөлөрү ал милиция токмогунан улам каза тапканын айтууда.

Окуянын күбөсү Рустам Кулушевдин айтымында, классташы Алмаз Ташиев экөө 4-июлда эртен менен Ноокат районундагы Жаңы-Базар милиция бөлүмүнө паспортко документ даярдаганы барышкан. Ошо маалда ички иштер кызматкерлери аталган бөлүмгө башчы болуп дайындалган Жеңиш Осмоновдун жаңы кызматын «жууп» олтурушкан. Келген кишилер ала-күү болуп отурган тартип сакчыларынын үстүнөн чыгышкан.

-Киргенде эле көзүмө бир урушту. Көзүм караңгылап барып эле жыгылдым. Андан кийин Алмазды уруп киришти. Муну бирөө дайындаган да. Участковый билет да аны. Мени эжем барып чыгарып келе берди. Алмазды алып чыгайын десем, чыгарат, кое берет деп калышты, - дейт Рустам Кулушев.
Алмаз Ташиевдин ооруканада оор абалда жаткан учуру

Рустам Кулушевдин ырасташынча, милициянын айрым өкүлдөрү анын классташын кимдир бирөөлөрдүн буйругу боюнча сабашкан. Муну алардын айрымдары мастыкка шылтоолоп жаткандыгы чындыкка жатпайт. Мындан тышкары чатактын эмнеден тутангандыгын тастыктай турган күбөлөр да бар.

Кепти улаган Жар-Коргон кыштагынын тургуну Бектемир Абдыкалыков ошо күнү Жаңы-Базарга жумуштап барып, айылдашы Алмаз Ташиевди милиция өкүлдөрү тепкилеп жаткандыгын көргөндүгүн, бирок аларды ажыратууга мүмкүнчүлүк болбогондугун билдирди:

- Магазиндин ичинде үч милиция турган. Алардын үстүнө Алмаз киргенде эле токмоктоп киришти. Анан кийин эле сүйрөп милицияканага алып кирип кетишти.Ошондо кирип кетип атканда эле цементке башы тийген. Тепкилеп атышкан. Эси ооп калган. Ажыратканга аракет кылсак, жолотпой кууп чыгышты.

Ноокат аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдырахманованын кебине караганда, 4-июлда токмоктолгон журналист Алмаз Ташиев 5-июлда эртен менен ооруканага жеткирилген, бирок саламатчылыгы оңолгон эмес. Ошон үчүн 10-июлда Ош облустук облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Анткени менен мээси катуу чайкалгандыктан абалы жакшырбай, эсине келбей жатып 12-июлда кечке маал үзүлгөн.

Журналист Алмаз Ташиевдин бир тууган иниси Мелис Ташиев агасы милиция кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапты, ошон үчүн алардын мыйзамсыз жоруктары жазаланууга тийиш деп эсептейт.

Баса, Ноокат районундагы Жаңы-Базар милиция бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Осмонов карамагындагы кызматкерлер Алмаз Ташиевди токмоктогондугун четке какты. Анын айтуусунда, окуя болгон күнү журналист мас экендигин кесиптештеринен уккан:

- Андай факт болгон эмес. Дежурныйдан сурасам, мас абалда экен, Алмаз деген жигит каршылык кылып, сөктү деп айтышкан Сабап салышканын мен билбейм. Эч ким сабаган эмес.

Жеңиш Осмонов учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын, анын жыйынтыгы боюнча гана кеңири билдирүү жасашаарын маалымдады.

Ноокат районунун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев журналисттин сабалышы жөнүндө фактыны жеке көзөмөлүнө алгандыгын, окуяга милиция кызматкерлеринин тиешеси бардыгын ачыктады.

Журналист Алмаз Ташиев 33 жашта эле. Буга дейре «Агым» гезитинде эмгектенген. Андан тышкары башка дагы көз карандысыз массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташып турган. Артында эки кыз, бир уулу калды.

XS
SM
MD
LG