Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Басма сөз эркиндигинин хартиясы - ЕБга кирүүнүн бир шарты болот


Сөз эркиндигинин картасы. 22-октябрь 2008
Сөз эркиндигинин картасы. 22-октябрь 2008

25-майда Европанын 19 өлкөcүнүн журналисттери жана башкы редакторлору Басма сөз эркиндигинин хартиясына кол коюшту. Бул документ маалымат каражаттарын бийликтин кийгилишүүсүнөн коргоонун, жарандар менен журналисттердин маалымат алуу эркиндигинин принциптерин аныктайт.

Германиянын Гамбург шаарында кабыл алынган Хартиянын он беренесинде басма сөз эркиндигинин 10 негизги принциби аныкталган. Хартиянын башкы демилгечиси, немецтердин “Stern” журналынын башкы редактору Ханс-Ульрих Йоргес документтин
“Хартияда маалымат каражаттарын кубаттуу менчик ишканалардын контролунан, цензурасынан жана кысымынан коргоонунун ачык принциптери жазылган”.
Süddeutsche Zeitung
мааниси жөнүндө “Азаттыкка” буларды айтты:

Гезиттердин дүйнөлүк ассоциациясынын Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө арнап уюштурган"Журналисттер бутада" деп аталган өнөктүктүн плакаты.
-Биринчиси, журналисттерди аңдуудан, редакциянын кеңсесин көзөмөлгө алуудан жана чуулгандуу, айрыкча, саясый макалалардын булактарын бийликтин билүү аракетинен коргоо. Экинчиси, журналисттердин өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө маалымат чогултуу жана маалымат жайылтуу эркиндиги. Үчүнчүсү, европалык бардык жарандардын жаңылыктын бардык булактарынан жана тыш өлкөлөрдөн маалымат алуу эркиндиги. Документ журналисттерди экономикалык кысымдан да коргоо ...Бул нерселер хартиянын өзөгүн түзөт.

Ошентип, немецтердин “Süddeutsche Zeitung” гезити баамдагандай- “Хартияда маалымат каражаттарын кубаттуу менчик ишканалардын контролунан, цензурасынан жана кысымынан коргоонунун ачык принциптери жазылган”.
Азыркы экономикалык кризис учурунда өкмөт, саясый партиялар түгүл, компаниялар да журналисттер менен редакцияларга жарнама акчасы аркылуу өз кысым көрсөтүүсү кадыресе көрүнүшкө айланган. Батыш Европадагыга караганда Чыгыш Европанын журналисттери кесиптик милдетин аткарууда дале эркин эмес экенин, өкмөттүк мекемлер менен араздашканда өз укуктарын сырттан жардам болбой коргой алышпаганын 19 өлкөнүн беделдүү басылмаларынын редакторлору белгилешти. Йоргестин айтышынча:

-Эми Чыгыш европалык журналисттер укуктары бузулчу болсо, хартияга шилтеп, өз укуктарын коргой алат. Биз башка өлкөдөгүлөр аларга тилектештигибизди көрсөтүүгө даяр турушубуз абзел.
Хартия болочокто Европа Биримдигине мүчө болуп өтүү боюнча сүйлөшүүнүн бир шарты болот деп үмүттөнүшөт анын демилгечилери. Маанилүү документтин долбоорун Германиянын таасирлүү журналдары: “Stern”, “Spiege”, “Focus” жана гезиттери: “Frankfurter Allgemeine Zeitung,” Frankfurter Rundschau”, “Tageszeitung, Bild”, “Die Zeit”, ошондой эле “National Geographic” телеканалынын улуттук бөлүмү чогуу даярдашты.

Борбор Азиянын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Басма сөз эркиндигинин хартиясына кошулбай калды. Анын жүйөсүн Йоргес мындай түшүндүрдү:

-Биздин хартия Европа региону менен чектелет. Башка өлкөлөрдөгү кесиптештерибизге силер да өз регионуңардын, ал мүмкүн болбосо өлкөңөрдүн хартиясын түзүгүлө дейм. Европалык хартия башка өлкөлөрдөгү коллегаларыбыз тааныса, аларга үлгү боло алат.

Басма сөздүн абалы боюнча Кыргызстан былтыр “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесинде 156-орунда болсо, быйыл эки тепкичке ылдыйлаган. Же эларалык Фридом Хаус уюмунун 2009-жылкы баяндамасында Кыргызстан 195 өлкөнүн ичинен 158-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG