Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

Оор мезгилде ынтымак жана сабырдуулук керек


2-октябрда Чолпон-Атада “Улуттар аралык диалог: ынтымак жана сабырдуулук” аттуу эл аралык конференция өтүп, анда түштүктөгү июнь окуяларынын себептери, кесепеттери жана аны чечүү жолдору талкууланды.

Иш-чарага катышкан президент Роза Отунбаева кандуу калабаны алдын алууда жаңы бийликтин тажрыйбасыздыгын жашырган жок, ошол эле учурда мындан кийин ушундай башаламандыкка жол берилбестигин убада кылды.

Сөзүнүн башында Роза Отунбаева конференцияга катышып жаткан калктын калың катмарынын, диний, маданий жана саясий чөйрөнүн өкүлдөрүн, бейөкмөт уюмдардын башчыларын көйгөйлөрдү жашырбастан, ачык-айкын сүйлөшүүгө чакырды. Ошондой эле парламенттик шайлоонун алдында саясий чайкоочулуктун бутасына айланган июнь окуясында жаңы бийликтин жоопкерчилиги да бар экендигин, бирок ал жүйөлүү себептерге байланышкандыгын ачыктады:

- Биз көрүп-угуп турабыз. Бир катар партиялар кур чечендикке салып Убактылуу өкмөттү абдан катуу сындап жатышат. Биз териккен жерибиз жок, бирок, менин оюмча, бул таптакыр туура эмес. Албетте биз моралдык жоопкерчиликтен качкан жокпуз. Тилекке каршы биз ошол опурталдуу аймактарда күчтөрүбүздү кармабаптарбыз. Анын үстүнө бул багытта тажрыйбабыз да жок экен. Эгерде бардык каражатттарыбыз жетиштүү болгондо эки тарапты мынчалык чатакташтырбастан ажыратып калат элек.

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева улуттук жана эл аралык иликтөөлөрдүн натыйжасында гана түштүктөгү кандуу калабага калыс баа берилерин, ага дейре ишенимдүү бир тыянакка токтолуу кыйындыгын кошумчалады.

Тынчтык ар бир адамдын колунда

Эмгек ардагери Токтосун Жапаровдун пикиринче, мындан ары улуттар аралык жаңжалдардын ар жерден бир мезгилде тутанышына жол бербөө максатында жогорку жана жергиликтүү бийликтердин курамында этникалык өнүгүү бөлүмдөрү уюштурулуп, ал мекеме түздөн-түз президентке баш ийдирилүүсү кажет.

- Биз ушундай жаман нерсеге үйрөндүк. Кокус тополоң башталса чуу түшүп, артынан маалымат чогултуп, анын кесепеттери менен гана күрөшүүнү өнөкөткө айландырып таштадык. Ошондуктан Кыргызстан элдер ассамблеясы жана башка ар түрдүү коомдук уюмдардын ишин кайрадан уюштуруп, жандандырып, тескери багыттагы диний агымдардын өлкөгө киришин чектешибиз зарыл. Ушул өңүттө атайын бөлүмдөрдү ачышыбыз парз. Дегеле улуттар жана диндер аралык маселелер, Роза Исаковна, сиздин жеке жана туруктуу көзөмөлүңүздө болууга тийиш.

Ал эми Кара-Суу шаарынын башчысы, өзбек улуттук маданий борборунун Ош облустук төрагасы Ахмат Рахимов маселени ыкчам жөнгө салуунун жолун сунуштады. Анын оюнча, менчигинин түрүнө карабастан массалык маалымат каражаттарында түпкү эмес улуттардын тилинде атайын программаларды жүзөгө ашыруу абзел.

- Кыргызстанда болуп аткан жаңылыктарды ЭлТР, КТР жана башка телеканалдар аркылуу өзбек, уйгур жана дунган өңдүу улуттук азчылыктардын тилдеринде да чагылдыруу абзел. Ушинтип президенттин, өкмөттүн жасап жаткан иштерин, жүргүзгөн саясатын карапайым калкка жеткирүүгө тийишпиз. Ошондо гана кыргыздан башка этностордун өкүлдөрүндө да Мекенге болгон патриоттук сезими ойгонобу деген ойдомун. Минтип интеграциялануудан кийин жергебизде тубөлүктүү бейпилчилик орнойт го деген ишеничтемин.

Боордош өлкө четте турбайт

Конференцияда Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы кыргызстандыктарды кыйын кезеңде биримдикке чакырып, аталган өлкөнүн башына мүшкүл түшүп турганда түрк тилдүү мамлекеттер Кыргызстанды жалгыз калтырбастыгын билдирди:

- Учурдан пайдаланып Жалал-Абад жана Ошто жашаган боордошторума кайрылаар элем. Абдан кайгылуу окуяларды баштан кечирдиңиздер. Ошондуктан мындан кийин ажырабай биригип, үйүлгөн маселелерди чогуу чечкенге көнүшүңөр абзел. Дагы бир тилегибиз: мына өлкөңөрдө парламенттик шайлоо жүрүп, башкаруунун жаңы системасы орногону турат. 10-октябрь күнү эч кимге тоскоолдук кылуунун кажети жок. Эл каалаганын тандап, шайласын, өз эркине койгула. Мындан дагы маанилүүсү: Кыргызстан эли тынчыкта жана бакубат жашасын. Акырында менин айтарым: Ысык-Көлдүн рухуна ээ болгула. Ошого жараша араңардагы ынтымак-ырашкерликти эч качан бузбагыла! Анткени туруксуз өлкөлөргө башка мамлекеттер жолобойт жана инвестиция тартпайт. Демек андай жумурият эзели өнүкпөйт. Ушуну унутпагыла, боордоштор.

Сөз арасында Ахмет Давутоглы Түркия Кыргызстанга жардам иретинде 21 миллион доллар өлчөмүндө каражат ажыраткандыгын, анын он бир миллион доллары Роза Отунбаеванын Стамбулга сапарында тапшырылгандыгын, калган бөлүгү жайдагы коогалаңдан жапа чеккен түштүк жергесиндеги үйлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды курууга жумшаларын маалымдады.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы.
Андан ары үч топко бөлүнүп кеп улаган конференциянын катышуучулары Ош жана Жалал-Абадда талкаланган ишканаларды кайрадан жандандыруу, кошумча жумуш орундарын калыптандыруу, этностор ортосундагы алаканы чыңдоодо жарандык коомдун жана массалык маалдымат каражаттарынын ролун күчөтүү маселелерин кең-кесири талкуулашты.

Иш-чараны жыйынтыктап жатып президент Роза Отунбаева Ысык-Көлдө көтөрүлгөн көйгөйлөр кагаз жүзүндө калбай тургандыгына ишендирди:

- Мындан башка дагы чечилбей келаткан маселелер толтура. Аларды мүмкүнчүлүккө жараша чекесинен бүтүрүп жатабыз. Жалгыз мисал, түштүктөгү массалык башаламандыктан катуу жабыркагандарга сөзсүз чукул арада үйлөрдү куруп беребиз. Аларды кыштын күнү бийлик талаада калтырбайт.

Роза Отунбаева ошондой эле аталган конференциянын сунуш-талаптарын туруктуу козөмөлдөөчү жумушчу топ уюшулгандыгын жарыялады.

Жыйындын соңунда конференциянын катышууучулары Кыргызстан элине кайрылуу кабыл алышты. Анда өлкө бүтүндүгүнө жана тынччылыгына бүлүк салган чагымчыл күчтөр катуу айыпталып, аларга каршы чогуу күрөшүүгө чакырык ташталды. Ошондой эле улуттук жана эл аралык комиссиялар июнь окуяларына адилет баар берерине үмүт байлашты.
XS
SM
MD
LG