Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо коопсуздугу жайында кыйладан бери кабатыр кептер айтылып келатат. Мунун жүйөсү бардыгын “Ата журт” партиясынын айланасындагы иштер айгинелөөдө.

Атаандаштарды каралоо, сүрмө топтун жардамы менен ага ыдык көрсөтүү шайлоо жакындаганы дагы арбышы мүмкүн. “Азаттыктын” тегерек үстөл талкуусу мына ушул маселеге арналды.

Талкууга катышкандар:

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов

Акыйкатчы Турсунбек Акун

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова

“Азаттык”: Оболу шайлоонун тынч өтүшү жөнүндө, анын коопсуздугу камсыз кылынары жөнүндө аябай эле көп кеп болуп келди. Кеп канчалык көп айтылса, турмуштук окуялар барына тең өзгөртүү киргизип коет экен. Дегеним, 6-октябрда “Ата журт” партиясынын штабындагы болгон окуялардан улам шайлоонун коопсуздук маселеси кандай экени көрүнүп калгандай болду. Марат мырза, ушул окуяга тиешеси бар делген бир тарапка учурда кылмыш иши ачылганы айтылып атат. Ал эми экинчи тарапка документтерин жок кылгандарга карата укуктук баа берилеби?

Марат Иманкулов: Эртеден баштап “Мекен шейиттери”, каза болгон балдардын туугандары Жогорку Кеңештин жанында турбадыбы, телевизордон көрдүк, интернеттен окуп, угуп атабыз. Бул Ташиевдин айтканы кандай, “Ата журт” партиясында лидерлердин бири да. Ошол партияны шайлоодон чыгарбайсыңарбы деп өкмөткө да, БШКга да талаптарды коюп турушту. БШКнын жетекчиси да, президенттин администрациясынын жооптуу кызматкерлери да чыгып сүйлөшүп, түшүндүргөндөй кылды, бирок алар канааттанбай, түштөн кийин жылып “Ата журт” партиясынын офисин көздөй жөнөшүптүр.

Жогорку Кеңештин жанында турганда тынч плакаттарын көрсөтүп турду эле, тиги жакка барганда ошондой болот дегенби, жанында милициянын кызматкерлери бар экен. Бирок айткандарына караганда Жапаров чыгыптыр, сүйлөшө келгенде “биздин балдарды өлтүрүп койгон Бакиевди кайра кайтарып келген атасыңарбы” десе, ал “балдарыңарды ал өлтүргөн эмес, азыркы бийликтегилер өлтүргөн” деген сөз болгон ишим. Ошол жерден адамдар ого бетер кыжырданып, офиске кирип, столдордо турган үгүт материалдарды терезеден ыргытып, эшик алдынан өрттөп ташташкан экен. Жанында плакат да турган экен, аны да өрттөшкөн. Милициянын кошумча күчтөрү келип, тартипти сактаганга аракет калышты.

Кийин Мыктыбек Абдылдаев келип алар менен сүйлөшүп, кечке маал тарап кетишиптир. Бир чети элдер ушундай кызуу кандуулукка алдырып, туугандарын жоготуп турган кезде сөздү абайласак. Сөз кээде киши өлтүрүп коюшу мүмкүн, же кишини көкөлөтүп да коюшу мүмкүн. Элдин жанагыдай болуп турган акыбалын байкап, абайлап сүйлөсөк. Мен мурдатан айтып келатам, дагы кайталагым келет, бул бийлик шайлоонун таза, тунук өтүшүнө бардык иштерди жасап атат. Административдик ресурс колдонулбайт. “Бир да негиз бербегиле” деп борбордук бийликтеги мамлекеттик кызматкерлерден баштап, тээ жер-жерлердеги кызматкерлерге да эскертип атабыз. Силерсиз деле өтө турган партиялар өзү эле өтөт.

Коомдук тартип менен коопсуздукту сактап берели, баарына бирдей шарт түзүп берели, каалагандарын шайлоочулар өздөрү чечсин, кимди шайлап алат, ким келет, биз ошондой шарт түзүп атканбыз. Бирок кечээ жанагыдай окуя болуп кетти.

Кирип баргандар боюнча Башкы прокуратура тарабынан иш козголгон. Ага “Ата журт” партиясынын лидерлери кайрылган экен, ушул боюнча териштиргиле деп. Иликтөө иштердин негизинде экспертизаларды жасаш керек экен. Азыр милиция териштирүү иштерин жүргүзүп атат. Буга сөзсүз баа берилет.

Конституция – улук

“Азаттык”: Мына ушул окуя өлкөдөгү кырдаалды курчутуп жибербейби? “Ата журт” партиясынын тарапкерлери ошондой эле иш-аракеттерди жасап ийбейт деп айтыш деле кыйын го. Мына ушул иштин артында кандай күчтөр турушу мүмкүн? Айтсак, К.Ташиевдин үнү делген аудио-видео жазууга негизденип кылмыш иш ачууга негиз барбы? Деги эле шайлоо алдында, же шайлоонун үгүт кезинде сүйлөгөн сөзү үчүн депутаттыкка талапкер сөзсүз мыйзам алдында жооп береби? Кандай шарттарда жооп берет?

Динара Ошурахунова: Шайлоо кодекси боюнча үгүттү кандай деңгээлде өткөрүү керек боюнча атайын беренелер бар. Мисалы, сөз эркиндиги кандай колдонулуш керек. Анткени шайлоо деген шайлоо. Биздин келаткан парламенттик шайлоо бул абдан кызыктуу өтүп атат. Ушунча көп саясий партиялар катышып атат. Албетте күрөш абдан курч. Ушул курч күрөштө өзүнө шайлоочуларды тартып алабыз деп саясатчылар ар кандай жолдорго барат. Ошонун ичинде кээ бири жер-жерлерге, улутка, динге бөлөт. Ошондуктан шайлоо кодексинде атайын беренелер берилген. Мына 36-беренеде шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик деген бар. Ушул жерде айтылып турат, Конституцияга каршы, согушка чакыруу, элдин арасында коркунучтуу нерселерди атайын сүйлөп, бири-бирин кагылыштырууга чакырган нерселер болбош керек, бул мыйзам бузуу. Муну жакшы көзөмөлдөш керек.

Жалгыз эле саясатчылар айтпайт. Эгерде биз ушуну карап кетсек, азыр ММКлар деле ошондой колдонуп атат, факты жок ошондой материалдарды берип, элди улут катары бөлүп аткандар деле көп. Ошолорго биз Башкы прокуратурага кайрылуубузду берип атканбыз. “Мына, карагылачы, ушул жерде бири-бирибизди улут, дин катары кагылыштырган материалдарды жазып атышат” деп.

Албетте саясатчылар барганда аларга ар кандай суроо берилет, элдин оозунда элек жок. Ар кандай суроолорду бергенден кийин саясатчы намыс суроолорго жооп берет. Жооп бергенде ар кандай жооп берет. Талапкердин бийликке келгенде кандай нерселер болот, же болбойт деген жерде ал айта алат. Бул жерде “Ташиев Бакиевди алып келдим деп айтып атат” деп нааразы болуп атат. Ал эми айтканын айта берет. Эң негизгиси ал элди кагылыштырбашы керек. Ошол боюнча сөзсүз көзөмөлдөө болуш керек. Эгерде ошондой фактылар чыкса, эмне үчүн жергиликтүү бийликтин органдары, же прокуратура андай маалыматты берген жок?

Айырмалуу шайлоо

“Азаттык”: Турсунбек мырза, ушундай нерсени мыйзам негизинде чечүүгө негиз бар беле? Себеби эки атаандаш партиянын бири экинчисине күч колдонуусу, ыдык көрсөтүүсү, ушундай жөрөлгө дагы уланып кетпейт деп эч ким кепилдик бералбайт.

Турсунбек Акун: Азыр шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу, Динара айткандай, көп жагынан аябай кызыктуу өтүп атат, демократиялык нукта. Мурдагы бийлик өтө катуу административдик ресурсту колдонсо, азыр президент нейтралдуу позицияда турат, кийлигишкен жок. Ал “эгерде туура эмес кылсаңар мен өзүмдүн чечимим менен жокко чыгарып салам” деп айтып атат. Бул да керек. Мына ушундай абалды биз пайдаланышыбыз керек.

29 партиянын катышып жатканынын өзү да демократия. Качан бизде 29 партия катышты эле, 9 партия да катышкан эмес. Муну да биз баалашыбыз керек. Азыр көп жолугушуулар болуп атат. Ким тоскоолук кылып атат? Эч ким тоскоолдук кылган жок. Бардыгына сөз берип атат. Бул жакшы жактары. Ушунун биз баркына жетишибиз керек.

Ташиев боюнча, ал өзүнүн эрки, сүйлөйт, айтты, жанагыдай айтса мен туура көрбөйм, бирок анын өзүнүн эрки бар да айтканга. Сөз эркиндиги деген бар. Бирок ал айткан эмесмин деп танып атпайбы. Бизди атайын кызыккан күчтөр провокация кылып, элге жаман көрсөткөн атат деп толугу менен танып атат.

Бул жерден биз эмне кылышыбыз керек? Бул жерде тигиники туура, же мунуку туура эмес деп айта албайбыз. Бийликтин кээ бир өкүлдөрү айтты деп атат. Бул жерден трагедия кылбай, экспертизага берели. Экспертизага “Ата журт” партиясы берди деп уктум, чынбы, калппы билбейм. Ал партиянын бергени туура эмес, бийлик да бербесин. Көз карандысыз экспертиза болсун, тиги жагына, бул жагына тартпаган. Андан тышкары факт боюнча иш козгогонго мен кошулалбайм. Сот чечим чыгара элек жатса, саясий партия катталса, эмне үчүн козгойт? Ошон үчүн коалиция ишти токтотуу боюнча чыгарды. Мен толугу менен акыйкатчы катары колдойм. Азырынча эч кандай далил жок. Соттун чечими жок күнөө боюнча. Өздөрү да танып атышат.

Биз абалды курчутпайлы. Ошол партия кемчилик кетирген күндө да айтышыбыз керек, “кемчилик кетирип атасыңар, сөзүңөрдү байкагыла, элдерди кызытпагыла, канына ойнобогула” деп айтып коелу да, анан шайлоого катыштыра берели деген оюм бар. Бирок бул жерде “Ата журт” партиясынын лидеринин бири Садыр Жапаровго жолуксам ал айтат, бизди КТРге чыгарбай атат, эфирге бербей атат деп. Бүт мүмкүнчүлүктүн баарын “Республика” партиясына берип атат, түштүктү бөлүп жарып атат деген пикирди айтып атат. Бул да туура эмес, эгер чындык болсо.

Биз азыр изилдеп атабыз, кечээ саясий партиянын бүт өкүлдөрү менен жолугуштум. Алар көптөгөн дооматтарды айтты. Үч партия административдик ресурсту колдонуп атышат, аракет кылып атышат дейт. Мисалы, Эдил Байсаловдун сүрөтүн илип койгон экен, илип койсо айтыптыр бул жерден алып сал, илүүгө болбойт деп. Ал алып салса, анын ордуна башка бийликчил партиянын лидерин илип коюптур, ал турат ушул убака чейин дейт. Ал эмне үчүн мындай? Мындай болбош керек, менин оюмча, калыстык болуш керек.

Жоопкерчилик жүгү

“Азаттык”: Марат мырза, ушундай чагымчылык жолугуп атат, бул массалык түрдө эмес, бирок айрымдарына баа берилбей калгандыгы экинчи бир чагымчылыкты пайда кылып аткандай таасир калтырат. Дегеним, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Таластагы окуясын билесиз. Эми “Ата журт” партясына байланыштуу бул иш болуп кетти. Мына ушундай жагдайда дагы кандай иштерди жасаса болот деп ойлойсуз?

Марат Иманкулов: Сурооңузга жооп берердин астында Тукемдин кылмыш козголбош керек дегени боюнча мен тактап кетейинчи. Башкы прокуратуранын айтканына караганда, алардын маалыматы боюнча бул партиянын үстүнөн эмес, Ташиевдин үстүнөн козголбоптур. Маалымат каражаттарына чыккан маалымат боюнча, кандайча ушул маалыматтар кетти деп, ошонун негизинде, ошонун ичинде “Ата журт” партиясынын лидерлеринин кайрылуусунун негизинде ушул иш козголуп, текшерилип атат.

Эми “бул айтылган эмес, бул монтаждалган” деген суроого, ошол кылмыш изилдөө иштин негизинде экспертизалар болуп бул аныкталыш керек. Экинчи жагы, эмне кылыш керек дегенге. Мен жакында Ош, Жалал-Абадга барып даярдыктар кандай болуп атканын өз көзүм менен көрүп келгем, элдер менен жолугайын деп. Ошол жерден Ош мэриясынын залында Ош жергесинде шайлоого катышып аткан партиялардын координаторлору жана штаб жетекчилери менен жолуктук. Мен ошол жерде бийликтин кылып аткан иштеринин баарын айтып бердим. Мен ошол жерден айттым: “мына сиздер отурасыздар, мен азыр билип алайын. Биз айтып атабыз административдик ресурсту колдонбош керек, бийлик бардык жагынан таза өткөрөлү деп атабыз. Силер тараптан эми мыйзам чегинде иштеш керек. Мамлекеттик кызматкерлер кайсы деңгээлде болбосун, ресурсту пайдаланып атат деген фактылар болсо азыр айткылачы, биз ушул боюнча чара көрөлү” деп суроо бердим. Ошол жерде отурган бир да партиянын өкүлү бир да фактыны көрсөтө албай коюшту. Бул жагынан таза өтүп аткан экен деп мен да көңүлүм ток болуп келе бердим.

Эми эмне кылыш керек? Мына азыр мага партиянын лидерлери чыгып атат. Ошол эле “Ата журттун” ичинде жүргөн тааныштарым бар. Башка партиялардан чыгып атышат. Мен айтып атам, 29 партиясыңар, мамлекет бирөө эле, коом бирөө эле, элибиз бир, 29 жакка чачыратып тартып кетпей, ушул 29 партия силер биригип, азыр өкмөттө иштеп аткан мамлекеттик кызматкерлер чогулуп алып элибизди жакшы жолго жылдыралы, шайлоону татынакай, ызы-чуусу жок, таза өткөрүп алалы, анан кийин бир нукка чыгып алып алдыга жылалы. Мамлекет, эл кыйналып турган кез. Ошондуктан коомду бириктириш керек. Эгерде коомдун бүт күчтөрүнүн баары тең эки жакка тартпай, баары бир нукта биригип алып иш кыла турган болсок, анда коом астыга жылабыз. Эгер баарыбыз тең ар кайсы жакка тартып тура берсек, ушул ордубузга тура беребиз, же артты көздөй кетебиз, эч качан астыга жылбайбыз.

“Азаттык”:
Парламенттик шайлоо даярдыгы учурунда кайсы бир партияга карата жасалган ачык чагымчылыкка негедир укуктук баа берилген жок. Антип мыйзамга кайчы келчү иштерге көңүл бурбай коюу кийинки чагымчылыктарга жол ачпайбы?

Динара Ошурахунова: Чынында эле азыр кызыктуу шайлоо болуп аткандан кийин баарына тең мамиле, тең укук берилип аткандан кийин, алар да өзүнүн жоопкерчилигин сезиш керек. Биз азыр чыныныда эле оор абалда турабыз, эл коркуп, тынчсызданып, шайлоо кантип өтөт экен деп атат. Ушул шайлоого чейин эч ким эч кандай планды түзбөй атат. Анткени баары ушул шайлоону күтүп атат.

Өз убагында баа берилбегенден кийин кээ бир партиялар ошону менен колдонуп алып, жер-жерлерде кайрадан күчөп атат. Мисалы, биз угуп атабыз, кээ бир саясий партиялардын лидерлери аялдар мамлекетти жетектегенди билбейт, тигиндей-мындай деген сөздөрдү айтып атышат. Кандай болбосун, аял кишиби, эркек кишиби, Роза Отунбаева – президент. Менин эсимде бар, Бакиев, Акаевдин убагында президентке каршы сүйлөдү деп иш козгоп, камачу. Эми азыркыларга сөз эркиндигин кудай бериптир. Эми ошону деле жоопкерчилик менен колдонушса. Анткени эркиндик деген башаламандык эмес.

Ар кандай сөздөрдү сүйлөбөш керек, ар бир сөзүңө жооп беришиң керек. Эгерде саясатчылар өздөрү сөзүнө туралбагандан кийин, сөзүн факты менен тактабагандан кийин, булар жыргатабы, жыргатпайбы деген өзүнчө дагы бир суроо чыгат. Азыркы убакта баарына тең мамиле, тең укук берилип аткандан кийин, биз ачык шайлоо өткөргөнгө даяр эмес экенбиз. Анткени эскиче эле өз программаларын айтып бербейт, бири-бирин жамандоо менен чыгып атат лидерлер.

Турсунбек Акун: Мен ойлойм, саясий партиялар, тилекке каршы, сыноого даяр болбогонун далилдеп атат. Ушундай эркиндик кылымдарда бир берилсе керек. Аял, тиги бу дейбиз, эркектерден качан жарып кеттик эле. Эжекебиз канча кемчилик кетирсе да, канча сындаса да чыдап атпайбы, кыйын учурда башкарып атат.

Мен ойлойм БШК, укук коргоо органдары, МВД, СНБ, Башкы прокуратура жетишсиз иштеп атат, айрыкча БШК. Кечээ Акылбек Сариев менен сүйлөшүп чыктык, бул БШК жайыл дасторкон кылып атпайбы, 29 партия болсо, анын баарын каттап салды. Анын арасында каттала турганы, катталбай турганы бар. Мейли баарын каттасын, каттагандан кийин жайыл дасторкон кылбаш керек да. Азыр канчалаган плакаттарды илип атат, канча мыйзам бузуулар болуп атат, административдик ресурс болуп атат, эми кичине тишин көрсөтүш керек да. 29ун каттагандан кийин анын баары мыйзамды сактап аткан жок да, административдик ресурс колдонгону болуп атат, бирөө бийликке таянып атат, бирөө бийликке таянбай акчасына таянып атат, бирөө асмандан парашют менен түшүп атат, билген талканын чалып атат.

Кечээ айтышты, 10 млрд. сомго чейин азыр бюджетте тешик пайда болду деп. Мамлекеттин акчасын кээ бирөө пайдаланып атат дейт. Бул оюнчук эмес да. Ушундай кезде президент бардыгына жетише албайт. Укук коргоо органдары, БШК 3-4нө штраф берип койчу эле го. Лисовский ага караганда тигинисин алып коюп, мунусун алып коюп, жаза берген. Буларга баары бир экен, мен муну кылалбайм, тигини кылалбайм дешет. Андай болбош керек. Укук коргоо органдары азыр иш козгоп ийбей, буга чейин эскертепейби.

Ошто, Нарында көп нерсе болуп атат. Ишти Марат мырза көрүп атат. Ушундай болору белгилүү болгон. Кеп Ташиевде эле эмес, ар бир адам ушуга бармак. Түндүктө да бир Ташиев чыгат. Бирок Ташиев ушуга барарына мен ишенбейм, бул парламенттин депутаты болуп жүргөн жигит, билимдүү. Азыр барган жокмун деп атат. Ошон үчүн муну БШК да, башкасы да алдын алыш керек болчу. Алдын албай баарын таштап койсо албетте чыгат. Азыртадан эки күн болсо да чара көрүлүш керек бул маселе боюнча.

Жакшы тилек – жарым ырыс

“Азаттык”: Кыргызстандагы парламенттик шайлоо чөлкөм кыйын абалды башынан кечирип жаткан учурда, Ош, Жалал-Абад жаңжалдарынын изи суй электе, коңшу Тажикстандагы кырдаал курчуп бараткан чакка туш келүүдө. Анан да айрым бир чагымчылыктар чыгып кетсе шайлоо артка жылдырылып калышы мүмкүнбү?

Марат Иманкулов: Шайлоо таза, убагында өтөөрүнө менин чоң үмүтүм бар. Жанагыдай коркунучтар болбой койбойт. Биз мамлекетпиз. Биздин коңшу мамлекетте жанагыдай кырдаал түзүлүп атса, биздин июнда болгон окуядан кийин коркунуч болбойт деп ким айта алат. Ошондой коркунуч болгон күндө да биз реалдуу түрдө карап чыгып, ошого колубуздан келген бүт даярдыктардын баарын жасап атабыз. Өзгөчө күч органдары техника тарабынан бекемдеп, адамдык ресурстарды бекемдеп, бүт региондордо штабдар түзлдү, ошонун ичинде биринчилерден болуп түштүк облустарда.

Биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүйлөшүп, жанагыдай болтурбайбыз деп атабыз. Эгерде биз кыргыз мамлекети, эл журт болгондон кийин дагы июндагыдай окуяга алып келе турган болсок, биз анда элдин да, дүйнө жүзүндөгү коомчулуктун да бетин карай албай калабыз. Мамлекет болгондон кийин ар бир мамлекеттеги жаран өзүнүн Конституцияда гарантта турат да, ден соолугу, өмүрү боюнча гарант болушу керек. Биз ошого гарант болуп беришибиз керек. Ошон үчүн биз ушундайга жол бербейбиз. Биринчи ошого даярдык көрүлүп атат. Эл, демократия болгондон кийин митинг болот, ал боло бере турган нерсе дечи, бирок чоң жаңжалга өтүп кетпеш үчүн биз даярдык көрүп атабыз. Аны болтурбашка болгон күчтүн баарын жумшайбыз.

Турсунбек Акун:
Референдумду Ош окуясынан кийин бир жарым айга жеткирбей татынакай өткөрүп алдык. Президентти шайладык, Конституцияны кабыл алдык. Кыргыз эли алты ай бою даярданып келатабыз. Мындай көп мөөнөт болгон эмес. Мурдагы шайлоолорду эки эле айда өткөрчү элек го. Кыргыз эли акылдуу эл. Шайлообуз жакшы өтөт.

Толкундоолор, пикеттер бирин-серин болушу мүмкүн, бирок бул шайлоо салыштырмалуу таза, ачык да өтөрүнө мен толук ишенем. Бул шайлоону президент да жылдырганга барбайт, барса эл туура эмес түшүнөт, дүйнөлүк коомчулуктун алдында да уят болобуз. Ошондуктан бул шайлоону кандай болгон күндө да өткөрүп, 10-октябрда биз чекит коюшубуз керек, парламентти шайлашыбыз керек. Азыркы саясий күч башаламандыкка жол бербейт. Укук коргоо органдары да, күчүбүз да жетерин биз далилдедик.

Динара Ошурахунова: Ушул шайлоонун таза, ачык өтүшүнө саясий партиялар мамлекет менен тең жоопкерчилик тартат. Ошолор кандай мамиле, кандай деңгээлде байкоочуларын даярдап, кандай максаттарын коюп атканына биз көз карандыбыз. Мамлекеттин башчысына жоопкерчиликтин баарын илип коюп, биз мындай кылабыз, эмне кылсаңар ошону кылгыла деген болбойт. Бул шайлоо абдан кыска мөөнөттө өтүп атат, бир эле ай болду, шайлоочулар дагы билбейт. Азыр ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарынан бир партия 0,5 пайыз алыш керек. Ошондо гана ошол партия утат.

Марат Иманкулов: Мен Динарага толук кошулам, бул мамлекетибиздин келечеги, мамлекеттин ичиндеги стабилдүүлүк бир гана мамлекеттик кызматкерлери эмес, бүткүл коомдун иши. Ошондуктан шайлоого катышып аткан партиянын лидерлеринин баарын тең патриот катары сезем, ошондой деп эсептейм. Патриот болгондон кийин өз мамлекетине жакшылык гана каалайт деп ойлойм. Мен да жакшылык каалайм, ушул жерде отургандардын баарыбыз тең патриотпуз. Ошон үчүн баарыбыз биргелешип ушул шайлоону жакшы өткөрүп, эл-журтту алдыга жылдыралы деген жакшы ойду айткым келет.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG