Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Каралоо күрөшү күч алдыбы?


"Ата Журт" партиясына нааразы топ партиянын үгүт баркчаларын өрттөштү. Бишкек, 6-октябрь.
"Ата Журт" партиясына нааразы топ партиянын үгүт баркчаларын өрттөштү. Бишкек, 6-октябрь.

Парламенттик шайлоого төрт күн калды. Ушул тапта шайлоого аттанган саясий партиялардын жана алардын жактоочуларынын ортосунда бири-бирин каралоо күрөшү күч алды. Байкоочулар азыртан башталган бул процесстер шайлоо учурунда жана андан кийин чыр-чатактарга алып келүүсү ыктымалдыгын айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоочу күнгө убакыт аз калган сайын атаандаш партиялардын кайым айтышуулары күч алды. Ага удаа шаарларда, айылдарда “Демилге тобу” деген атка жамынгандар ар кайсы саясий партияларды колдогон же жамандаган баракчаларды таратууга өтүштү. Мындан тышкары гезит беттеринен да улам бир саясий партиянын лидерлерин, мүчөлөрүн каралаган макалалар байма-бай жарык көрүп жатат.

"Ата Журт" партиясына нааразылык

Бир нече күн мурун интернет бетинде, андан кийин айрым телеканалдар аркылуу “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин “эгер биз жеңишке жетишсек, К. Бакиевди өлкөгө алып келебиз” таризинде сүйлөгөн сөзү кайра-кайра көрсөтүлдү. Партия лидери буга дароо каршылыгын билдирип, муну атайын “Ата Журт” партиясын каралагысы келген атаандаштары жасаганын айтып чыкты. Бул маалымат эл ичинде ар кандай пикир жаратып, 7-апрелден кийин түзүлгөн “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдары 6-октябрда Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар “Ата Журт” партиясын шайлоодон чыгарууну талап кылышты:
"Ата Журт" партиясынын кеңсеси жайгашкан имарат алдындагы нааразылык, 6-октябрь.

- Бул партия элди түндүк-түштүккө бөлүп жатат. Мындан тышкары элин аттырган Курманбек Бакиевди кайра апкелебиз деп атышат. Ошондуктан, булардын аракеттерин Борбордук шайлоо комиссиясы карап, шайлоого кое бербеши керек, -деп билдирди митингдин уюштуруучуларынын бири Турсунбек Жамансариев.

Өткөн аптада айрым саясий партиялар “Учкун” мамлекеттик концерни тарабынан “Айыл турмушу” аттуу гезитте айрым партиялардын лидерлерин жамандаган макалалар жарыяланганын, гезит 200 миңден ашуун нуска менен басылганын, бирок 10 миң нуска деп көрсөтүлгөнүн белгилеп, Башкы прокуратура гезиттин бардык нускасын камакка алган. Бирок көп өтпөй БШК гезитте мыйзамсыз макала жоктугун билдиргенден кийин, басылма окурмандарга таратылган. Гезитте “Ата Журт”, “Ар-намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Республика” партияларынын лидерлери, мүчөлөрү тууралуу башка басылмаларда мурда басылган терс пикирдеги макалалар көчүрүлүп жарыяланган. Шайлоо өнөктүгүнө көз салган байкоочулардын айтуусунда, мында мыйзамсыз аракеттер жок, болгону гезиттин нускасын азайтып жазуу туура эмес.

Сырткы күчтөрдүн да кызыкчылыгы барбы?

Талдоочулар мындай каралоолор жана чагымдар – парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын гана эмес, сырткы күчтөрдүн да кызыкчылыгында жаткан иш деп белгилешүүдө. Саясат талдоочу Марс Сариев ушул тапта Кыргызстанда кармашып жаткан лидерлер Батыштын, же Орусиянын, же Кытайдын геосаясий кызыкчылыгынын куралы болуп жатканын өздөрү да билбей жатышат деп эсептейт:
Марс Сариев

- Ири мамлекеттер Кыргызстанды плацдарм катары пайдаланып, өздөрүнүн геосаясий теорияларын ишке ашырууга аракеттенип жатышат. Азыр айрым чоң мамлекеттер Кытай менен, Иран менен ачык кармашка өтүштү. Кыргызстанга окшогон алсыз мамлекеттердеги туруксуздук, чыр-чатактар аркылуу алар өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууга аракет кылышат. Кыргызстан Борбор Азиядагы, жалпы эле постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң күчсүз мамлекет. Жергиликтүү саясатчылар буга жакшы маани бербей, Кыргызстанда ошол ири өлкөлөрдүн жетекчилери көздөгөн, өздөрүнүн көзүн карап турган, айтканынан чыкпай турган өкмөттүн келишин көздөп жатканын билсе да билмексен болуп атышат.


Шайлоочу жана беш пайыздык чек

Айрым талдоочулардын айтуусунда, бул жолку парламенттик шайлоодо күрөш өзгөчө күчтүү болот. Бул өлкө парламенттик башкарууга бет алганына байланыштуу болууда. Бирок партиялык тизме менен парламентке келе коюу оңой эмес экенин, жалпы шайлоочулардын 5% добушуна жана ар бир аймактан 0,5% добушка ээ болгон гана саясий партиялар жеңишке жетишерин БШК маалымдап келет.

Ошентсе да бүгүнкү күнү шайлоочулардын көпчүлүгү мындан кабарсыз, бул болсо шайлоодон кийинки толкундоолорго шарт түзөт деп белгилешет шайлоо өнөктүгүнө көз салып жаткан байкоочулар. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы бул тууралуу ар бир саясий партия үгүт жүргүзүп жаткан учурда да шайлоочуларга маалымдап турууга тийиш деген пикирде:

Динара Ошурахунова
- Шайлоого катышып жаткан саясий партиялар 5%, 0,5% тоскоолдор тууралуу жакшы билишет. Бирок алар үгүт учурунда бул тууралуу шайлоочуларга айтпайт. Шайлоочулардын муну билбестигин алар өздөрүнүн пайдасы үчүн колдонушу толук мүмкүн. Жеңишке жетишпей калган саясий партиялар “силер бизге добуш берип, шайладыңар, бирок тиги же бу региондо биз тиешелүү добуш ала албай калдык, ошол үчүн жеңишке жетпей калдык,” деп эч качан айтпайт. Алар деген “силер бизди шайладыңар эле, мына силердин добушуңар уурдалды, бизди өткөрбөй атат,” деп айтып чыгышат. Мунун баары шайлоодон кийин чоң чатактарга, толкундоолорго алып келиши ыктымал.

БШКнын маалыматы боюнча, азыр өлкөдө 2 млн. 836 567 шайлоочу бар. 5% тоскоолдон өтүү үчүн партиялар жалпы республика боюнча 141 828 добуш алышы керек. Ал эми аймактардан 0,5% тоскоолду өтүү үчүн Ош облусунда 2 997 добуш, Жалал-Абадда 2 487, Чүй облусунда 2 340, Ысык-Көл облусунда 1 173, Баткен облусунда 1 142, Нарын облусунда 777, Талас облусунан 607 добуш алууга жетишүүсү керек. Бишкек шаарында 1 703 добуш, Ош шаарынан 576 добуш алса болот. Эгерде саясий партиялар бир эле аймактан 0,5% добушка ээ боло албай калса, парламентке өтө албайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG