Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Кыргыз парламентаризмин Кремль чала тааныды


Аялдар референдумда добуш бергенден алдың пикир алмашууда. Ош шаарынын Он адыр району. 27-июнь, 2010

Аялдар референдумда добуш бергенден алдың пикир алмашууда. Ош шаарынын Он адыр району. 27-июнь, 2010

10-октябрда Кыргызстанда өтчү шайлоого Россиянын тийгизген таасирине көңүл бурбай койуу мүмкүн эмес.

Бул бир жагынан Россия жетекчилеринин кремлчил саясатчыларды маанилүү саясый өнөктүк алдында кабыл алганына байланыштуу болсо, экинчи жактан Кремлдин жетегиндеги маалымат булактарынын кээ бир партиялардын лидерлерин терс жактарын чукулаган материалдарды жарыялоосуна байланыштуу.


Медведевдин сөзү - Кремлдин саясаты

Москванын Кыргызстан башкаруунун парламенттик формасына өтүүсүн жактырбаганын ырастаган өтө таасын окуя - президент Дмитрий Медведевдин “Парламенттик башкаруу өлкө үчүн катастрофа болот” деген сөзү жана “Ар намыс” партиясынын кремлчил лидерин Медведевдин кабыл алуусу болду.

Москванын, айрыкча, өкмөттүк “Бирдиктүү Россия” партиясынын кээ бир күчтөрдү түз колдоосунун позитивдүү да жактары бар деп санайт АКШдагы Фридом Хаус уюмунун Евроазия боюнча директору Сэм Паттен:

Президент Медведев (оңдо) премьер-министр Путин менен Горькидеги резиденциясында кездешүүдө. 1-октябрь 2010

- Себеби бул Россиянын шайлоо өнөктүгүнө кызыкканын, анын жыйынтыгына кызыкдар экенин көрсөтөт. Кыргызстан үчүн шайлоону иреттүү жана калыс өткөрүп алуу аябай маанилүү. Шайлоого 29 партия катышууда. Россиянын айрым партияларды колдогону чындык. Бул ошо Россияга өнөктөш партиялар менен Кыргызстандын мыйзамдары ортосундагы маселе. Андан да маанилүүсү: шайлоо ачык таймашка айланып, ага каалаган партиялардын катышып жатканы.

Сэм Паттен Лондондо чыкчу “Телеграф” гезитинин шайлоодон пайдаланып, Россия жана АКШ Кыргызстанды саясый күрөштүн майданына айлантууда деген көз карашын жаңылыштык деп баалады:

- АКШ эч кандай реформачыл же диктатуралык режимди жактаган партияны колдобойт. Биз Америка каржылаган программалар эркин, адилет шайлоо жараянын жана жарадык коомдордун элге шайлоонун зарылдыгын түшүндүргөнүн колдойбуз.

АКШ эч бир партияга артыкчылык бербесин, кыргызстандыктардын эркин сыйлай турганын АКШнын Бишкектеги элчилиги да “Телеграфка” билдирген.

Президент Медведевдин парламенттик демократия Кыргызстанды катастрофага алып барат деген маанидеги сөзүн кандай түшүнсө болот? Бул сөз - Сэм Паттендин айтышынча - Кремлдин парламентаризмге карата мамилесин чагылдырат: “Өлкө президенти мындай билдирүүнү өкмөт тутунган саясатка ылайык жасайт”. Бирок Паттен мырза Россия жетекчилиги мындай көз карашын өзгөртөт деген илгери үмүттө:

Бишкектин "Ала-Тоо" аянты. Орозо айт күнү. 10-сентябрь 2010

- Мен Кыргызстанда үч жума болуп келдим. Бардык Орус өкмөтү парламенттик демократияны сүйүшпөгөнүн билишет. Баары өзгөрөт деп ойлойм. Орус өкмөтү убагы менен береги көз карашын өзгөртүп, парламенттик шайлоо системасы тууралуу интеллигенттүү бүтүм жасайт деп ойлойм. “Бирдиктүү Россия” сыяктуу нукура өкмөттүк партиянын бу шайлоодо Кыргызстандагы түрдүү саясый партияларды колдогону - алардын парламенттик демократиянын айрым жактарына ишенгенинин белгиси. Болбосо, бул партияларды колдойт беле”,-деди Фридом Хаус уюмунун Евроазия программасынын директору.

Парламенттик демократия: "Ообага жок деген бар"

Ошол эле учурда Сэм Паттен парламенттик системага өтүү Кыргызстан үчүн ылайыктуу деп ишенет:

- Эгер парламентке шайланган партиялар чогуу констркутивдүү иштей алышса, же жаңы өкмөттү түзүп, Кыргыз калкы күткөн проблемаларды чечсе, парламенттик демократия Кыргызстан үчүн позитивдүү болот деп ойлойм. Башкача айтканда, эл үмүт кылгандай өкмөттү түзгөнгө жардамдашуу - бул жакшы жараян.

Борбор Азия интеллигенциясы арасында да регион үчүн президенттик башкаруудан жакшысы жок дегендер да бар. Белгилүү оппозициячыл тажик журналисти Додожан Атавуллонун сөзүнчө, жердешчилик күчтүү болгондуктан, парламенттик башкарууга өтүү мүмкүн эмес. “Анткени парламентаризмдин кыргыздарга, тажиктерге, өзбектерге таандык эмес өзгөчөлүгү бар. Биздин психологиябыз окшош, динибиз бир, бир аймакта жашайбыз. Тажикстандагы парламенттик шайлоодо, адам өлкөдө канчалык белгилүү болбосун, өз регионундан башка жактан депутат көрсөтүлсө, өтпөйт. Же кулябдык талапкер Кулябдан, хоженттик Хоженттен, түштүктүк түштүктөн, түндүктүк түндүктөн депутат шайланат,-дейт узак жылдардан бери Москвада сүргүндө жашаган тажик журналисти Додожан Атавулло.

АКШнын Мэриленд университетинин докторанты Эмил Жураев парламенттик башкарууга кыргызстандыктар даяр экенин айтат: “Кыргызстанда парламенттик башкаруу иштеп кете турганына толук шарт бар. Анткени калктын басымдуу бөлүгү жаңы системаны колдоп, жаңы системанын оюндарын кабыл алып жатат”,-дейт Жураев быйылкы референдумдун жыйынтыгына таянып. 27-июндагы референдумда шайлоочулардын 91 процентке жакыны жаңы Конституцияны колдоп добуш берген.

XS
SM
MD
LG