Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Парламенттик шайлоого төрт күн калды. Бул жолку жарышка 29 партия ат салышууда. Мынчалык көп партия арасынан татыктуусун тандоо кандай болушу керек? “Азаттыктын” бул багыттагы суроолоруна юрист, “Консенсус” корунун аткаруучу директору Данияр Нарымбаев жооп берди.

- Сиз июнь айында Конституциялык кеңештин мүчөсү элеңиз. Ошондо жаңы баш мыйзам жазылып атканда “Цивилизациялашкан саясий атаандаштыкка шарт түзүлүп атат” деп айткан элеңиз. Азыркы шартта ал пикириңиз өзгөргөн жокпу?

Д.Нарымбаев: Өзгөргөн жок. Бирок кырдаалга байланыштуу өзгөчөлүктөр бар. Мен тандоого жардам берчү төрт багытты айтып кетет элем. Биринчиси, бул партиялардын программалары. Эми шайлоого бараткан 29 партия бар экен. Программаларын карасаңар абдан жакшы тил менен жазылган, кеңири, чоң дегендей. Бирок биздин тарыхта программа менен шайланып келген партия ошол программанын негизинде өкмөттү курап, анан ошол программасы үчүн саясий жоопкерчилик тартты деген тажрыйбабыз жок. Демек азырынча партиялар тоонун башын жаза беришет. Бир гана программага көңүл бурган туура эмес.

Экинчи багыт бул партиялардын тизмеси. Партиялардын тизмесинде 30 пайыздан кем эмес аялдар, жаштар жана башка улуттун өкүлдөрү жүрөт. Аларды карап көрсөң, бирин өтө жаш дейсиң, бирин өтө картаң дейсиң. Аял дейин десең жакшы да, жаман да үлгүлөр бар. Айгүл Рыскуловадай жакшы пикир жараткандар бар. Чолпон Баекова десек кудай сактасын дейсиң. Айтор тизмеде да чоң кемчиликтер бар.

Үчүнчү багыт, партиялардын лидерлери. Аларды карап көрсөк, мына өткөндө теле дебатта жаңы түзүлгөн эки партиянын лидерлери кармаша кетти эле, акырында жийиркенүүдөн башка сезим калбайт экен.

Төртүнчү багыт бул партиялардын тарыхы. Мен муну эң негизгиси деп эсептер элем. Бизде парламент түзүлгөнүнө 15 жыл болду. Тарых үчүн 15 жыл көз ирмемге тете убакыт. Бирок биздин тарых үчүн чоң эле убакыт. Анткени эки президентибиз алма багына окшоп гүлдөп, өнүп-өсүшүп, акырында чириген алмага окшоп тарыхтын таштандысына түшүп калышты. Бул эмнени билдирет? Бул деген биздин элибиз авторитаризмге чыдабайт экен деген сөз. Шыпырып түшөт экен. Бирок эл өзү эле толкуп кетпейт. Элди башкарган, багыттаган бирөө болот. Ошондуктан кайсы партия чоң, тарыхый окуяларга салымын кошту деп баалаш керек.

Кайсы партиялар 15 жыл ичинде туруктуу иштеп, элдин кызыкчылыгына иштеп, куугунтуктарга карабай өзүнүн багытын алмаштырбай, түз жол менен жүрүп отурду деп эстешибиз керек. Анан негизгиси, кайсы партия чоң ийгиликке жетти деш керек. Чоң ийгилик деген эмне? Ал - системаны өзгөртүш үчүн Баш мыйзамды алмаштыруу. Бул жагына кимдер салым кошо алды? Ушундай жагдайларга көңүл буруш керек. Кооз программаларга, лидерлердин куру бекер убадаларына алданбаш керек. Алдыда турган беш жыл бул жөнөкөй эле беш жыл эмес. Бул - мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калабызбы, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула алабызбы деген суроолорду жараткан жылдар болот. Ошондуктан жакшылап таразалаш керек. Ар бир добуш чоң баага ээ.

- Сиз өзүңүз ошол 29 партиянын программаларын окуп чыктыңызбы?

Д.Нарымбаев: Ошондуктан айтып атам да, булардын бардыгынын прораммасын окуп чыга алган жокмун. Негизи кооз тил менен жазылган. Мен көп партиялардын программаларына ишенбей турам.

- Эми шайлоо да өтөр. Шайлоодон партиялардын бир канчасы өтсө да калганы жеңилет. Азыр жеңилген партиялар чатак баштап жибериши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Кооптонууларга жүйө, мүмкүнчүлүк барбы?

Д.Нарымбаев: Эми шайлоо өткөндөн кийин коомбуздун бир бөлүгүнүн сөзсүз ичи чыкпай калат. Шайлоонун жыйынтыктарын жактырбай калышат. Ошондой сөзсүз болот. Беш-алты партиянын тегерегинде гана шайланат. Калгандары жеңилет. Бул табигый нерсе. Бирок менин пикиримде жеңип келген партиялар парламентке келип тил табышат, антүүгө аргасыз. Алар тил табышып, анан ишибиз жүрө баштайт. Ал эми жеңилген партиялар жеңилгенин моюндарына алуулары керек. Саясий маданият ушинтип жаралат. Соттошобуз дешсе соттошсун. Бирок чаң-тополоң чыгарганга мамлекет жол бербеши керек.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG