Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

”Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Ынтымак курултайын өткөрүү маселесине арналды.

Талкууга катышкандар:


Коомдук ордо кеңешинин төрагасы, Ынтымак курултайын өткөрүү комитетинин мүчөсү Садыкбек Аблесов






Бириккен Элдик кыймылдын төрагасынын орун басары, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев





“Азаттык”:
Садыкбек мырза, президент Курманбек Бакиев 21-январда калкка кайрылып, анда Ынтымак курултайын өткөрүү демилгесин көтөрдү жана ага элдин арасынан татыктуу адамдарды тандоону сунуш кылды. Албетте Конституцияда курултай жөнүндө атайын жобо бар. Бирок анда курултайдын укук, милдети так жазылган эмес. Азыркы курултай жөнүндөгү жободо да кабыл алынган чечимдер сунуш иретинде тиешелүү мекемелерге берилет деп жазылган экен. Ошондуктан курултайда кабыл алынган чечимдер кандай укукка жана мыйзамдык күчкө ээ болорун түшүндүрө кетсеңиз?

Садыкбек Аблесов: Ынтымак курултайын түзүү маселеси мурунтадан эле айтылып келатат. Себеби саясат таануучулар, саясатчылар жана маселени түшүнгөн кишилердин көбү кыргыздарда илгертен эле маселелерди курултайлар чеччү деп айтып келатат. “Курултай болуш керек, бул туура болот эле” деген элдин үнү президентке жетип, ошондуктан ушул чечимге келди го деп ойлойм.

Айрымдар “бизде бир-эки жолу курултай болгон, элдин тарыхы жөнүндө жалпы сөз болуп эле кол чабуулар менен тарап кеткен” деп айтып атат. Бул жолку курултайдын системасы ынтымакка келтириш керек деп кичине башкача болгону турат.

Президенттин “кыргыз мамлекети, кыргыз элинин түбү Кыргызстан болгондон кийин ушул кыргыз элинин тегерегинде этнос элдер да өсүш керек” деп айткан сөзү мага жакты. Дагы бир чоң маселе айтылып атат: ушул курултайга эстүү-баштуу, элдин, жердин көйгөйүн түшүнгөн, маселелерин билген кишилер шайланса деген пикирлер бар. Мурун аким, губернаторлор чогулуп келип эле курултайлар өткөн да. Азыр болсо ар бир айыл округунан атайын бирден өкүл деген сунуш бар.
Коомдук ордо кеңештин маселеси башка. Бири-бирин эч кайталабайт.


“Азаттык”: Президент өзүнүн телекайрылуусунда ушул курултайга катыша турган адамдардын саны жөнүндө айтып кетти. Эми ушул Ынтымак курултайында кабыл алынган чечимдер кандай мыйзамдык күчкө ээ болот?

Садыкбек Аблесов: Курултайдын 750 мүчөсү болот. Бул жерде эң негизгиси - курултайдын жумушчу органы түзүлүп атат. Менин Коомдук ордо кеңешиндеги тажырыйбам боюнча ошол орган иштей турган болсо, мында туура маселелер коюлуп, жер-жерлерден келген мүчөлөрдүн ар бири өзүнүн регионунун маселелерин карай турган болсо, ошол жумушчу орган керектүү мыйзам катарында кабыл алып, ошону Жогорку Кеңешке сунуш киргизип, өкмөт чече турган маселе болсо өкмөткө берип, президент чече турган маселе болсо президентке жеткирсе, анда курултайдын мааниси да, келечеги да бар.

“Азаттык”: Демек кабыл алынган чечимдер мыйзамдык күчкө ээ болуп, мамлекеттик органдар аткарууга милдеттүү болот деген ойдосузбу?

Садыкбек Аблесов: Милдеттүү болот. Себеби маселени туура кое турган болсо, бүгүн чечилбесе, баары бир эртең чечилет. Кеп маселени туура койууда.

Курултай шайлоо алдында гана керекпи?

“Азаттык”: Эмилбек мырза, Ынтымак курултайын өткөрүү жөнүндөгү алгачкы кайрылуу болгондон кийин эле сиз “Ынтымак курултайы эмес, бийликке жагынгандардын курултайы болот” деп айттыңыз. Эмне үчүн сиз абдан каршы болуп жатасыз? Сиз элдин арасынан татыктуу адамдар чогулуп, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө каршысызбы?

Эмилбек Каптагаев: Жок, курултай деген мамлекеттик маселени чечүүдө орчундуу орун ээлеш керек деген маселени төрт жылдан бери эле биздин партия деле көтөрүп келатат. Курултай концепциясын иштеп чыгып, ошол эле өкмөткө да сунуш кылганбыз.
Көп маселелердин ичинен керектүүсүн табыш керек. Ошол керектүү маселени чече турган болсок калгандары өзүнөн өзү тартылып чечилип кетет.


Ошол курултайдын уюштурулуп атканын жакшы деп эсептейм. Бирок ошол жакшы нерсенин маанисин, мазмунун өзгөртүп, кой териси сыяктуу болуп атат. Анткени ынтымак деген сөздүн астында калыстык жана адилеттик деген турат. Үй-бүлөдө деле калыс сөз болбосо, адилет чечим болбосо ынтымак болбойт, айылда, мамлекет, коомдо деле ошондой. Эгерде ынтымак деген сөздүн артында калыс сөз айтылып, адилет чечим чыкпай турган болсо эч кандай ынтымак болойт.

Ынтымак курултайы болбойт дегеним, түзүү принциби кандай болуп атат? Ар бир айылдык округда азыр жергиликтүү жамааттардын курултайы деген Акаевдин убагында түзүлгөн орган болгон. Аларга кимдер кирет? Ошол айылдык округдагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү кирет. Райондук деңгээлдеги курултайга райондук деңгээлдеги жетекчилер кирет. Мына ошондой жетекчилер жалаң жем жеп жаткан акырдан, ошолордун сөзүн сүйлөйт.

Өткөн жылдагы шайлоодо деле көрсөк болот, ошондойлор чогулуп, киши дайындап, сүйлөшкөн. Курултайга коомдо каршы пикир айткан, коомдо болуп аткан кандайдыр бир курч маселелерди көтөргөн кишилер келет дегенге мен таптакыр ишенбейм. Андай кишилер келбейт. Мен курултайга ар бир айылдык округдан ошол эле “Ак жол” партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү дайындалат, же болбосо мурунку шайлоодо дүжүр болуп чурулдап-чыркырап, бийликтин сөзүн, камчысын чаап жүргөн дүжүр активдерден шайланат, ошолор келет деп бүгүн эле айта алам.

“Азаттык”: Оппозициянын жер-жерлерде өкүлдөрү бар эмеспи. Мына ошолор өздөрүнүн делегаттарын көрсөтсө болбойбу?

Эмилбек Каптагаев: Көрсөтсө болот. Бирок шайлоо механизми жамааттык жана жергиликтүү курултайларга байланып атпайбы. Жергиликтүү курултайлардын курамы бүгүн толугу менен жергиликтүү кызматта иштегендерден турат. Мына ошондон улам айтып атабыз, эгерде курултайдын делегаттары ар бир айылда түз шайлоо менен шайланат деп жарыяласа, анда бир жөн болчу. Ар бир айылда татыктуу кишини эл түз шайласын, мына ошондо балким жарымы болсо да калыс, айылдын ичинде авторитет, аброюн сактап жүргөн кишилер келет болчу.

“Азаттык”: Садыкбек мырза, делегаттарды тандоо кандай критерий менен жүргүзүлөт? Президент акылкөй, билимдүү, илимий тармактардан да адамдар кирет деп айтпадыбы.
БЭК азыр начарлаган жок, тескерисинче, бекемделип баратат.


Садыкбек Аблесов: Эмилдин айтканы туура. Анын көңүлү калып бүткөн, шайлоолордун бардыгы тең туура эмес өтүп атпайбы, аны бардыгыбыз эле билебиз. Жашырганда эмне? Жашыргандан пайда чыкпайт, андан биз алдыга жылбайбыз. Эми бул шайлоолор туура өтүшү үчүн элдин аң-сезимин көтөрүш керек. Элдин аң-сезимин ким көтөрөт? Партиялар көтөрөт.

“Азаттык”: Мисалы, оппозициянын өкүлдөрү көрсөткөн адамдарды делегат кылып көрсөтсө, жергиликтүү бийлик органдары макул болобу?

Садыкбек Аблесов: Каршылык жок. Мен кечээ да башка сыналгыда айттым, гезиттерге да “айланайындар, бардык бейөкмөт уюмдар, партиялар баргыла, катышкыла. Өзүңөрдүн кишиңер болсо ошол айыл өкмөттүн, айыл округдун маселесин чечкен, иштин көзүн билген, ошого жарай турган маселени конструктивдүү койо ала турган кишилерди шайлап келгиле” деп жаздым. Президент да ошону айтты. Мен президентке кирип чыктым. Элдин өзүнүн оюна койгулачы, элдин өзүнөн келсин, үн жетсинчи дедим.



Сөз эркиндиги бардыгы үчүн бирдей

“Азаттык”: Садыкбек мырза, сиз азыр делегаттарды калыс тандайбыз деп айттыңыз. Ушул курултайдын делегаттары жумушчу органы эки жылга шайланып иштей турган болуп жатпайбы. Бул Коомдук ордо кеңешти кайталаган жыйын болуп калбайбы? Же бул кеңеш бара-бара жоюлабы?

Садыкбек Аблесов: Коомдук ордо кеңештин маселеси башка. Бири-бирин эч кайталабайт. Курултайдын маселелери башка. Ал эми Коомдук ордо кеңеш элдин күнүмдүк көйгөйлөрүн карайт.

“Азаттык”: Демек Коомдук ордо кеңеш жоюлбай, курултай өз алдынча, Коомдук ордо кеңеш өзүнчө иш жүргүзө береби?

Садыкбек Аблесов: Балким бири-бири менен айкалышып иш жүргүзсө жакшы болот. Ордо кеңеш өзгөрүлөбү, кандай болот - буга али жете элекпиз.

“Азаттык”: Курултайдын жобосунда анын негизги милдети улуттук кызыкчылыктарды ишке ашырууга жалпы элди бириктирүү болгону жазылган экен. Азыр Кыргызстандын алдында жалпы улуттук кызыкчылык эмне, кандай маселе?

Эмилбек Каптагаев: Мына, Садыкбек мырза айтып кетпедиби, калыс пикиримди президентке да айттым деп. Азыр Коомдук палатанын төрагасы катары, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү катары бир маселени коюп, өзүңүз көтөрүп, палатада карап чеччү бир маселе бар.
Азыр бийликте отургандар “муну жасасак болобу” десе, “жок, мыйзамга туура келбейт, болбойт” дегендин ордуна, “бул мыйзамга туура келбейт экен, мыйзамды өзгөрткүлө” дейт.


Улуттук телерадио - жалпы элдин энчиси. Ар бир адам коомдо болуп аткан маалыматты толук угууга, ошондон маалымдар болууга укуктуу. Ошол укуктун чектелишинен улам коомдо ар кандай пикир айтылып, элге жетпей атат. Оппозициялык партияларбы, башка саясатчыларбы, же эркин серепчилер болобу, ошолорго күнүнө бир саат, жарым саат убакытты арнайлы.

Курултайда ар кандай кайчы пикир көтөрүлүш үчүн, маалымат элге жетиш үчүн таптакыр эле оппозицияны сыналгы-үналгыга чыгарбай койгонуңар туура эмес. Бул ооздоруна чүпөрөк тыгып, сүйлөтпөй койгонго эле барабар. Ошон үчүн калыстык болуш үчүн ушул маселе чечилип, курултайга даярдык катары эркин эфир чыгарып берели деп чечим чыгара аласыздарбы?

Садыкбек Аблесов: Мындай чечимди чыгарууга акыбыз жок. Бирок айтууга, силердин үнүңөрдү жеткирүүгө акыбыз бар.

Эмилбек Каптагаев: Коомдук палатадан бул маселени карап, балким ошол чечимиңерди өткөрүп койсоңор ушул курултайга салым болот эле деп ойлойм.

Садыкбек Аблесов: Эгерде курултайдын жумушчу органына силердин кишилер келип, бул жетпейт, бул болбой жатат, бул жерде туура эмес болуп атат десеңер, аны жеткирсек, курултайдын салмагы Коомдук палатадан жогору болот.

“Азаттык”: Эми улуттук кызыкчылык жөнүндө айтсаңыз.

Эмилбек Каптагаев: Президент кайрылуусунда “бизге демократия түрүндө жасалма органдын кереги жок, биз накта демократиялык орган түзөбүз” деди.

“Азаттык”: Сиз кайсы орган жөнүндө сөз болду деп ойлойсуз?

Эмилбек Каптагаев: Ушул курултайды накта демократиялык орган кылуу үчүн ошого карата сөзсүз бийлик кадамдарды жасаш керек. Мына ошол кадамдардын бири катары, мен азыр эле көтөргөн маселе - бул коомдогу маалымдуулук. Маалымдуулуктун негизги каражаты – үналгы жана сыналгы. Бүгүн толугу менен тыюу салынган, бир да оппозицияда жүргөн саясатчыны сыналгыдан көрсөтпөйсүңөр.

Биринчиден, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн, накта демократиялык курултай болуш үчүн курултайга чейин, курултай убагында коомдо болгон ойлор, пикирлер ачык айтылыш керек, элге жетиш керек. Экинчиден, бул ачакей саясат, айтканы бир, жасаганы башка.

Улуттун бүгүнкү кызыкчылыгы эмне? Бул - энергетика, чек ара, жер маселелери, адам укуктарынын корголушу, эркиндиктердин камсыз болушу. Мына, ушул эле үч маселени алсак, ар бири боюнча улуттук кызыкчылык такыр эске алынбаган ондогон мисал келтирсек болот.
Конституция азыр Кыргызстанда эч кандай деле документ болбой калды.


Бүгүн Кыргызстан адам укуктары боюнча эркин эмес мамлекет. Мындан, кудайга шүгүр, 5-10 жыл мурда жарым-жартылай эркин мамлекет деп келдик эле. 2005-жылы ошол жарым-жартылайдан толук эркиндик берилген мамлекетке өтөбүз деген максат менен ыңкылап болгон. 3-4 жылдан кийин эле эркин эмес мамлекеттердин катарына кирдик. Бул улуттук кызыкчылык үчүн жооп береби? Жооп бербейт.

2005-жылы ыңкылапта эл эки чоң ураан менен чыккан: “үй-бүлөлүк башкарууну жок кылабыз” жана “коррупцияны жок кылабыз” деп. Бүгүн эмне болду? Азыр коррупция боюнча кандай маселелер көтөрүлүп жатат? Үй-бүлөлүк башкарууну айтпай эле коеюн. Мына, кеп ошондо болууда.

Айткан менен иш жүзүндө жасаганы ар башка, бул - ачакей саясат. Демократия түспөлүндөгү орган түзбөйүн десе, ачакей саясатты алгач президент өзү токтотуш керек. Ошондон улам курултайына ишенич болбой атканы ошондо да, жасаганы башка, айтканы башка.

“Катышам-катышпайм, барам-барбайм”

“Азаттык”: Садыкбек мырза, эгер ушул Ынтымак курултайын өткөрүүдө жалпы элдин көйгөйүн көтөрө турган болсок, азыр коомчулуктун көңүлүндө сөз эркиндиги, бийлик менен оппозициянын ортосундагы диалог, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу маселелери айтылып жатат. Себеби Топчубек Тургуналиев “абийир туткуну” деп аталган адамдардын саны 98ге жетти деди. Кийинки эле жылдарда чет өлкөгө качууга мажбур болгон журналисттердин саны ондон ашып кетти. Мына ушундай маселелер курултайдын күн тартибине коюлабы? Мына ушулар боюнча оппозициянын, элдин мүдөөсү айтылабы?

Садыкбек Аблесов: Мына ушулардын бардыгы болбошу үчүн курултай түзүлүп атат. Бул курултай - элдин үнү, жалгыз президенттин үнү эмес. Бул курултайдын күн тартибинде ар кандай маселе каралат. Курултайда бир жылда бир жолу жыйын болот деп күтүп отура бербестен, мен айткан жумушчу органга ар ким келип кайрылууга акысы бар.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, сиз өзүңүз эле сөздүн башында ушундай элдик курултайларды өткөрүү керек деп демилгени көтөрүп келе жатабыз деп айттыңыз. Сиз өзүңүз да көп жолу кайрылгансыз. Эмне үчүн азыр оппозиция курултайдын өтүшүнө кандайдыр бир деңгээлде тайсалдап турат, же курултайда айта турган оппозициянын сунушу жокпу?

Эмилбек Каптагаев: Сунуш да, айта турган сөз да толтура. Тайсалдаган жокпуз, оппозициянын өкүлдөрү курултайга бүгүн чакырса бүгүн барып катышканга даяр.

“Азаттык”: Чакыртпай эле демилге көтөрө албайсыздарбы?

Эмилбек Каптагаев: Чакыртпай демилге көтөрүүгө да даярбыз, ал боюнча иштеп жатабыз. Экинчи жагы, биз кооптонгон маселелерди көтөрүп атабыз. Биз курултайды бул көрнөк-жарнак катары эле, артындагы жаман иштерди жаап, фасаддык материал катары пайдаланбаш үчүн курч маселелерди айтып атканбыз. “Ошондой кылбай таза, Садыкбек абам айтып аткандай, накта элдик курултай жасайбыз” деген ниети болсо колдойбуз, катышабыз.



“Азаттык”: Эгер сиз делегаттыкка көрсөтүлүп калсаңыз катышасызбы? Эгер катышсаңыз тайсалдабай, бетке айтчу кайсы маселелерди көтөрөсүз?

Эмилбек Каптагаев: Ушуга чейин айтып келаткан маселелердин бардыгын көтөрөбүз. Ошол эле азыр айткан демократия, адам эркиндиктери, адам укуктары маселеси. Бул абдан чоң маселе.

Бүгүн, мисалы, киши өлтүрүп кетүү, саясатчы болобу, журналист болобу, же жөнөкөй адам болобу, эртең менен жумушка чыгып баратып, кечинде тирүү келем деп кепилдик бере албайт. Мына, Павлюктун өлүмү боюнча казактардын басма сөзү буга жөнөкөй эле бейбаштар эмес, Кыргызстандын атайын чалгын кызматтары аралашкан деп айтып жатат.
Курултайга коомдо каршы пикир айткан, коомдо болуп аткан кандайдыр бир курч маселелерди көтөргөн кишилер келет дегенге мен таптакыр ишенбейм.


Садыкбек Аблесов: Бир жактуу айта берген туура эмес, Эмил. Муну айта берсе көбү түшүнөт, көбү түшүнбөйт. Булардын бардыгын тастыктап, Казакстан иликтөөсүн бүткөндөн кийин айтсак туура болор эле.

“Азаттык”: Демек ушундай маселелер көтөрүлүп калса, күн тартибине коюлсун деген сунуштар болсо, курултайда көтөрүлөбү, айтылабы?

Садыкбек Аблесов: Көтөрүлөт. Жумушчу органына бирөөлөр кайрылса, мисалы, ошол эле курултайдын мүчөсү жумушчу органына келип, маселени конструктивдүү койсо, ошол курултайдын жумушчу органы ошол эле күч органдарына, же өкмөткө, же президентке маселени коюуга акысы бар.

Ыңгайлуу Конституция, ийкемдүү мыйзам

“Азаттык”: Садыкбек мырза, ушул Ынтымак курултайына бара-бара Жогорку Кеңештин бир катар ыйгарым укуктары өткөрүлөт деген да божомолдор пайда болду. Ушул чынбы? Долбоор даярдалып жатабы?

Садыкбек Аблесов: Жок, андай долбоор азырынча жок, андай болушу да мүмкүн эмес. Мыйзамды кабыл алуу - Жогорку Кеңештин иши.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, жобосунда ушул курултайда кабыл алынган чечимдер тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш катары берилет деп жазылып жүрбөйбү. Кабыл алынган чечимдер аткарылат деген ишеним сизде барбы?

Эмилбек Каптагаев: Конституция азыр Кыргызстанда эч кандай деле документ болбой калды. Конституцияда “адамдар тынчтык жолу менен жыйналганга, ар кандай өзүнүн пикирин ачык айтканга укуктуу” деп түз жазылган. Мына ушул укукту Жогорку Кеңеш бир эмес үч жолу чектеди.

Конституциялык Сот “бул мыйзам Конституцияга туура эмес келет, адам эркиндиктерин чектеп атасыңар” деп эки жолу чечим кабыл алды. Эки жолу кабыл алган Конституциялык Соттун чечимине карабастан, Жогорку Кеңеш ошол эле чектөө менен кайра мыйзам кабыл алды. Мунун өзү бизде Конституцияга, мыйзамга карата мамиле такыр өзгөргөнүн билдирет.

Азыр бийликте отургандар “муну жасасак болобу” десе, “жок, мыйзамга туура келбейт, болбойт” дегендин ордуна, “бул мыйзамга туура келбейт экен, мыйзамды өзгөрткүлө” дейт. Бир нерсе жасардан мурда мыйзамды өзгөртүп салышат да, ошону жасашат. Демек бул мыйзам мыйзамдык күчүн жоготконун далилдейт. Мыйзам тосуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.

Ушундай шартта курултайдын чечими жөн гана сунуш иретинде болуп атат. Эгерде ошол сунуш бийликтин жүргүзгөн саясатына, көз карашына каршы келсе эч качан аткарылбайт. Бирок чогулган курултай андай чечимди аткарбайт, андай маселени карабайт. Анда азыркы бийлик жасаганды колдоо иретинде гана сунуштар даярдалат.
Курултайда ар кандай кайчы пикир көтөрүлүш үчүн, маалымат элге жетиш үчүн таптакыр эле оппозицияны сыналгы-үналгыга чыгарбай койгонуңар туура эмес.


Садыкбек Аблесов: Эмике, болбойт деп эле отура берсек анда кылбай эле коелу. Бир нерсе кылыш керек да, эл курултай деп айтып жүрөт, ага макул дейт. Пленардык жыйынды өткөргөндө да элдин жайына коюп, мүмкүнчүлүк бергилечи. Айтышынча айтсын, жазып алалы, карайлы, жумушчу орган ошол сөздөрдүн бардыгын карап, талдап, анан бир чечим кабыл алалы.

Анан бүгүн боло элек жатканда эле болбойт деп койсок, анда башка бир нерсе айтпайсыңарбы. Бирок бир нерсе жасап, баштап көрүш керек да. Ошол убакта да сизге сөз тиет, сизге окшогон партиялар айтат. Бизде жүздөн ашык партиялар бар, ошолордон акыры кишилер келет, силердин мүчөлөрүңөр келет го.

Мен дагы бир жолу кайталап айтам, күтүп эле отура бербейли. Курултай бир жылда бир жолу чогулуш өткөрө турган болсо, ошонун жумушчу органына келсе, ар бир региондун көйгөйүн айткан кишилер жана сизге окшоп сыналгыга бербей жатат деген кишилер менен кошулуп, курултайдын жумушчу органы иштеп баштаса жылабыз го деген үмүтүм бар.

“Азаттык”: Садыкбек мырза, азыр Эмилбек мырза айтпадыбы, курултайда көтөрүлүүчү маселелер үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, Конституциялык реформа маселеси болуш керек деп. Ошондой маселелер көтөрүлсө күн тартибине киргизилеби?

Садыкбек Аблесов: Көтөрүп, барып, жазып президентке “элдер мына мындай деп кайрылып атат, ушуну түшүндүрүп бериңизчи” деп кайрылсак болот. Президент деле элге каршы эмес да. Муну талдайлы. Эмнеге талдабайбыз?

Эмилбек Каптагаев: Биз курултайда каралуучу маселелерге айтылчу сөздөргө сунуштарды беребиз. Сиз өзүңүз аксакал катары ошону тиешелүү жерде айтып, көтөрүп, алдыга түрткөнгө жардам берсеңиз биз сизге ыраазы эле болобуз.

Садыкбек Аблесов: Силер бергенден эч ким зыян таппайт. Көп маселелердин ичинен керектүүсүн табыш керек. Ошол керектүү маселени чече турган болсок калгандары өзүнөн өзү тартылып чечилип кетет. Эгерде маселенин негизгисин табалбасак, майда-чүйдөгө кетип калсак анда бир топ кыйналабыз.

“Азаттык”: Садыкбек мырза, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү катары айтсаңыз, курултайды өткөрүүгө кетчү чыгымдар жөнүндөгү жобо быйылкы жылдын бюджетине киргизилген эмес. Ага канча акча коройт жана бул мыйзамга каршы аракет болбойбу?

Садыкбек Аблесов: Канча акча кетери али белгисиз. Аны эч ким айта албайт. Эми өкмөттө резервдик кор деген бар да, ошондон алышат го.

Бириккен Элдик кыймыл канчалык бирдиктүү?

“Азаттык”: Эмилбек мырза, сунушуңуздарды тактап, иреттеп берүүгө БЭКтин ичиндеги ынтымак мүмкүнчүлүк береби?

Эмилбек Каптагаев: Сөзсүз. БЭК азыр начарлаган жок, тескерисинче, бекемделип баратат. Азыр Европа, АКШ, чет жакта БЭКтин бюросун ачуу маселеси каралып, ошолордун курамдары такталып атат. Партиянын бардыгы каттоодон өткөн.

“Азаттык”: Кээ бир талдоочулар БЭКтин ичинде азыр ынтымак жок деп айтып атпайбы?

Эмилбек Каптагаев: Эмне үчүн ынтымак жок? Ынтымак деген каралып, көтөрүлүп аткан маселелерден көрүнөт да. Бүгүнкү күнгө биздин өлкөдө жүрүп аткан саясатка карата БЭКтин ичинде пикир бир. Биздин өлкөдөгү экономикалык жана башка саясатка карата сунуштарыбыз бир.

Мындан эки жыл мурда кол коюлган меморандум бар, ошол саясий платформадан четтеп кеткен жопуз. Мына ошол платформанын чегинде биз курултайга деле сунуштарды берүүгө даярбыз. Кеп башкада болуп атпайбы. Кеп бүгүнкү күндө орчундуу маселелер, ошолордун чечилиш жолдорунда. “Мамлекет кайда баратат” деген жол.
Үй-бүлөдө деле калыс сөз болбосо, адилет чечим болбосо ынтымак болбойт, айылда, мамлекет, коомдо деле ошондой.


Мына, жакында эле Конституциялык Сот президент өз ыйгарым укуктарын аткаралбай калса ким аткарат деген маселе боюнча сунушун четке какты. Эми андан ары ошол сунуш кандай чечилет? Анткени ал жерде чынын айткандай өлкөнү алааматка салып ийчү чечим сунуш кылынган. Мына ошол маселелердин бардыгы эле курултайга кайра коюлуш керек, курултайда аныкталыш керек.

“Азаттык”: Демек БЭК ушундай сунуштарды берсе, уюштуруу комитети кабыл алууга, күн тартибине киргизүүгө даяр турбайбы?

Садыкбек Аблесов: Бул маселелердин бардыгын жумушчу орган сөзсүз карайт. Ошон үчүн түзүш керек. Анан “бул болбойт, андай-мындай” дей берсек, бир нерсе кылбасак жылбайбыз. Президент ошонун бардыгын тең кылайын деп атканда чыдап түзөлүчү, элдин аң-сезимин көтөрүп, керектүү кишилерди алып келеличи.

Эгерде ишмер, түшүнгөн, дүжүр эмес, кошоматчы эмес, бийликтин камчысын чаппаган, жөн эле кыйкырбаган кишилер болсо. Бул жагынан биз жакшы билебиз, кээ бир убакта акимдердин арасында “алдагы көбүрөк кыйкырат, ошону жиберип койолучу” дегендер да бар. Ошондуктан жөн эле кыйкыра берген эмес, конструктивдүү маселени түшүнгөн жигиттерден мүчө кылалычы. Анан маселелерди коелу.

“Азаттык”: Анда эмесе оппозиция менен бийликтин ортосунда курултайда диалог түзүлөт деген үмүт менен бүгүнкү маегибизди жыйынтыктайлы. Сиздерге рахмат.

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады. (Президенттин басма сөз кызматынын тасмасы)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG