Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Эл-бийлик экилтиги: ачык айтылчу сөз арбын


Ош облусунун Кара-Суу району, 3-сентябрь 2010-жыл
Ош облусунун Кара-Суу району, 3-сентябрь 2010-жыл

ЕККУнун полиция тобунун Кыргызстанга киргизилиш-киргизилбеши саясий өң-түстөгү талашка айланып кетти. Маселе чечилишинин создугуп баратышы артынан толгон-токой миш-миштерди жаратууда.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу мына ушул темага арналат. Ага мурдагы спикер Алмамбет Матубраимов жана мурдагы Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышты.

Келбесин, кирбесин, эмне үчүн?

- Кыргызстанда ар кандай маселе сөзсүз саясий өң-түс алып кетет. Ошондой жолойго Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эл аралык полиция кеңеш тобунун келиш маселеси да түшөт окшоп калды. Анын себебин Алмамбет мырза, сиз эмнеге байланыштырат элеңиз?

Алмамбет Матубраимов: Бул өзү саясий деле өң-түс албаш керек эле. Эгемендик алганыбызга 19 жыл толду. Саясий жоопкерчиликти бийлик өзүнө алышы зарыл. Качанкыга чейин тияк-биякты карап отурабыз? Шартын билбегенден кийин кабыл алып чакырыштын кереги жок болчу. Бирөөлөр келип биздин маселени чечип бербейт. Кыргыз эли өз маселсин өзү чечиш керек деген ойдомун.

- Осмонакун мырза, минтип маселенин саясий өң-түс алып кетишине кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыгы жаткан жокпу?

Осмонакун Ибраимов: Эми ал көрүнүп турган нерсе. ЕККУнун 50 жакын полициясы келип бизге жардам берели дешсе ага мынчалык ызы-чуу чыгарыштын кереги деле жок болчу. Ал эми анын саясий өң-түс алышына айрым бир адамдардын коркуусу, чочулоосу себеп болду окшойт. Буга кыргыз элинин тиешеси жок. Келсе жаман деле болмок эмес. Бирок бир топ кишилер элди уюштуруп, жыйын куруп чуулдатып жатканда алып келиштин кереги деле жок. Мындай кырдаалда алып келиш: бир чети алардын коопсуздугун камсыз кыла албай жатсак, эл каалабай жатса алып келиштин кереги жок.

Биз ЕККУ мүчөсү болгонубуздан кийин алар менен кызматташуу, иштешүү биздин милдетибиз. ЕККУнун бизди басынталы деген деле ойлору жок го деп ойлойм. Анан шайлоо алдында кызып турган кандарды дагы кызытып жибере турган болсо, коомчулук каалабай жатса алып келиштин зарылдыгы жок.

- Алмамбет мырза, эл аралык полиция кеңеш тобу келсе Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды кыйла эле бир жактуу, тенденциялуу кабылдап алган дүйнөлүк маалымдоо каражаттарына, эл аралык уюмдарга калыс, объективдүү маалымат жеткирилеби деген үмүт бар эле.

Алмамбет Матубраимов: Андан, ЕККУнун полициясы келеби, башкалар болобу, жагдай өзгөрбөйт. Ансыз деле маалымдоо каражаттарында жырткыч, андай-мындай дегендердин баарын көрсөтүп бүтүштү. Биздин Убактылуу өкмөт болуп өткөн окуялардын түбү эмнеде экенин түз айтып бериши керек эле. Бул 90-жылдары деле болгон. Мен ачык айтып коеюн, ошо кезде деле сепараттык маанай, автономия сурашкан. 3 райком секретары, 11 баатырлардын колу коюлган кат Москвага жөнөтүлгөн.

Болуп аткан окуяны элге туура түшүндүрсөк эл туура кабыл алмак. Чет өлкөлөрдөн, эл аралык уюмдардан 1 миллиард 100 миллион доллар беребиз дешти. Кол чаптык. Бирок алардын көбү аткарылган жок. Мында саясий маселелер турат. Аны чечиш керек эле. Мына президент Талас, Нарын, түштүккө барды. Баягы эле дежурлар. Актив деп чакырып коет. Карапайым элдин кандай сунуштары бардыгы айтылбай, мурдагы эле калыпта келатабыз. Катуу айтылган сөздөр көрсөтүлбөй, эл миш-миштер менен гана жашоодо. Болгон сөз ачык ортого салыныш керек. Мына ансыз деле жетпеген бюджетти талкалап бүттүк. 28 миллиард жетпей жатат. Алдыбызда 4 ай турат. Кайда барабыз? Коркпостон туруп айтышыбыз керек. “Ооруну жашырсаң - өлүм ашкере кылат”. Маселени чече турган эл.

Азыр маалымат каражаттарында ачык кеп болбой калды. Бүдөмүк, жалаң ушак-айың жүрүүдө. Күч органдарынын айлык маянасы 50% көтөрүлдү деп атабыз, анын артында эмне турат? Шайлоо эмне болот? Карама-каршылык болсо күчөп баратат.

Шайлоо деген шаңдуу оюн шаштырып турат

- Осмонакун мырза, ЕККУнун полициясынын кеңеш тобу келсе болгон окуяга калыс, так баа берилиши мүмкүн деген ой айтылды эле. Ошентип айтса болобу?

Осмонакун Ибраимов: Маалымат деген чечүүчү нерсе. Тилекке каршы, өкмөт, медиа тармагында отургандар эч нерсе жасай алышкан жок. Биз дүйнөгө мокочо көрүнүп, бизди алар сыйлабай калышты. Маалымдоо каражаттарында Кыргызстан тууралуу тескери маалыматтар толтура, азыр деле ошондой. Аны башкача бурганга маалыматты тейлегендердин буямасы келбей жатат. Кыргызстан каякка баратат, деген сөз болуп калбадыбы. Деградацияга баратабыз. Бийлик күчсүз, эл менен байланышы солгун.

Шайлоо эл үчүн чоң сыноо болгону турат. Депутат болчуларды карап отуруп кооптоносуң. Уурулар менен паракорлор, мурунку бийликтен ашып калгандардын баары келди. Уят-сыйыттуу интеллигенция өкүлдөрүн алардын арасынан көрүш кыйын болуп калды. Элдин бийликти жек көрүүсү да көтөрүлүп баратат. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Саясий элита эптеп эле парламентке жетип, бардыгын өкмөткө шылтап отургусу келет. Андай болбойт. Маселе убагында чечилбесе эл качан чечилет экен деп күтүп олтурбайт. К.Бакиевден начар тагдыр ушул өкмөттү күтүп турушу мүмкүн. Биз эл аралык уюмдар менен толук кандуу кызматташыбыз керек. Анан полиция кеңешчилер тобун эл каалабаса алып келиштин кереги жок. Эл аралык иликтөөчү комиссия деп атпайбызбы. Ал болуш керек. Антпесе Ош окуяларына ким күнөөлүү экени айтылбай калат. Анан болгонду жаап-жашырып, жапма челек кылып алсак дүйнө коомчулугу баары бир айыпты ачып, күнөөлүүлөрдү өздөрү жазалайт. Бизден күчтүү мамлекеттерди чөгөлөтүп коюшкан. Кызматташпай койсок миллиард акчаны бербей коюшу мүмкүн. Бербей койсо эл үйсүз калат. Ал уламдан-улам кулгуна жарадай болуп чоңоюп өсө берет.

Комиссиялар иштеп жатат

- Эл аралык комиссия иштеп жатат. Алмамбет мырза, кайгылуу окуянын жыйынтыгы так иликтенеби?

Алмамбет Матубраимов: Ал күнөөлүү, бул күнөөлүү деп жатабыз. Саясий бийликке келгенден кийин коркпой болгонду болгондой айтып, күнөөлүүнү аташ керек. Сепаратизм бул жерде бар экенин билебиз. 22-майда Р.Отунбаева өзбек маданий борборунун өкүлдөрүн кабыл алган. Эмне суроо коюлган? Баары айтылышы керек. Саясий оюнду баштап коюшуп эми анын натыйжасына эч кимдин жооп бергиси келбей жатат. Күч органдары бар. Баарын жайына коюп койсо болмок. Азыр да миштер көп.

Осмонакун Ибраимов: Өткөн иштер үчүн кимдир-бирөөлөр жооп берби же жокпу? Минтип отура берсек Ооганстан жолуна түшүп калышыбыз оңой эле. Ар коктуда өз лидери болот, башканы киргизбейт. Ош окуяларына убагында чара көрбөгөн жеткчилер кызматтан кетиши керек. Өзүм билген ишти айтайын. Азыр баарылап жамандап аткан К.Бакиевдин Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси болгон эмес. Бирок К.Бакиев премьер-министр, укук коргоо органдарын башкарып турганы үчүн кызматтан кеткен. Саясий кине коюлуп кызматтан алынган. Аксы окуясы жаман болду. 6 киши набыт кетти. Бишкекте 85 киши, Ош менен Жалал-Абадда жүздөгөн киши набыт болуп, миңдеген киши жарадар, эки шаар талкаланганы үчүн кимдер жооп берет? Өкмөттөн бир киши сөгүш эмес эскертүү алган жок. Жооп берилбеди.

- Рахмат!

XS
SM
MD
LG