Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Жолдун кенени жакшы, поюзга деле


Темир жол эни эми минтип талашта

Темир жол эни эми минтип талашта

Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу өтчү эларалык темир жолун куруу маселеси Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикалык кызматташтыгы уюмуна кирген өлкөлөрдүн эмдиги айда өтүүчү жыйынында талкууланат.

Долбоордун алгачкы техника-экономикалык негиздемеси жасалган. Бирок да ортолук темир жолдун эни кандай болушу керек маселеси азырынча тактала элек.

Кууш жол курушка кимдер куштар?

Ортолук темир жолду Казакстанга чейинки бөлүгүн Кытай тарап өз стандартына ылайыктап кууш темир жол салууну сунуштоодо. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын пресс кызматынын жетекчиси Нургазы Нарынбаевдин ырасташынча, кыргыз өкмөтү аны туура көрбөй, темир жолдун энин КМШ өлкөлөрүнүн стандартына ылайыкташтырууну жактырат. Азырынча талаштуу маселе бир жаңсыл чечиле элек.

- Кыргызстан темир жол энин 1520 мм болушун талап коюп жатат. 1520 болбосо Кыргызстанда темир жол паркын толугу менен алмаштырууга туура келет. Стратегиялык жагы да бар. Азыр ошол маселе каралып жатат. Бул маселе чечилип бүтө элек. Сунуш катары турат. Жолугушуу болгон. Комиссия түзүлгөн. Бирок кытайлардын шарты ошондой болчу 1400 мм өткөрүү боюнча.


Аралап аска таштарын

Чыгыш менен Батышты байланыштырчу Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу салынып калса ал буга чейинки темир жол катнашын 1 400 чакырымга кыскартат. Өзбекстандын Анжиян шаарынан Кыргызстандын Кара-Суу калаасына, андан Өзгөн аркылуу Арпа, Аксай жайлоолоруна чыгып Торугарттан Кытайга ашып кетчү кыска темир жол курулушун баштоо кыйладан бери козголуп, бирок да Өзбекстан менен Кыргызстандын мунасага келиши кечеңдегенден улам артка жылдырылып келди. Кайриет, 2006-жылы расмий Ташкен менен Бишкек бул маселе боюнча мунасага келишип, темир жол Кыргызстандын Торугарт ашуусунан өтөрү макулдашылган.

Кыргызстандагы башаламандыктын айынан алгачкы техника-экономикалык негиздемеси түзүлүп калган иштин башталышы дагы артка жылдырылып, эми минтип жолдун эни канча болору талашка түшүүдө. Кыргызстандын унаа жана байланыш министрлигинин жол катнаштар бөлүмүнүн жетекчиси Мамат Назаровдун маалымдашынча, темир жолдун эни канча болору Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташуу долбооруна кирген өлкөлөрдүн кезектеги жыйынында каралмакчы.

- Долбоорлордун баары каралат. Биз ошо кыргыз-кытай темиир жолу, кыргыз темир жолун жаңылоо, электрлештирүү боюнча маалыматтын баарын катчылыкка жөнөткөнбүз. Ошол жактан келгенден кийин жаңы такталган, аныкталган маалымат болот.

Нарындан жазчу салам кат

Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, товарлардын тоскоолдуксуз ташылып өтүшүнө жол ачуу долбоорлору Азия өнүгүү банкы тарабынан каржыланат. Кезектеги жыйын мына ушул банктын баш кеңсеси жайгашкан Филиппиндин борбору Манилада өтөт. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев расмий Бээжин жаңы долбоорго өзгөчө маани берип, аны каржылоо маселесин да чечип койгонун кабарлады. Кыргызстандык эксперттик топ кытайлык тарап сунуш кылып жаткан темир жолдун эни жөнүндөгү маселени иликтеп, эки тарапка тең ылайык келчү мунаса чечимди табуу зарылдыгына токтолууда.

14-сентябрда кыргыз өкмөтүнүн кезектеги жыйынында долбоордун экономикалык зарылдыгы белгиленип, техникалык маселелерди кылдат иликтеп, жыйынтык чечим кабыл алуу керектиги жарыя кылынды. Кыргызстандын бийик тоо, агыны катуу дарыясын бойлоп өтчү темир жолдун дагы бир өзгөчөлүгү өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырышында. Непадам күткөн жол салынып калса анын бир учу Балыкчыга кошулуп, Кыргызстан мурдагыдай туюкка капталбай өз ичара темир жол катнашына, эларалык жүктөрдү ташып өтчү ортолук өлкө болушуна жол ачылмакчы.
XS
SM
MD
LG