Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Өлкөдөгү соңку саясий өзгөрүүлөр, Ынтымак курултайынын чакырылышы тууралуу Президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев “Азаттыкка” маек курду.

- Каныбек мырза, өткөн аптада Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Ынтымак курултайы деген жаңы демилге көтөрдү. Ушул Ынтымак курултайына бардык айыл округдардан, шаар, кыштактардан атайын өкүлдөр шайланат деди. Сиз Ынтымак курултайын уюштуруу комитетинин төрагасы болуп дайындалдыңыз. Мурда деле эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай курултайлар жөнүндө сөз болуп, уюшулуп келген эле. Азыркы курултайдын мурдагылардан айырмасы кандай?

Каныбек Жороев: Ынтымак курултайын чакыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунун кеңири талкуусу менен кандайдыр бир ой-пикирлерди туудуруп жатат. Биз ойлойбуз - бул эң туура. Себеби курултайдын чакырылышын - президентибиздин Кыргызстанда жашаган улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо, коомдогу диалогду өркүндөтүү, коомдун ар кайсы күчтөрүн баш коштуруу, социалдык мобилизациялоо максатында жасаган чоң демилгеси деп түшүнүп жатышат.

Учурда уюштуруу комитети биринчи жыйынын өткөрүп, курултайды өткөрүүнүн жол-жобосун, тартиптерин сүйлөшүп чыктык. Курултай деген сөз кыргыздар үчүн өөн сөз эмес. Тарыхый өнүгүү процессинде кыргыз коому дайыма негизги маселелерди курултай аркылуу чечип келген.

Албетте коом өзгөргөн соң курултайдын институту да, формасы да, мазмуну да өзгөрүп жатат. Курултай бириктирүүчү, чоң маселелерди ортодо чечүүчү, жалпы ар тараптуу пикирлер айтылуучу жер катары өзүнүн тарыхый зор озуйпасын аткарат деген ойдобуз.

- Ынтымак курултайына ар бир айыл округ, шаар, кыштактардан өкүлдөр шайланат деген сөз айтылды. Ошол айыл кыштактарда жергиликтүү аким, же айыл өкмөтү, же жергиликтүү кеңештин депутаттары болобу, ошолор кийлигишип, өздөрүнө жагымдуу адамдарды тандабайт, чын эле эл урматтаган, кадырлаган, ишенген адамдар келет деген кепилдик барбы?

Каныбек Жороев: Албетте курултайга татыктуу инсандар шайланыш керек. Ошондуктан жергиликтүү бийлик тарабынан сунуш аркылуу эмес, жергиликтүү курултайлар аркылуу Ынтымак курултайына делегаттар шайлансын деген президент тарабынан бекитилген жободо бул ачык-айкын көрсөтүлгөн.
Ушул реформалардын арты менен бир миллиарддан ашык акча каражаты бюджетте үнөмдөлдү.


Биз ойлойбуз, бул жөнөкөй эле катардагы маселе катары эле каралып, кайсы бир деңгээлде талкууланып, анан бериле турган сунуш эмес. Бул курултайда жергиликтүү элдин талкуулап, чечип, жалпы бир добуш менен кабыл алып, анан Ынтымак курултайына делегат катары сунуштоо принциби камтылган.

Албетте кайсы бир деңгээлде мүмкүн бирөөлөр үчүн ыңгайлуу киши, же ыңгайсыз киши шайланды, шайланбады деген сөз болушу мүмкүн. Бирок ушул курултайга ошол айыл округунун, аймактын чыныгы, татыктуу өкүлүнүн келишине бүгүн президент тарабынан бекитилген жобо толук шарт түзөт.

Кызматкерлер кыскарды, каражат үнөмдөлдү

- Өткөн күздөн бери мамлекетти башкаруу системасында реформалоо демилгеси акырындап жүзөгө ашырылып атат. Ошонун алкагында аткаруу бийлигинде Президенттик аппарат жоюлуп, ордуна Президенттик институт түзүлгөн. Анын максаты - башкаруу системасындагы кош бийликти жоюп, мамлекеттик чиновниктердин санын кыскартуу деп айтылган эле. Ушул максат канчалык ишке ашты, деги өзүн актап атабы?

Каныбек Жороев: Албетте ушул реформа толук өзүн өзү актады деп айтыш үчүн убакыт керектир, бирок реформанын алгачкы үзүрү бар. Бүгүнкү күндө, сиз туура баамдадыңыз, Президенттик администрация жоюлуп, анын ордуна бир канча өз алдынча иштеген органдардан турган Президенттин институт түзүлдү.

Президенттин институтун түзгөн органдар бул КР президентинин катчылыгы, КР президентинин аппараты, Өнүгүү, инвестиция, инновациялар боюнча борбордук агенттик өзүнө жараша, өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди карайт.

Ошол эле учурда башкаруу системасында, жалпылап айтканда министрликтерде, министрликтердин астындагы ар кандай ведомстволордо тиешелүү өзгөрүүлөр бүттү. Бүгүнкү күндө реформага байланыштуу жаңы түзүмдөрдү куроо процесси аягына чыгып калды десек болот.

3 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин кызмат орундары кыскартылды. Ошого байланыштуу президенттин тапшырмасы менен бүгүн кыргыз өкмөтү аларга социалдык жактан жардам көрсөтүү, башка жумушка орноштуруу, аларды бизнес чөйрөсүнөн кандайдыр бир тажрыйба топтоого жардам көрсөтүү иретинде өзүнүн программасын иштеп жатат.

Президент Курманбек Бакиев реформа боюнча сөз сүйлөгөндө жок эле дегенде, үстүртөн эле караганда бир канча бюджеттин каражаты үнөмдөлөт экен деп айткан болчу. Бүгүнкү күндө чынында бул иш жүзүнө ашып жатат. Ушул реформалардын арты менен бир миллиарддан ашык акча каражаты бюджетте үнөмдөлдү.
Бизге жаңы муунда, жаңыча ой жүгүрткөн, жаңыча иш жүргүзгөндү билген, чыныгы менеджер кадрлар керек.


Мындан тышкары мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо эч качан токтоп кала турган процесс эмес. Бирок реформаларды иш жүзүнө ашыруу боюнча чечкиндүү кадамдар өзүнүн эффектин көрсөтүп жатат.

Көпчүлүк адистердин айтымында, бүгүнкү күндө жогорку деңгээлдеги чечимдердин даярдалышы, алардын сапаты, ишке ашыруунун процессинин жеңилдетилгендиги - бул биздин иш жүзүнө ашырган реформабыздын оң натыйжасы деп белгилесек болот.

- Мамлекетти башкаруу системасын реформалоо тууралуу жарыяланганда биринчи этабы бийлик системалары, структуралары өзгөрүлөт. Экинчи этабы жаңы жылдан кийин башталат. Анда сот, тартип коргоо органдарын реформалоо иштери жүзөгө ашырылат деп айтылган эле. Бул реформанын ушул баскычы эмне үчүн кечеңдеп жатат?

Каныбек Жороев: Чынын айтканда, сот жана укук коргоо органдардын системасындагы реформалар өз кезегинде эле башталган. Азыр да бул реформалардын үстүндө иш жүрүп жатат. Себеби биринчи кезекте бул системадагы реформалардын ишке ашышы өтө чоң жоопкерчиликти талап кылып, кайра кылдат анализге муктаж болуп жатат.

Бүгүн түзүлүп жаткан жагдайда биз реформалоонун натыйжасында топтолгон жакшы тажрыйбаны жоготуп албашыбыз керек. Менин оюмча, бул реформанын жакын арада ишке ашырыла башташына азыр толук шарт түзүлүп калды.

Оппозиция менен бийлик үчүн көпүрө

- Ушул Конституциялык реформанын алкагында дагы бир маселе келип чыкты: Кыргызстандын президенти кандайдыр бир себептен улам кызматын аткаралбай калган учурда анын ордун баса турган кишини алгач Президенттик кеңешме тандайт деп айтылган эле. Эми Конституциялык Сот түзөтүү киргизип, Мамлекеттик кеңешме дайындасын деп атат. Деги бул маселе кандай зарылчылыктан улам келип чыкты?

Каныбек Жороев: Өзүңүз билесиз, Конституциянын акыркы вариантында ошондой жагдайлар түзүлүп калса, бул милдетти төрага аткарыш керек болчу. Андан мурдагы Конституциянын редакциясында бул милдет премьер-министрге жүктөлгөн болчу. Бирок бүгүнкү күндө саясий жалпы жагдай өзгөргөндүгүнө байланыштуу биз партиялык принципте түзүлгөн парламент түзөп, бир эле кезде парламентте көпчүлүктү түзгөн партия аркылуу курамы түптөлгөн өкмөт башчысы бүгүнкү күндө кайсы бир деңгээлде бүтүндөй аткаруу бийлигинин ишине жоопкер мамлекеттик кызматкер.

Ушул жерде төрага менен премьер-министрдин жаңы шарттарда бөлүнүп жаткан функцияларын анализдеп келүүнүн өзү бул реформаларды ишке ашыруу боюнча кандайдыр бир эксперттик деңгээлде иш жүрүп жатканда эле ушундай маселе келип чыкты.

Албетте бул өзгөчө бир кырдаал, өзгөчө бир жагдай түзүлсө ишке ашырыла турган милдеттер. Бирок, биздин оюбузча, бул процесске мамлекеттик деңгээлде чечим чыгарганга тиешеси бар бардык жогорку деңгээлдеги жетекчилердин катышы болуш керек. Ушул гана максат менен бул принцип иш жүзүнө ашырылып жатат.

- Каныбек мырза, өзүңүз деле түшүнөсүз, натыйжалуу иштей турган кадрлар болбосо мамлекеттин өнүгүүсүн тийиштүү жүзөгө ашырыш абдан кыйын. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо ала турган ошондой кадрлар барбы?

Каныбек Жороев: Албетте кадрлар бар. Бирок алардын саны жетиштүү деңгээлде деп азыр чечкиндүү айткандан мен алысмын. Анткени бизге жаңы муунда, жаңыча ой жүгүрткөн, жаңыча иш жүргүзгөндү билген, чыныгы менеджер кадрлар керек. Муну президент К.Бакиев өзү да бир нече жолу айтып, ушул багыттагы өзүнүн оюн да ортого салып жүрөт.
Бүгүнкү күндө реформага байланыштуу жаңы түзүмдөрдү куроо процесси аягына чыгып калды десек болот.


Ушул реформанын жүрүшүндө биздин президентибиз мамлекеттик кадр кызматына өтө чоң үмүт артып жатат. Себеби ушул жаңы түзүлгөн кызматтын негизги милдеттеринин бири - бул жаңы муундагы кадрларды тарбиялоо, аларды тиешелүү деңгээлде даярдоо. Албетте алдыда али көп иш бар.

- Президенттик институт жаңыдан түптөлүп атканда аппарат, секретариат оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушуп, үстөлдү тегерете отуруп маектешели деген бир нече ирет демилге болду эле. Акыркы кездери мындай демилге угулбай калды. Деги мындан ары оппозиция менен сүйлөшүү болобу?

Каныбек Жороев: Ачыгын айтып коюш керек, Президенттин институту эч качан оппозиция, белгилүү саясий ишмерлер менен диалог куруудан, кайсы бир маселелердин тегерегинде сөз кылуудан качкан эмес жана качпайт.

Сиз туура айтасыз, бир-эки жолу жолугушуу болгон. Тилекке каршы, ал жолугушуулардын натыйжасы оппозиция тарабынан анча деле жакшы кабыл алынган жок жана кийин партиялардын лидерлери тарабынан дагы бир жолугушуу өткөрүү боюнча чечкиндүү демилге болгон жок.

Эгерде ошондой демилге болсо тегерек үстөлгө отуруп талкуулаганга биз дайыма даярбыз. Анын үстүнө президенттин демилгеси менен уюшулуп жаткан Ынтымак курултайына катышууга ар кимдин укугу бар. Мен ойлойм, ошол жерде да ушундай эле маселелерди талкуулаганга жакшы бир аянтча түзүлөт.

- Рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады. (Президенттин басма сөз кызматынын тасмасы)

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG