Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

Борбор Азиялык эркин рынок институту Кыргызстанда жарандарды каттоого тургузуу системасын алып салуу демилгесин козгоодо.

Бул боюнча суроолорго аталган институттун директору Мирсулжан Намазалиев жооп берди.


-
Силердин институт жарандарды каттоого тургузуу системасын алып салууну сунуштап атат. Каттоого тургузууну алып салуу менен өлкө эмнеден утат? Кандай пайдасы бар?

М.Намазалиев: Каттоого тургузуу, “прописка” Советтер союзу учурунда жасалган нерсе. Азыркы учурда анын Кыргызстандын элине, жаранына кандайдыр бир жардам бере тургандай күчү жок. Бирок ошол эле убакта, тескерисинче, жарандардын өнүгүүсүнө, алардын өлкө ичинде эркин, кеңири кыдырып, өздөрүн “Мен Кыргызстандын жаранымын” деп сезишине тоскоол болот. Ал тургай, тескерисинче, бул жарандарга акчалай коротууларды алып келет. Ошондуктан биздин оюбузча бул каттоого тургузууну алып салсак, Кыргызстандын эли көбүрөөк пайда алат.

- Конкреттүү мисалдар барбы, ошол жарандар эмнеден пайда алары тууралуу?

М.Намазалиев: Биринчиден, эгер биз Бишкек шаарындагы эле эрежелерин карап көрсөк, эгер адам каттоосу жок бул жакка келе турган болсо, көпчүлүк учурда медициналык жайларга кайрыла албайт. Билим берүү мекемелерине балдарын өткөрө албайт, бала бакчага балдарын бере албайт. Ошондой эле каттоосу жоктор укук коргоо органдарына арыз жазуудан да кичине четтеп калышат. Анткени алар региондордон келишкени менен, Кыргызстандын жарандык укугу алар үчүн жакшы иштеп бербейт. Бул дал ошо каттоонун айынан болууда.

Экинчиден, азыркы учурда ырасмий түрдө Бишкекте дээрлик 220 миңдей адамдын каттоосу жок дешет. Бул абдан чоң сандагы адамдар. Ушунчалык чоң сандагы адамдар шайлоого да катыша албай калып атышат. Балдары да, өздөрү да ар кыл тейлөө кызматтарына мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп атат. Анан аларды көчөдөн милиция токтотуп, каттоосун текшерип, түрдүү проблемаларды түзүп келген учурлары көп.

- 10-октябрдагы шайлоодо кыргызстандыктар туруктуу каттоодо турган жеринде гана шайлоого барышты. Бирок ошол эле убакта миңдеген ички мигранттар каттоосу жоктугунан шайлоого катыша албай, жарандык милдеттерин аткара албай калышты. Каттоону алып салуу менен бул маселе да чечилиши мүмкүнбү?

М.Намазалиев: Албетте. Менин оюмча бул саясий жактан эң негизги чече турган нерсе. Анткени Бишкекте жашап, бирок каттоодо турбагандар гана эмес, ошол эле учурда Кыргызстандын ар кыл жагында саякаттап жүргөндөр, жумуштары менен жүргөндөр өздөрүнүн укуктарын пайдаланып, каалаган жерде эркин тандоо кылганга мүмкүнчүлүк жаратмак.

Азыркы учурда шайлоо болгондо “жалаң гана катталуу орду боюнча гана иштейбиз, ал жок болсо кабыл албайбыз” деген бул туура эмес болуп калат. Мисалы, ал түгүл Бишкекте да каттооң болсо деле көчүп жүргөнгө туура келет. Мурдагы жашаган жерине барып шайлагандан эринип, ага катышпай эле коюуну чечкендер бар. Ошондуктан менин оюмча, жарандардын ыңгайын ойлой турган болсок, анда муну алып салуу керек.

Биз каттоого алуу системасы бардык эле жерде бар деп жаңылыш ойлойбуз. Бирок дүйнөнү карап көрө турган болсок, мындай система жалаң гана посткоммунисттик, коммунисттик өлкөлөрдө гана бар. Ал тургай мурда биз менен чогуу бир өлкөгө кирген Эстония, Грузия сыяктуу өлкөлөр каттоого тургузууну алып салышкан.

- Каттоону алып салуу туура эмес, бул шайлоонун бурмаланышына алып келет, кылмыштуулук өсөт деген сыяктуу жүйөлөр да айтылып жүрбөйбү?

М.Намазалиев: - Менин оюмча буларды чечүүнүн ар кандай жолу, ыкмалары бар. Айта кетчү нерсе, шайлоо болгондо кайра-кайра добуш бердиртүү көйгөйү каттоого тургузуу системасы турганда деле уюштурулуп атат. Ошондуктан көпчүлүк адамдар шайлоого катышпай калып атышат. Бирок кийин шайлоолордо көрүнүктүү маркер менен колду боёп, бирок каттоону алып салалы деп айтсак пайда алып келет.

- Рахмат!
XS
SM
MD
LG