Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Репрессия курмандыктары эскерилди


"Ата-Бейитте" 1938-жылы репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдарынын сөөгү жатат.
"Ата-Бейитте" 1938-жылы репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдарынын сөөгү жатат.

7-ноябрда “Ата-Бейит” мемориалдык-музей комплексинде 1938-жылкы репрессиянын курмандыктары эскерилди.

Репрессия курмандыктарын эскерүүгө келген укук коргоочулар жазуучу Чынгыз Айтматовдун жана 7-апрелде окко учкан жигиттердин арбагына да багыштап куран окушту.

Мындай иш чара жыл сайын 7-ноябрь күнү “Кылым шамы” бейөкмөт уюуму тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү укук коргоочулар акыркы 3-4 жылдан бери расмий болбосо да бул күндү репрессияга кабылгандарды эскерүү күнү катары белгилеп келишет. “Ата-Бейит” мемориалдык-музей комплексинде 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү “Эл душманы” деген айып менен атууга кеткен кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдары, тунгуч агартуучуларынын сөөктөрү жатат. Эки жыл мурда бул комплекске улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да сөөгү коюлган.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова апрель ыңкылабында окко учуп, курман болгон отуз жигиттин сөөгү да бул жайга келип кошулуп калганына өкүнгөнүн билдирди. Анын айтымында, бул жайда коюлгандардын баарына элим үчүн деп күйгөн патриоттук сезим мүнөздүү.

-1938-жылдары репрессияга дуушар болгон, баягы Кыргызстан деп, элим деп күйгөн жигиттер жатат бул жерде. Чыңгыз Айтматовду бардыгыбыз билебиз, бул кишичелик кыргыз эли үчүн кызмат кылган адам болбосо керек. 7-апрелде курман болгондор дагы мамлекетим өнүксүн деген жигиттер. Анан эми ошол отуз сегизинчи жылы репрессияда атылгандар менен бул жерде да ошол атылгандар жатат да. Октон мерт болгондор, ажалы октон келгендер.

Репрессия курмандыктары эскерүү иш чарасына “Патироттук жаштар” кыймылы, “Таза табигат”, “Балдар укугун коргоо” лигасы өңдүү бир катар бейөкмөт уюмдардан кырктай адам катышты. Алардын арасында бул тарыхий комплексе биринчи жолу келип таанышып жаткандар да болду. Алардын бири Маевка айылдык кеңешинин депутаты Яхмат Висаева:

- Бул жерге биринчи жолу келип отурам. Тарыхы болсо кайгылуу да, кызыктуу да экен. Карап көрсөк Кыргызстан өз жолунда бир топ кыйынчылыктарды кечирип келген экен. Бүгүнкү күндө да өлкөбүз кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Канчалаган кан төгүүлөр болуп кетти. Мына ушул өңдүү терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн, биз мына ушинтип тарыхка кылчайып, өткөндүн терс көрүнүштөрүн кайталабаганга аракет кылышыбыз керек.

Жыйырманчы кылымдын биринчи жарымындагы репрессиялар дээрлик жыйырма жылдан ашык жүргөн. Бул аралыкта Кыргызстанда төрт миң үч жүздүн тегерегинде адам атылган. Алардын ичинен жүз отуз сегизинин сөөгү 1991-жылы Бишкектин өйдө жагындагы Чоң-Таш айылынан табылып, маркумдардын сөөгү кайра жерге берилип, бул жай «Ата-Бейит» деп аталган. Калган репрессия курмандыктарынын дайыны ушул күнгө чейин белгисиз экенин тарыхчылар айтып келишет.

XS
SM
MD
LG