Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

Орусиянын президенти Кыргызстандын, Тажикстандын Бирдиктүү Экономикалык Аймакка мүчө болуу укугун өлкө жетекчилеринин жүрүм-турумуна жараша аныктайт. Президент Д.Медведев Омскиде 15-февралда энергетика жыйынында ушинтип билдиргенин Орусиянын маалымат каражаттары жазышты.

Орусия президенти аталган өлкөлөр аймакка кирүүгө даяр эместигин, бул өңүттө бир катар маселелер барын да айтты. Орусия президентинин мындай билдирүүсүн кыргызстандык талдоочулар ар кыл өңүттө чечмелеп жатышат.

Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдү Бирдиктүү Экономикалык аймакка бириктирүү демилгеси 2003-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан көтөрүлүп, аны уюштуруу иштери кийинчерээк солгундап калган. Айрым талдоочулар муну саргылт ыңкылаптан кийинки Украинанын саясатына байлап жүрүшөт. Бирок Омскиде сүйлөгөн сөзүндө Орусия президенти Дмитрий Медведев Бирдиктүү Экономикалык Аймакты түзүү аракеттери өз убагында, тагыраак айтканда келерки-аркы жылдары максатына жетерин тастыктады.

Орусиянын маалымат каражаттары Дмитрий Медведев БЭАга мүчө болчулар деп Беларус, Казакстан, Орусияны атаганын жазып, бирок бийлиги жаңы алмашкан Украина тууралуу сөз кылган-кылбаганын кабарлашкан жок.


Медведевдин ынанымында, Кыргызстан менен Тажикстан бирдиктүү аймакка кошулары күмөн, анткени алар али даяр эмес, бул өлкөлөргө байланышкан бир катар маселелер бар. Эреже боюнча Экономикалык Аймакка чегаралаш мамлекеттер гана мүчө боло алышат. Муну эске алганда Кыргызстансыз Тажикстан мүчөлүккө өтө албайт. Кыргызстан маселесинде болсо Медведевдин сөзүн жергиликтүү байкоочулар түрдүүчө жоруп жатышат.

Орусия президентинин билдирүүсүнүн жөнүн Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдиктеги мурдагы өкүлү Эмил Узакбаев Орусия Кыргызстанга ишеним артпай жатканынан көрүүдө:

- Орусиянын жетекчилиги Кыргызстандын жасайбыз деген иштерине толук канааттанбай атат деген менин жекече пикирим бар. Ошон үчүн мурун айткан сөзүңөргө өзүңөр толук турбагандан кийин мындан кийинки биздин мамилебиз кандай болушу мүмкүн деген ойдо айтып атат.

Узакбаевдин пикиринде Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин, айрыкча, инвестициялык алакалардын салкындашына АКШ базасын чыгаруу убадасынын актарылбай калышы себепкер:

- Буга чейин Орусия бир топ чоң жардамдарды берген: 150 млн. доллар бюджетти колдогонго, 150 млн. доллар ишкерлерди колдгонго дегендей. 1 млрд. 700 миң Камбаратаны колдогонго. Эми ошол маселелер азырынча чечилбейт, кайрадан дагы бир кайрылмайынча... Дагы бир топ маселелер топтому бар эле: “Дастан”, “Кыргызгаз” боюнча. Ошолордун бардыгы азыр аткарылбай туруп калды. Экинчи тараптан кыргыз өкмөтү Кытайга барып, Кытайдан башкача маселелерди издеп атат окшойт.

Инвестиция маселелерин өңчөй эки тараптуу алакаларга байлаган мурдагы элчи, коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев Медведевдин сөзүнүн төркүнү нукура экономикалык себептерге гана байланыштуу дейт:


- Аймактын жобосунун бардыгын колдойбуз, кабыл алабыз десе Кыргызстанда кошулууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ал жерде башка маселе жок, мамлекет лидерлеринин жүрүм-турумунан, башкадан көз каранды эмес.

Анткен менен орус-кыргыз мамилелери салкындап кеткендигин орусиялык талдоочулар да белгилеп жатышат. Орусия президентинин БЭА маселесине байлап жасаган билдирүүсүнүн артында сөзсүз Орусиянын Кыргызстандын экономикалык, каржылык саясатына ичи чыкпагандык бар деген көз карашты да жокко чыгарылган жери жок.

Маселен, “Азаттыкка” берген интервьюсунда орусиялык эксперт Модест Колеров эки тараптуу мамилени Кыргызстан бузуп жатат деп билдирди:

- Мамилелерди Орусия эмес Кыргызстан бузду. Себеби кыргыз бийлиги жок эле дегенде кредиттерди, инвестицияларды алуу жагында сактоого милдеттүү болгон шарттарды сактабай атат. Каражатты чыгымдоонун ачык-айкындыгы, аларды максаттуу пайдалануу, инвестицияда болсо натыйжалуу пайдалануу боюнча бардык экономикалык (каржылык мамилелерде андан бетер) мамилелерде милдеттүү саналган биринчи кезектеги шарттар сакталбай атат. Кыргыз бийлиги бул шарттардын аткарылаарын далилдөөчү ынандырарлык пландарды, жетиштүү далилдерди бере элек.

Ошол эле мезгилде Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин көз карашында Кыргызстан Орусия менен өнөктөш болууга дилгир жана акыркы кездери мунун зарылдыгын айрыкча сезип жатат. Бирок иш жүзүндө ар кандай тоскоолдуктарга кабылбай, Орусия менен ырааттуу кызматташуу үчүн Кыргызстандын алдында олуттуу милдеттер турат:

- Дүйнө жүзүндөгү биз кирген Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен, АКШ менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү кыскартып, түздөн-түз БЭАнын шарттарына макул болушубуз керек. Бир топ маселелер боюнча аймакка кирүү мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби биз башка мамлекеттер менен бөлөк келишим түзүп койгонбуз.

Окумуштуунун баамында Кыргызстан үчүн Бириккен Экономикалык аймакка кирүү, анын ичинде Орусия, Казакстан менен жылуу мамиледе болуу абадай керек. Буларсыз Кыргызстан үчүн бери дегенде экономикалык алакаларды сактоо, миграция саясатын, маданий-соода мамилелерин жүргүзүү кыйын болот.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG