Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

2009-жыл “Кыргызстанда быйыл социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурулат!” деген сөздөр менен башталган. 2009-жылдын 20-февралында алгачкы ирет Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү белгиленген.

Кыргызстан бул күндү белгилөө боюнча Бириккен Улуттар уюмуна сунуш эткен мамлекет катары социалдык адилеттүүлүктү өнүктүрүү боюнча 2011-жылга чейин бир катар иш-чаралардын пландарын түзгөн. Алар негизинен маалымат жыйындар, тегерек үстөлдөр жана талкуулар формасында жүрүп жатат.

Тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекованын 2009-жылы 20-февралда билдиргенине карганда, Кыргызстанда социалдык адилеттүүлүктү жогорулатуу максатын көздөгөн атайын иш-чаралар орто мөөнөттөгү өлкөнүн өнүгүү стратегиясына да камтылган болчу:

- Мунун бардыгын бир эле мамлекеттин чегинде чечүү кыйын. Ошон үчүн биздин мамлекет социалдык адилеттүүлүккө башка өлкөлөрдүн көңүлүн буруу аракетин көрүп, БУУга сунуш кылган эле. Көп маселелерди башка мамлекеттер менен чогуу чечүү аракетин көрүп келебиз.

Жаштарды колдообу, же кордообу?

Эгер мамлекеттик кызматкерлердин сөзүнө ишене турган болсок, КМШ өлкөлөрүнүн арасында жалгыз Кыргызстанда гана жаштарга республикалык масштабда көмөк көрсөтүү программасы калган.
Биз бир жактан жаштарыбызды улуттун инновациялык мүмкүнчүлүгү, интеллектуалдык ресурсу дейбиз да, экинчи жагынан башка социалдык топторго теңеп коюп жатабыз.


Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаментинин башчысы Айдар Жоробековдун айтымында, жаштар өздөрү базар шартында активдүү болуп, дээринде барлары өздөрү эле ишке алынып кетет. Мамлекеттик жеңилдиктерди башка социалдык топторго багытташ керек, дейт А.Жоробеков:

- Мурда Кыргызстан жаштары программасында да көптөгөн пунктулар белгиленип кеткен. Албетте жеңилдиктер, насыяларды алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана башкалар деп жаза берсек болот. Бирок ошол эле убакта ресурстарды да караш керек да. Биз бир жактан жаштарыбызды улуттун инновациялык мүмкүнчүлүгү, интеллектуалдык ресурсу дейбиз да, экинчи жагынан башка социалдык топторго теңеп коюп жатабыз. Эгерде жаштарга мындай өбөлгөлөрдү түзө берсек, анда калган социалдык топторду эмне кылабыз? Анан бир да КМШ өлкөлөрүндө мындай тажрыйба жок. Аларда мамлекеттик деңгээлде, республикалык масштабда жаштарга социалдык өбөлгөлөрдү түзүү деген бир да прецедент жок. Бирок ошого карабастан жаштарга социалдык камкордук көрүлүп жатат. Азыр башкы көйгөйлүү маселе - ошол өбөлгөлөрдү кантип республикалык масштабда ишке ашыруу болуп жатат.

Эгер бийлик башындагылардын айткандарына маани берсек, өлкөдө жаштарга карата социалдык камкордук көрүлүп эле жаткандай. Бирок ошол жакшы багыттар кагаз бетинде эле калып жатабы деген ой туулат.

Социалдык тармактагы укук коргоочу Бурул Макенбаеванын пикиринче, өлкөнүн социалдык саясаты аяктап бараткан жылда кайра артка чегинген. Муну айрыкча медициналык камсыздоо тармагында баамдаса болот:

- Бул иштер декларативдүү түрдө эле жүргүзүлүп келатат. Ал эми бюджетти карсак, мисалы быйылкы каржылоодо медицина тармагында кыйла аз өлчөмдө акча бөлүнгөн. Бул - социалдык саясаттын артка кеткени.

Медициналык камсыздоо тармагында да жаштар көңүл сыртында калып жатат. Алсак, жаш энелерге төрөткө чейин жана андан кийин да баласы эмес, өзүнө жетишерлик жөлөк пулдар каралган эмес.

Мамлекеттик колдоо – фантастика!

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды алсак, учурда аймактарда эмес, инфрастуктурасы өнүккөн Бишкек шаарында эле бир да ишкана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эркин кирип-чыгуусун камсыз кылган атайын ыңгайлашкан курулуш иштерин жүргүзгөн эмес.
Бизде жаштарга мамлекеттик колдоо деген - бул фантастика. Азыркы жашоодо андай жок.


- Буга чейин да социалдык саясатта көп жетишпегендиктер болуп келген. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды интеграция жолу менен коомго кошуу жана тең укук жаатындагы декларацияларды ишке ашырууга тиешелүү шарт түзүлгөн эмес. Бюджеттен да каржылоо аябай аз бөлүнүп келет, - дейт “Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар” кыймылынын жетекчиси Мирбек Асангариев.

Деген менен жаштардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелгендер бул жакта турсун, алты саны аман, эми гана түтүн булата баштаган жаш үй-бүлөлөр да социалдык бейкамсыздыктын боткосунда кайнап, көрүнгөндөн карыз алып жашап жаткан кези.

Учурда өлкөдө ар бир үчүнчү жаш бүлө эптеп эле күнүмдүк тамак ашка жана убактылуу батирге каражат таап жашайт. Ушундай жаш үй-бүлө ээси Майрамбек да учурда Бишкек шаарында эки баласы менен батирде турат. Ал мамлекеттен колдоо дегенди акылга сыйбаган көрүнүш катары кабыл алат:

Биздин мамлекетте социалдык көмөк деген жок да. Андайлар кинодо гана болбосо... Бизде жаштарга мамлекеттик колдоо деген - бул фантастика. Азыркы жашоодо андай жок. Кайра салыктарды көбөйтүп жатпайбы!

Коммуналдык кызматтын баасы: “Жашоо үчүн күрөш”

Ал аралыкта өкмөт жаңы 2010-жылдын алдында республикалык бюджеттик эсептөөлөрүн даярдап жатат. Каржы министри Марат Султанов “келерки жылы бюджеттин көбү дал ушул социалдык бейкамсыздыкты жоюуга багытталат” деди. Бюджет долбоорунда каражаттын 15 пайызы, башкача айтканда, 2 млрд. 363 млн. сому социалдык коргоого бөлүнүп жатат. Мында кайрадан эле өткөн жылдагы айлампа сөздөр айтыла баштары шексиз.

"Азаттыктын" архивинен: Чехияда иштеген алатоолук айым

Малика Кыргызстандан Чехияга келгенине 5 жылдын жүзү болду. Ал Праганын “Эски шаар” бөлүгүндө белек-бечкек дүкөнүндө сатуучу болуп иштейт. Учурда анын үй-бүлөсү каржы кризисинин каатчылыгын сезип жатабы? (MiT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG