Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Т. Акеров: Кыргызстан кубулма саясат жүргүзүп жатат


Президент К. Бакиев Россияда кыргыз-орус мамилесин чок салууга аракеттенген саясатчылар бар экен деп Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө айтып кетти. Саясат таануучу Табылды Акеров "Азаттыктагы" маегинде кыргыз-орус мамилелеринин сууп бараткан себептерине токтолду.

-Табылды мырза, байкасаңыз керек, акыркы мезгилде орус маалымат каражаттарында Кыргызстан жөнүндө негативдүү макала, маалыматтар көбөйдү. Анын себеби эмнеде?

- Эң биринчи себеби, Өнүктүрүү фондун түзүп, ал жерге өзүнүн уулу Максим Бакиевди алып келгенден бери Орусиянын шайлоо алдында Кыргызстанга берген кредит акчалары ошол фондго которулуп, Азияуниверсалбанк аркылуу тейлене баштады. Ошондуктан Орусия өкмөттүн гарантиясы менен алынган акчаларды кандайча коммерциялык банктар аркылуу жүгүртүүгө болот деген өзүнүн каршылыгын айтып, Данияр Үсөнов Орусияга барганда да эки-үч жолу сөз болду.

Бирок ага карабай абал өзгөргөн жок. Ошондуктан алар өзүнүн каршы пикирин айтып атат. Ошого жараша орусиялык ММКларда ар түрдүү пикирлер жаралып, Максим Бакиев, Гуревич жөнүндө чет өлкөлүк же италиялык мафиялар, наркобарондор менен байланышы бар деген маалыматтар көп чыгып кетти.

-Президент орус тарапта кыргыз-орус мамилесин чок салууга аракеттенген саясатчылар бар экен деп айтты. Бул кимге багытталган сөз. Орус жетекчилиги тарапкабы же башкабы?

- Бул жалпысынан эле айтылды. Бирок менимче бул жерде негизги маселе Орусиянын кредити жөнүндө болуп жатат. Орусиянын Кыргызстанга болгон мамилесине жараша ММКлар дагы реакция берип жатат.

-Кыргыз-орус мамилеси мындан аркы өнүгүшү кандай болот?

- Азыркы күндө Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси Орусия менен Грузиянын мамилесине бир аз жакындашып, айрым жерлерде окшоштуктар болуп жатат. Себеби азыр Казакстандан Кыргызстанга келүүчү товарлардын көбү чек арадан өтпөй атат. Ачык айтылбаса дагы кичине тымызын тоскоолдук болуп жатат. Ушундай негизде кете берет биздин өкмөт Орусиянын факторун толук түшүнмөйүнчө.

Мисалы, биздин өкмөт авиа база боюнча өзүнүн мамилесин ар түрдүү жүргүзүп атпайбы, бүгүн бирди айтат чыгарабыз деп, бирде айтат чыгарбайбыз деп. Кечээ курултайда дагы айтты, биз эки жакты тең караштырып тең орток саясат жүргүзүшүбүз керек деп.

- Ошого кудуретибиз жетеби?

- Өтө опурталдуу. Себеби башынан туура тышкы саясатты жүргүзүш керек эле. Тиякка-биякка секирип отуруп, азыр тышкы саясатыбыз дагы өтө нормалдуу эмес болуп калды. Экинчиден, азыр Батыш тарапты карай ыктаса Кыргызстан анда сөзсүз түрдө демократиялык принциптерди киргизиш керек. Ал эми бул азыркы бийлик үчүн өтө жакшы жол эмес.

- Рахмат маегиңзге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG