Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

БУУ Кыргызстанга гуманитардык жардамын көбөйтөт


Чет өлкөдөн келген насыя акча коогалаңда жабыркагандарга турак-жай курууга жумшалууда.
Чет өлкөдөн келген насыя акча коогалаңда жабыркагандарга турак-жай курууга жумшалууда.

Бириккен Улуттар уюму апрель жана июнь окуяларынан кийин Кыргызстанга каралашып, 50 миллион доллардан ашык көмөк көрсөттү.


“Баш көтөр, жалгыз эмессиң”


Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги туруктуу өкүлү Нил Волкер маалымат жыйынында билдиргендей, БУУ Кыргызстанга апрель жана июнь окуяларынан кийин көмөктөшүүнү жандантты.

Кыска аралыкта 50 миллион доллар бөлүнүп, үй-жайынан ажырагандарды турак жай, азык-түлүк жана таза суу менен камсыздоо, санитардык шарттарын жакшыртуу, медициналык жактан жардамдашуу маселелерин чечкенге жумшалды. Ошондой эле референдумду жана парламенттик шайлоону өткөрүүгө сарпталды. Эл аралык уюмдун өкүлү ырастагандай, ушул багытта аларга Орусия негизги донор катары көбүрөөк каралашууда.

Валентин Власов
Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов ушул жылы Кыргызстанга чукул көрсөтүлгөн жардамдын жалпы көлөмү 25 миллион долларды чапчыгандыгын Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусия дагы 8 миллион доллар ажыратууну чечти, анын 5 миллиону Бириккен Улуттар уюмунун атайын программалары аркылуу өздөштүрүлмөкчү. Мындан тышкары ЕврАзЭС уюмунун алкагында антикризис фонду уюшулган. Ошонун эсебинен дагы 160 миллион доллар берилиши күтүлүүдө.

- Кыргызстанда легитимдүү парламент жана өкмөт, мыйзамдуу бийлик орнотулгандан кийин бул процедура аяктайт. Ошентип өлкө ЕвразЭСтен 150 миллион доллар өлчөмүндө насыя алмакчы. Бирок бул жерде ошол каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы туурасында маселе турат. Анткени акчалар керектүү өлчөмдө которулууда жана түшүп жатат. Ошонун баары муктаж кишилерге убагында жетиши абзел.
100 миллион доллардын эсебинен мамлекет Жалал-Абаддагы жана Оштогу көп кабаттуу үйлөрдү куруп атат. Жантөрө Сатыбалдиев.

Элчинин кебине караганда, быйыл февралда Москвадан ыроолонуп, артынан күмөндүү ойлорду туудурган 300 миллион доллар насыянын 100 миллион доллары да түштүк жергесиндеги массалык башаламандыктын кесепеттерин чететтүүгө багытталмакчы. Ошентип Орусиянын жана БУУнун тыгыз кызматташуусу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн үлгүсүнө айланмакчы.

Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги туруктуу өкүлү Нил Волкер Кыргызстанга бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы мындан ары катуу көзөмөлдөнөрүн эскертти.

- Программаларды убагында жүзөгө ашыруу жана жумшалган каражаттар боюнча ачык-айкын эсептешүү биздин милдетибиз болуп саналат. Эгерде биз кандайдыр бир жыйынтыктарга жетишпесек, анда Бириккен Улутар уюмунун мекемелери жана бөлүмдөрү каражаттарды пайдалануу укугунан четтетилет.

Жардамың кайда, замандаш?

Бирок жайдагы кандуу калабадан жапа чеккендер тыштан тартылган каражаттар жана гуманитардык жардамдар максаттуу пайдаланылбай жаткандыгын айтышууда. Ош шаарындагы Тешик-Таш конушунун тургуну, жабырлануучу Равшан Гапиров:

- Мисалы, бизге үч үй-бүлөгө эки бөлмө үй салып жатышат. Анысы да али бүтө элек. Азыр биздин көчөдө жашаган адамдардын көбү суук түшүп калгандыгына карабастан чатырларда жан сакташууда. Өкмөт тарабынан эмес, ал аралык уюмдар аркылуу анча-мынча азык-түлүктөр таратылып жатат, бирок ал бир күнгө да жетпей санаага салууда. Вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сыналгыдан күн алыс мактанганын көрөбүз, анткени менен эмдигиче өзүн көрө элекпиз. Ал жанагы чет өлкөлөрдөн түшкөн миллиондогон каражаттарды кантип тетири буруп, чөнтөгүнө салуунун камын жеп жүрөт го, сыягы.

Оштун дагы бир тургуну Бактыгүл Каракожоева өкмөттү кайдыгерлиги үчүн айыптады:

- Июнь айындагы тополоңдо үйүбүз толук өрттөлгөн. Анча-мынча гуманитардык жардам тийип атат. Андан башка үй туурасында өкмөттөн киши келип, там-ташыбызды бир дагы текшеришкен жок. Медициналык жардамды дегеле көрө элекпиз. Үйлөрү күйгөн кошуналарыбыздын көбүнүн башы ооруп же башка дарттарга чалдыгып төшөктө жатат.
Коогалаңда талкаланган үй.

Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси, вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дарегине айтылган сындар жүйөөсүздүгүн белгиледи. Анын айтышынча, Бириккен Улуттар уюмунун качкындар комиссарлыгынын эсебинен күйгөн же талкаланган турак жайлар дээрлик бүтүп тапшырылуу алдында турат.

- Жанагы үйү күйүп кеткендердин там-ташы гуманитардык жардамдын эсебинен курулууда. Жабыркагандар жалпы жонунан 1890 үй-бүлө деп эсептегенбиз. Алды, мисалы, 100 үй-бүлө 1-ноябрда жаңы конушка көчүп киришти. Азыр дагы кирип атышат. Ноябрдын аягында бардык үйлөрдү толук тапшырып бүтөбүз.

Өкмөттүн өкүлү сөз арасында Орусия берген 100 миллион доллар насыя максаттуу пайдаланылып жаткандыгын бышыктады. Ал ошондой эле донорлор тарабынан түшкөн каражаттардын сарпталышын такай көзөмөлдөчү байкоочулар кеңеши эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн куралгандыгын кошумчалады.

- Ошол 100 миллион доллардын эсебинен мамлекет Жалал-Абаддагы жана Оштогу көп кабаттуу үйлөрдү куруп аткан чагы. Каражаттын бардыгы өкмөттүн резерв фондусунда сакталуу турат. Биз азырынча 9,5 миллион долларды алып иштетип атабыз. Ошентип Орусиянын кредитинин эсебинен жыйырмага жакын обьект курулууда.
XS
SM
MD
LG