Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:43

Өтүп бараткан жылы газ маселеси Кыргызстандын талылуу көйгөйлөрүнүн бири болду. Өзбектер карыз көбөйдү деп “көгүлтүр отунду” бууп салып, кыргыздар жакшы эле түйшүк тартты. Эми да минтип эки тараптуу сүйлөшүүлөр толук ачыкталбай, кошуналар газды канча баада сатаары бүдөмүк бойдон калууда.

Бул маселе 28-декабрда Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумунда талкууланган.

Быйыл Өзбекстан Кыргызстанга 1 миң кубметр газды 240 доллардан саткан. Ташкенде өткөн жетинчи кеңешмеге катышкан премьер-министр Данияр Үсөнов өзбек тарапка келерки жыл үчүн газдын баасын арзандатуусун сунуштады. Бирок азырынча баа ачыктала элек.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Өзбекстан жаратылыш газынын 1 миң кубметрин канча доллардан сатуусу тууралуу так баа жаңы жылдан кийин анык боло турганын маалымдап жатат.
Газ оор маселе болгондуктан Кыргызстан пансионаттарын “көгүлтүр отун” үчүн курмандыкка чалышы ыктымал.


Кеңешмеге катышып келген Отун-кубат министри Ильяз Давыдов Кыргызстан менен Өзбекстандын газ берүү жөнүндөгү келишимге кол коюшун чоң жетишкендик катары баалайт:

- Өткөн жылга салыштырмалуу жылыш бар. Бардыгы жакшы болот деген үмүтүбүз чоң. Башкысы, келишимге кол коюлду, баа саясаты аныкталды. Демек Кыргызстанда газ болот.

Пансионат да өтөт, анын эртеси да болот

Деген менен Өзбекстан кыргыз бийлигинин алдына Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндөгү маселени кабаргасынан койду. Кошуна өлкөнүн премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов курорт жана эс салуу обьектилерине тиешелүү укуктук маселелер чечиле электигине токтолду.

Айрым маалыматтар боюнча, Өзбекстан өзүнүн менчиги деп эсептеген бир нече пансионаттарды өзүнүн юрисдикциясына өткөрүп берүүнү талап кылып жатат.

Кыргызстан толугу менен Өзбекстандын газ импортуна көз каранды. Түркмөнстандан газды тартып келүүгө техникалык шарттар бар, бирок түркмөн газын алып келүү Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн макулдугу болгондо гана мүмкүн болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн альтернативдик газ берүүчүнү тандоого мүмкүнчүлүгү жок.

Кыргызстандык саясат талдоочулар өзбек тарап ушул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланат деп боолголошууда. Алардын бири - Аалыбек Акунов:

- Кыргызстанга мурдагыдай көп болбосо да газ керек экенин Өзбекстан жакшы билет. Ал эми газы жок Кыргызстан чыга албайт. Негизи казак, түркмөндөрдөн деле алсак болмок, бирок ал жакта газ кууру жок. Мына ошонун аркасынан башка маселелерди чечип алганга аракет жасашат.

Мындай маселердин курчуп баратканын А.Акунов Борбор Азия өлкөлөрүнүн бириге албай жаткандыгы менен байланыштырууда.

- Борбор Азия өлкөлөрү бир регион катары бири-бири менен макулдашылган, бири экинчисинин кызыкчылыгын эске алган саясатты жүргүзбөй жатышат. Ар бири өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өз алдынча жашаганга аркет кылып жатышат. Тескерисинче, булар бириккенде экономикалык, социалдык, саясий да маселелер оңой-олтоң чечилип, жылыштар болмок. Мындай маселелердин баары кезеги келгенде өзүнөн өзү чечилүүгө тийиш.

Кыргызстан өзү чечет... же чечпейт

Жаш саясат талдоочу Мирсулжан Намазалиев Өзбекстан газ маселесин алдыга коюп, өзүнүн таасирдүүлүгүн көрсөтүүгө аракет жасап жатат деген пикирде. Анын айтымында, азыркы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугу жана келечеги жетекчилердин келишиминен көз каранды.

- Ташкенттин да өзүнүн талаптары бар. Кыргызстан болсо Өзбекстанга пансионаттарды бербей кое албайт. Биринчиден, өзбек тарап Казакстанга берилген пансионаттарды көтөрүп чыгышы мүмкүн. Экинчиден, газ чоң, оор маселе болгондуктан Кыргызстан пансионаттарын “көгүлтүр отун” үчүн курмандыкка чалышы ыктымал.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Өзбекстан Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын кум”, “Рахат”, “Дилорам” эс алуу жайларын ижарага алуу маселесин көтөргөн. Бул боюнча комиссия түзүлүп, алты айдан кийин ишинин жыйынтыгын билдирет.
Борбор Азия өлкөлөрү бир регион катары бири-бири менен макулдашылган, бири экинчисинин кызыкчылыгын эске алган саясатты жүргүзбөй жатышат.


Ошондой эле биргелешкен өкмөт аралык жолугушууда өзбек тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу техногендик жана экологиялык кырсыктарга алып келиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Дүйнөлүк банктын камкордугунда эл аралык экспертиза жүргүзүүнү өтүнгөн.

Адистер экспертиза Кыргызстан үчүн да керек экенин, бирок ал башка бир тараптын көзөмөлү, тапшырмасы менен эмес, Кыргызстан өзү чечиш керектигин белгилеп келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG