Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Швецияда коалиция шайлоого чейин эле түзүлөт


Швеция парламенти

Швеция парламенти

Парламентке жалаң партиялык тизме боюнча шайланып, көпчүлүк добуш алган партия өкмөттү түзүп келатканына 100 жылдай болгон Швецияда мындай саясий система эбак кабыптанган.

Кыргызстан бул өлкөдөн эмнелерди үйрөнсө болот?

Швециялык адистер Кыргызстанда партиялардын саны көп болгону, алардын ортосунда саясий платформа, экономикалык жана идеологиялык багыты жагынан абдан чоң айырмачылыктар белгисиз болгондуктан эл шайлоодо кайсы партияга добуш берерин билбей кыйналганына көңүл бурушат.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун жолугушуусу. 22-сентябрь, 2010-жыл.
Парламенттик система бара-бара калыптанат, кыргызстандык партиялар саясий-экономикалык программасын гана мыктылап жазбастан, шайлоодо жеңсе, кайсы партия менен биригип иштеп кете аларын да ачык айтышы керек, дейт стокгольмдук адис, Борбор Азия саясатын мыкты билген Фредрик М Хөберг:

- Мындан ары шайлоого чейин эле Кыргызстандагы партиялар келечекте кайсы партия менен иштей турганын түздөн түз жана ачык белгилеши керек. Мисалы, Швецияда шайлоодо эки гана саясий топко добушубузду берген болсок, Кыргызстанда 29 партиянын ичинен тандаш керек болгон. Алсак, “Ар-намыска” добушун берген Бишкектин жарандары алардын келечекте “Ата-Журт” менен коалиция түзүшүн каалаган эместир. Өкмөттү акыры ким түзөрүн эч ким алдын ала билген жок. Ошондуктан партиялар шайлоодон мурун эле ким менен кандай коалиция түзө турганын так алдын ала көрсөтүшү керек. Швецияда дал ошондой болду. “Альянс” коалициясына кирген оңчул партиялардын баары биргелешип, шайлоого чейин эле тил табыша алышты. Азыр иштеп атышат.

Шайлоо Европанын да шайын оодарды

Швецияда партиялар тандаган багыты боюнча блокторго биригип, шайлоого чейин эле коалиция түзүп алышат. Ошентсе да коалиция түзүү жалгыз Кыргызстанда эмес, парламенттик система калыптанып калган европалык өлкөлөрдө да бир топ кыйынчылыктар туудуруп келатат. Ага мисал катары Европа жана Азия боюнча канадалык көз карандысыз серепчи Николас Бишоп буларды айтат:

Швециядагы шайлоо.
- Мисалы, Бельгия же Голландияны алалы. Ал жакта шайлоо аяктагандан алты ай өтсө да, коалиция түзүүдө дагы эле тирешүү, суйлөшүүлөр болуп атат. Дегеле Европада азыр оңчул консервативдүү партиялардын күч алган учуру. Ал эми көп партиялуу өлкөлөрдө өзгөчө партиялардын идеологиялары ар түрдүү болсо, алардын өз ара тил табышып, коалиция түзүү аракети чоң кыйынчылыктарга дуушар болот.

Бельгия менен Голландияда жарым жылдан бери коалиция түзө албай шайлоодо жеңген партиялар кызыл чеке талаштан чыга албай аткан кез. 19-сентябрда Швецияда да парламенттик шайлоо өттү. Парламенттеги 20 орунду жеңген швециялык демократтардын бийлигине нааразы жарандар митингге чыгып, өлкөнүн эки негизги коалициясы тең алар менен иштебей турганын билдирген. Кырдаал кризиске жакындап барарын эч ким күткөн эмес.

Өз жолун издеген Кыргызстан

Ошентсе да швециялык премьер азыр кабинет түзүп, саясий кырдаал тынчып калды. Коалиция түзүүнүн жол-жобосу жагынан Швецияга окшош башка демократиялык өлкөлөрдөн Кыргызстан кандай сабак алса болот? Бул суроого стокгольмдук журналист Андреас Хедфорш жооп берет:
Партиялар шайлоодон мурун эле ким менен кандай коалиция түзө турганын так алдын ала көрсөтүшү керек.


- Негизгиси, менин оюмча, бир канча партиялардын ортосундагы тирешүүдөн, коалиция түзүү кыйынчылыктарынан коркпош керек. Коалиция алкагындагы стабилдүүлүк бардык эле учурда позитивдүү нерсе эмес. Мисалы өлкөдө жалгыз күчтүү партия бийликте болсо – бул, албетте, өзүнчө стабилдүүлүк, бирок бул туура болобу? Туурасы – бир канча партиялардын болушу. Алар бири-бири менен баарлашып, проблемаларды талкуулап, бири-биринин көз карашын эске алууга мажбур болушат. Мына Швецияда расисттик партия парламентке кирди, биз болсо эми аны тоотпой кое албайбыз. Эгер эл аларга добушун берген болсо, канчалык улутчул болсо да алардын позициясы менен эсептешишибиз керек. Демократия деген ушул да. Мен ойлойм, эгерде Ташиев, Атамбаев, Бабанов мырзалар жана башка аткаминерлер бир үстөлгө отуруп, келечектеги кызматташтык тууралуу конструктивдүү сүйлөшүүлөрүн баштаса, бул Кыргызстандын туура жолго түшкөндүгүн көрсөтмөк.

"Азаттык": Албетте конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү баштоо туура, бирок сырткы күчтөр да кийлигишип атпайбы.

- Ооба, эми эгер бул кишилер патриот болсо, өлкөнүн келечегин ойлошу керек. Кыргызстан мурунку авторитардык башкаруу системасына кайрадан түшөрүнө ишенбейм. Ошондой болсо да ал толугу менен демократия боло элек. Өзүнүн жолун өзү табышы керек деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG