Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Өкмөт сууга үмүт артып олтурат


Электр энергиясын өчүрүүлөр сугат иштери башталганча улантылышы мүмкүн. Өкмөт Өзбекстанга канча электр энергиясын сатарын азырынча аныктай элек. А бирок Казакстандан өткөн жылы карызга алган 25 миллион доллардын ордуна 550 миллион киловат саат электр энергиясын жайында бермекчи.

Өкмөттүн өткөн жылы отун-сууну кенен камдоо чакырыгы кыйла жылуу келген кышка тушташып, кыргызстандыктар жазга жетишти. Өнөржай, энергетика, отун ресурстары министри Илияс Давыдовдун айтуусунда, ушу тапта Токтогул суу сактагычында 6 миллиард ашуун кубометр суу турат. Апрелдин орто ченинен тарта анын көлөмү дагы көбөйүп, быйылкы жаанчыл аба-ырайын эсепке алганда 12 миллиард ашуун кубометр суу кышка чейин топтолуп калыш ыктымалдыгы болжолдонууда. Министр өкмөттүк жыйында маалым кылган дагы бир кабар, ушу таптагы 6 – 9 сааттык өчүрүүлөр 5-апрелге чейин созулуш ыктымал.

Энергетика тармагындагы жоготуулар өткөн жылы 32% түздү. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 4,6% азайганын билдирчү көрүнүш.

- Өнөр жай министрлиги бекиткен план, коллегия чечими боюнча биз быйыл электр энергиясын жоготууларды 25% түшүрүү аракетин көрөбүз. Акча чогултууну ишке ашырып, дебитордук карыздарды азайтабыз. Мында жакшы иштеген ишканаларды сыйлоо жагын да ойлонуп жатабыз,- деп айтты Илияс Давыдов.

Кыш демекчи, өкмөт суук түшөрдөн мурда эле 48 миң абонентти электр энергиясынан ажыратып, анын эсебинен 660 мегават электр энергиясын үнөмдөөөгө жетишти. Кычыраган кыш кезинде 1 миң 200 мектеп жабылып, окуучулар үй-үйлөрүнө таратылды.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров энергетикадагы жоготуулардын азыркыдай көп болушуна бөлүштүрүү компаниялары кызыкдар экенин белгилеп, чектөөлөрдүн салакасынан экономикалык өнүгүү болбой жатканына токтолду.

- 2008-жылга караганда 1 миллиард аз болуп жатат. Биз экономиканы болушунча кысып жатабыз. Өткөн жылдан дагы 1 миллиардга аз болуп жатат. Менимче, бул өтө олуттуу маселе,- дейт Акылбек Жапаров.

Өткөн жылдын 18-октябрында Алматыда беш өлкөнүн энергетиктери Борбор Азиядагы суу-энергетикалык проблемаларды биргелешип чечүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов келерки кышка камылганы эмитен көрө баштоо керек, деп эсептейт.

- Экспорт боюнча, биз анын канчалык маанилүү экенин түшүнүшүбүз керек. Сууну канча агызабыз, сатылган электр энергиясы үчүн канча акча алабыз? Анан 1-октябрда кандай абалда болобуз? Электр энергиясынын экспортуна Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли толук көз каранды.

Өзбекстандан келчү кымбатбаа газдын ордуна ушу тапта Бишкек менен Оштогу жылуулук борборлорунда мазут арбын жагылууда. Эмдиги кышка карата отун-суу камдоо маселеси өкмөттүн кийинки отурумунда талкууланганы турат.

Өткөн жылга салыштырмалуу арбын келиши күтүлүп жаткан сууну өкмөт кышка чейин жетиштүү топтой алабы, суроосу азырынча ачык бойдон калууда. Нарын дарыясында курулчу ири курулуштарды коңшулар менен макулдашып ишке ашырууну талап кылып келаткан Өзбекстанга быйыл канча электр энергиясы сатылары да аныктала элек.

Кургакчылык шартында суу башында жайгашкан Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык кризиске капталып, андан чыгуунун аргасы катары ири гидрокурулуштарга сырттан инвестиция тартуу аракети расмий Өзбекстандын каршылыгына учурап, коңшулар маанилүү экономикалык маселе боюнча ымалага келе албай жатышат. И.Чудиновдун Токтогул суу сактагычынан жайкы сугатка агызылчу сууга жараша электр энергиясын экспорттоо зарылдыгына басым коюп жатышынын себеби ушундай.

XS
SM
MD
LG